Фриланс журналистика жолунда

«Эркин журналистиканын жолунда» курсу тууралуу

Биздин жаӊы курс баянды нѳлдѳн баштап түзүүдѳн: алар үчүн идеяларды кантип табуу керек, питчинг, интервью, материалдын структурасын түзүү жана аны жазуудан баштап, эл аралык платформаларда баяндарды жарыялоого чейин үйрѳтѳт. Ошондой эле, баяндарды чыгара турган басылмаларды издѳѳ, журналисттер үчүн мүмкүнчүлүктѳрдү табуу жана журналистиканын бизнестик жааты боюнча модулдарды камтыйт.

Курстун негизги максаты – Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн ишке жаӊыдан киришип жаткан жана тажрыйбалуу журналисттерине сапаттуу баяндарды жазуунун, эл аралык деӊгээлдеги кѳз карандысыз журналист болуунун жолдорун түшүндүрүп берүү.

Курстун форматы:

Курс 5 негизги модулдан турат:

1-модуль – Киришүү, идеялар менен басылмаларды издѳѳ.
2-модуль – Баянды кантип питчтѳѳ керек.
3- модуль – Журналисттик мүмкүнчүлүктѳр, бизнес жана финансы.
4-модуль - Интервью: даярдоо, ѳткѳрүү жана кылдат темалар.
5-модуль – Баяндардын түзүлүшү жана корутундусу.

Ар бир модуль ѳз ичине тѳмѳнкүлѳрдү камтыйт:

  • Видео лекциялар;
  • Текст түрүндѳгү маалымат;
  • Теориялык материалды ѳздѳштүрүүнү текшерүү үчүн тесттик тапшырмалар (курстун ар бир бѳлүмү боюнча 7-10 суроо). Курстун бардык катышуучулары ар бир модуль боюнча тестти 80%га тапшырган учурда гана кийинки модулду ѳздѳштүрүүгѳ ѳтѳ алат. Тестти эӊ кѳп 10 жолу тапшырууга болот. 10 аракеттин баары колдонулган соӊ, курска кайрадан катталуу талап кылынат. Ошондуктан, тестти тапшыруудагы алгачкы аракеттерде жакшы натыйжага жете албаган учурда, видеосабактар менен теориялык жана практикалык тапшырмаларды дагы бир жолу карап чыгууну сунуштайбыз;
  • Жалпы курстун мазмуну боюнча жыйынтык тестирлѳѳ болот. Аны 80%га туура тапшырган учурда гана электрондук же кагаз түрүндѳгү сертификат берилет.

Талаптар

Курс Борбор Азия мамлекеттеринин ишке жаӊыдан киришип жаткан журналисттерине, ошондой эле эркин журналистикага кызыккан журналисттерге арналган.

Сурап-билүү үчүн маалымат:

“Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү” IWPR CA долбоору Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Ѳзбекстандын массалык маалымат каражаттарынын, журналистика факультетинин мугалимдери менен студенттеринин, учурда эмгек жолундагы журналисттеринин жогорку сапаттагы санарип заманбап, калыс жана объективдүү контентти жаратуудагы потенциалын чыӊдоого багытталган. IWPR долбоордун алкагында CABAR.asia медиа мектебинин жаӊыланган сайтын ишке киргизип, «Эркин журналистиканын жолунда» аттуу модулдук онлайн-курсту баштатты. Курстун материалдары медиа мектептин платформасына жайгаштырылып, курска катталган катышуучулар үчүн гана жеткиликтүү болот. Долбоордун алкагында түзүлгѳн бардык курстар IWPR СA менчиги деп эсептелет жана башка долбоорлор үчүн IWPR СA чечими менен гана колдонула алат.

  (1)
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Программа

  • Киришүү

    Биринчи модулда автор кепти кабылдоо жѳнүндѳ айтып берет: Журналисттик баян деген эмне? Тема баяндан эмнеси менен айырмаланат? Идеяларды кантип жана кайсы жерден табууга болот? Ѳз баяндарыӊар үчүн аудитория менен платформаны кантип белгилей аласыӊар? деген суроолорго жооп берет.
    Автор: Дидем Тали, эркин журналист. New York Times, National Geographic, The Guardian, BBC, CNN, MPR NEWS, Financial Times, The Economist жана башка басылмалар үчүн материалдарды жазган. Азыркы учурда Contently басылмасынын редактору, мультимедиялык фриланс-журналистика менен алектенет, документалдуу фильмдерди даярдайт.

  • Баянды кантип питчтѳѳ керек

    Мурунку модулдарда мыкты журналисттик баян эмне экендиги жана мындай баянды ким жарыялай тургандыгы жѳнүндѳ маалымат алгансыӊар.Кийинки этап – жеке идеяны питчтѳѳнү үйрѳнүү жана анын кеӊири жайыла турганына кѳзү жетүү. Редакторду электрондук кат менен жѳнѳтүлгѳн идеяӊарды тандап алууга кантип кѳндүрүүгѳ болот? Эртеӊ мененки кофесин ичип, башка каттарга кѳз жүгүртүп жаткан мезгилде силердин питчиӊерге кѳӊүл буруусун кантип камсыздай аласыӊар?

    Автор: Дидем Тали, эркин журналист. New York Times, National Geographic, The Guardian, BBC, CNN, MPR NEWS, Financial Times, The Economist жана башка басылмалар үчүн материалдарды жазган. Азыркы учурда Contently басылмасынын редактору, мультимедиялык фриланс-журналистика менен алектенет, документалдуу фильмдерди даярдайт.

  • Журналисттик мүмкүнчүлүктѳр, бизнес жана финансы

    Мурунку модулдардан баяндарды жаратуунун негизги аспектилери жѳнүндѳ маалыматка ээ болгонсуӊар. Силерде бир нече идея пайда болуп, редакторлордун контакттарынын тизмесин түздүӊѳр жана питч жазууну ѳздѳштүрдүӊѳр дейли. Балким бир нече баян жарыялаган болушуӊар мүмкүн. Бул модулда автор жооп берген кийинки суроо – журналисттик карьераны жаӊы деӊгээлге кантип чыгарууга болот? Баштапкы ыкмалардын бири – бул эл аралык грантка тапшыруу. Дидем Тали журналисттер үчүн мындай мүмкүнчүлүктѳрдү берген платформалар менен, ошондой эле программаларга ѳтүнмѳ даярдоонун ыкмалары жана гранттык комиссиянын кѳӊүлүн бура турган нерселер тууралуу сунуштар менен бѳлүшѳт. Модулдун экинчи бѳлүгүндѳ журналисттик бизнес жана финансылык жетиштүүлүк жѳнүндѳ айтып берет. Журналистика – бул ѳзүӊѳр бир эле учурда бухгалтер да, менеджер да болгон чакан бизнес. Андан аркы финансылык негиз ѳзүӊѳр үчүн жаӊы мейкиндиктерди ачууга, кѳндүмдѳрдү жогорулатууга мүмкүндүк берип, андан да кызыктуу жана жогорку суроо-талапка ээ журналист болушуӊарды камсыздайт.

    Автор: Дидем Тали, эркин журналист. New York Times, National Geographic, The Guardian, BBC, CNN, MPR NEWS, Financial Times, The Economist жана башка басылмалар үчүн материалдарды жазган. Азыркы учурда Contently басылмасынын редактору, мультимедиялык фриланс-журналистика менен алектенет, документалдуу фильмдерди даярдайт.

  • Интервью

    Интервью – журналисттик баяныӊардын эӊ маанилүү аспектилеринин бири. Бул модулда дал ушул тууралуу кеп болот. Интервью үчүн баянга баалуулук кошо турган кишилерди кантип таап, аларга кантип туура кайрылуу зарыл? Ошондой эле, автор интервьюнун эки түрүн белгилейт: эксперт менен жүргүзүлгѳн интервью жана баяндын каарманы менен интервью. Бул эки түрдүн айырмасы эмнеде? Интервью алуунун кандай ыкмалары бар? Кылдат темаларда интервью алуу үчүн кишилерди кантип табууга болот? Мында жалпы тааныштардын, фейсбук топторунун же бейѳкмѳт уюмдардын жардамы кандай? Ошондой эле Дидем Тали туура суроолорду узатуунун мааниси, «тоголок кар» ыкмасы, интервьюдагы этика жѳнүндѳ дагы айтып берет.

    Автор: Дидем Тали, эркин журналист. New York Times, National Geographic, The Guardian, BBC, CNN, MPR NEWS, Financial Times, The Economist жана башка басылмалар үчүн материалдарды жазган. Азыркы учурда Contently басылмасынын редактору, мультимедиялык фриланс-журналистика менен алектенет, документалдуу фильмдерди даярдайт.

  • Корутунду

    Баянды кантип структуралоо керек? Маанилүү интервью кандай жазылат? Сапаттуу изилдѳѳ жүргүзүүнүн жолдору? Ѳзүӊѳргѳ жеткиликтүү болгон маалыматты кантип колдонуу керек? Бул модулда автор баяндарды, ал тургай окурмандардын кѳпчүлүгүндѳ кызыгуу жаратпаган жаӊылык материалдарын кантип кызыктуу кылып берүүгѳ боло тургандыгы жѳнүндѳ айтып берет. Буга жетүүнүн кандай жолдору бар? Дидем Талихтин айтуусу боюнча, кандай гана тематикада болбосун, ар бир баян адамдарда кызыгуу жана эмоция жаратууга, белгилүү бир баалуулукка ээ болууга тийиш. Бул процесс кыйла татаал, ошентсе да аны оптималдаштырууга жардам бере турган жалпы эрежелер бар. Модулдун биринчи сабагында бул эрежелер тууралуу кененирээк маалымат берилет.
    Жыйынтыктап жатып, Дидем Тали эркин журналистика жолундагы сѳзсүз кездеше турган кыйынчылыктар тууралуу, бул жолдун анын жашоого болгон кѳз карашын кандайча ѳзгѳрткѳндүгү жѳнүндѳ айтып берет. Автор карьерадагы тоскоолдуктарга карабастан, бүгүн жасап жаткан ишиӊер келечекте пайда алып келе турган ѳзүӊѳргѳ жумшалган инвестиция экендигин эстен чыгарбоого чакырат.

    Автор: Дидем Тали, эркин журналист. New York Times, National Geographic, The Guardian, BBC, CNN, MPR NEWS, Financial Times, The Economist жана башка басылмалар үчүн материалдарды жазган. Азыркы учурда Contently басылмасынын редактору, мультимедиялык фриланс-журналистика менен алектенет, документалдуу фильмдерди даярдайт.

Мугалимдер

Карап чыгуу “Фриланс журналистика жолунда”

Мадина 07.03.2021
 
Эн сонун
Мага аябай жакты
Kanykei 19.02.2021
 
thanks. ıt was very useful

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.