“Борбор Азияда интернеттеги жаңылыктар кандай керектелет?”

Бул изилдѳѳ – Борбордук Азияда интернеттен жаӊылык материалдарын керектѳѳ деӊгээлин
ѳлчѳѳнүн алгачкы аракети болуп саналат жана жаӊылыктарды онлайн керектѳѳ тренддери
менен аймактагы жаӊылык контенттеринин булактарын аныктоого багытталган.
Изилдѳѳ кишилер интернеттен жаӊылыктарды кантип окуганын, кантип кѳргѳнүн жана
укканын аныктап чыгууну максат кылат. Эмгекте интернеттен жаӊылык материалдарынын
4130 керектѳѳчүсүнүн катышуусу менен онлайн-сурамжылоонун жыйынтыктары, жаӊылык
басылмаларынын аймактык жана жергиликтүү ѳзгѳчѳлүктѳрүн жакшы билген жаӊы
медиалар чѳйрѳсүндѳгү 20 эксперт менен ѳткѳрүлгѳн кеӊири интервьюлар, ошондой эле
социалдык тармактардагы жаӊылык басылмаларынын аккаунттарынын анализи камтылган.
Изилдѳѳ Улуу Британиянын Ѳкмѳтүнүн каржылоосу менен IWPR Central Asia тарабынан
«Борбордук Азияда жаӊы медиалардын жана санарип журналистиканын ѳнүгүүсү» аттуу
долбоордун алкагында ѳткѳрүлгѳн.