Кыргызстанда ММК жана укук коргоо уюмдарынын ортосундагы кызматташтык деӊгээли

Базалык изилдѳѳ. «Демократиялык реформаларды илгерилетүү үчүн журналисттик иликтѳѳ практикасын калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын, мамлекеттик институттардын жана ММК ѳкүлдѳрүнүн ортосунда ѳз ара кызматташууну жѳнгѳ салуу» аттуу IWPR долбоорун ишке ашыруудагы баштапкы абалды аныктоо үчүн 2015-жылдын февраль айынан апрель айына чейин  Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы ѳкүлчүлүгү массалык маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү менен укук коргоочулар арасында изилдѳѳ жүргүздү.  Изилдѳѳнүн максаты болуп, адам укуктарына байланыштуу проблемаларды чечүүдѳ ММК менен укук коргоо уюмдарынын ортосундагы кызматташтык деӊгээлин, ошондой эле укук коргоо уюмдары ММКларды канчалык деӊгээлде жеке аудиториясын кеӊейтүү жана милдетинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аспап катары колдоно турганын аныктоо иш-аракети белгиленген. Мындан тышкары, изилдѳѳнүн жүрүшүндѳ журналисттик иликтѳѳлѳрдү ишке ашырууда ММКлар менен укук коргоо уюмдарынын ѳз ара кызматташуу мүмкүнчүлүгүн аныктап чыгууга аракет жумшалды. Макаланы  тѳмѳнкү шилтемеден кѳчүрүп алууга болот: