Натыйжалуу коммуникация. Укук коргоочу бейөкмөт уюмдар үчүн практикалык колдонмо

Борбордук Азиядагы IWPR адам укуктарына байланышкан кѳйгѳйлѳрдү биргелешип жана натыйжалуу чечүү үчүн укук коргоочулар менен журналисттердин күч-аракеттерин бириктирүү багытында иш алып барууда. «Натыйжалуу коммуникациялар. Укук коргоочу бейѳкмѳт уюмдар үчүн практикалык колдонмо»  - бул Борбордук Азия аймагынын укук коргоочулары үчүн уникалдуу ресурс. Борбордук Азиянын  алдыӊкы адистери укук коргоочуларга ѳз ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын маанилүү ѳлчѳмдѳ жогорулатуу үчүн коомчулук менен иштерди туура уюштуруунун жолдору боюнча кеӊеш беришет. Китептин тиркемелеринде практикада колдонуу үчүн адаптациялоого мүмкүн болгон ММКлар менен стратегиялардын конкреттүү мисалдары бар. Колдонмо IWPR тарабынан ишке ашырылып, Европа Комиссиясы каржылаган  «Борбордук Азияда ММК жардамы менен адам укуктарын коргоо жана укук коргоо боюнча билим берүү» аттуу долбоордун алкагында даярдалып чыкты. Колдонмонун ар кайсы тилдеги варианттарын кийинки шилтемелерден кѳчүрүп алууга болот: