Жүктөө
Басып чыгаруу

Наталья Ли: репортаж деген эмне?

Бул сѳз орус тилине француз тилиндеги «reportage» жана англис тилиндеги «report» деген сѳздѳрдѳн келген, «билдирүү же кабарлоо» дегенди билдирет. Бирок, репортажда жаӊылыкты жѳн гана билдирүү жетишсиз болуп, окурманда катышуу таасирин пайда кылуу, аны окуяга кызыктыруу, абалды сезүүгѳ, ортоктош болууга жана иш-аракетке тартуу маанилүү.

Мында баяндын форматы арткы планга жылып, кѳбүрѳѳк жардамчы функция аткарып калат. Дайыма сюжет үстѳм келет. Биз технологиялык фишкалар кѳп колдонулган материалдарды эмес, кызыктуу баяндарды аягына чейин окуп чыгабыз.

Репортаж журналистиканын ѳзүнчѳ бир жанры, ошондой эле башка жанрлар менен конвергенцияланган формасы боло алат. Анын элементтери жаӊылык билдирүүсүндѳ да, интервьюда да, аналитикада да орун алышы мүмкүн. Бул текстти жандандырууга, чѳйрѳнү чагылдырууга жардам берет.

Кѳп учурда кѳлѳмдүү макалалар проблеманы мүнѳздѳгѳн чакан кѳрүнүштү сүрѳттѳѳ менен башталат. Муну менен бир окуянын мисалы аркылуу бүтүндѳй кѳйгѳйдүн социалдык маанисин кѳрсѳтүүгѳ болот. Бул ыкма «кийинкиге калтырылган сокку» («отложенный удар») деп аталат.

Мисалы, гуманитардык жардамдын ѳз убагында жеткирилбѳѳсүнѳ байланыштуу макаланы качкындардын лагериндеги күндѳлүк жашоо үчүн күрѳштү кыскача сүрѳттѳѳ менен баштоого болот. Баяндоону окурманга жакындатуу менен силер супсак жана бюрократтык материалды окурмандын жеке, кишилик кызыгуусун жараткан жакшы репортажга айланта аласыӊар.

Материалды даярдоодо эӊ биринчи кадам болуп, маалымат булактарын иштеп чыгуу жана ага ылайык план түзүү эсептелет.

Репортаждын жалпы идеясын жѳнѳкѳй компоненттерге ажыратып, маанилүү жана оптималдуу булактардын, ошондой эле материалды жазыш үчүн керек болуп калышы мүмкүн болгон документтердин, окуяны ѳз кѳзү менен кѳргѳндѳрдүн же башка ой-пикирлердин таблицасын түзүп чыккыла.

Булактар менен жѳндүү пикир жана журналистиканын негизги принциптерине ылайык иштѳѳ талап кылынат. Бирок, кѳп учурда убакыттын тардыгына, мүмкүнчүлүктѳрдүн жоктугуна же сырттан кысым кѳрсѳтүүгѳ байланыштуу бул эрежелерге кѳз жумулуп калат.

Мейкиндик жана мезгил ичиндеги баян

Жакшы репортаж үч таасирди: катышууну, ишенимдүүлүктү жана ортоктоштукту бере алат.

Бул үчүн тѳмѳнкү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:

  1. Окуя болгон жерге барып, бардыгын ѳз кѳзү менен кѳрүү. Репортажды башка жерде отуруп же башкалардын айтуусунун негизинде жазууга болбойт;
  2. Картинаны жалпы жонунан карап чыгуу, майда-чүйдѳ нерселер менен ньюанстарды кошуп, мүмкүн болушунча кѳбүрѳѳк нерсени байкоо талап кылынат. Мындай нерселер айрым учурларда баяндоо баракчаларына караганда кѳптү айтып бериши ыктымал. Бирок, ошол эле учурда сюжеттен алыстатып да коюшу мүмкүн. Ошондуктан, аша чаап кетпегенге аракет кылгыла;
  3. Болушунча кѳбүрѳѳк ой-пикирлерди угуп, окуянын катышуучулары менен сүйлѳшүп чыккыла. Окуялардын баяндоочулары кишилер болот жана окурман менен эмоционалдык байланышты жаратышат;
  4. Окуяны баяндап берүүгѳ жардам бере турган окуянын келип чыгышынын себебин калыбына келтирүүнү кошуп, фактыларды чогултуу;
  5. Баарын жазып, сүрѳткѳ же видеого тартуу. Эсиӊерде болсо, формат жардамчы роль аткарат, ошондуктан, окуя болгон жерден тартылган сүрѳттѳр же видеолор чѳйрѳнү, абалды сездирип, окурмандын контекстке чѳмүлүүсүн камсыздайт. Ал эми алар эмоцияларды чагылдырып турса, окурманда дагы ошондой эмоциялар жаралат.

Бул жерде репортажга карата кызыгуу автор барган жердин жеткиликтүү болбоосуна жараша болот. Ал түндүк уюл же тоодогу алыскы айыл, башкача айтканда окурмандан ѳтѳ эле алыс жайгашкан жер болушу мүмкүн. Журналисттин милдети – жеке катышуусу аркылуу ал жерди  окурманга жакындатуу. 

Же болбосо, монастырь же психиатриялык оорукана, тагыраагы кирүүгѳ мүмкүндүк чектелген жай болушу ыктымал. Мындай абалда журналист эл кѳрѳ албаган окуялар менен окурмандын ортосунда кѳпүрѳнүн кызматын аткарат.  

Репортаждагы баяндоо эки тегиздикте: мезгил жана мейкиндикте ишке ашышы мүмкүн. 

Биринчи вариант иш-чараларды айтып берүү үчүн колдонулат. Маселен, митингден репортажды катышуучулардын чогулушунан баштап, алардын тарап жатканы менен аяктоого болот. 

Мейкиндикте ишке ашкан баян журналисттин маалымат топтоо үчүн барган жерлерин сүрѳттѳйт. Мисалы, алыскы бир айылдан алынган репортаж ага карай жолдон башталат, андан кийин тургундардын биринин үйүнѳ, анан жергиликтүү администрацияга, эӊ акырында айылдык китепканага баруу менен аяктайт.   

Репортаждын башы менен аягы сѳзсүз эле иш-чаранын башталышы жана бүтүшүнѳ, же болбосо журналисттин барган жерлерине туура келүүсү талап кылынбайт. Митингден репортажды иш-чаранын ортосунда чыгып сүйлѳгѳн кишинин сѳзү менен баштап, дагы бир катышуучунун сѳзү менен аяктап койсо болот. 

Ал эми алыскы бир айылдагы окуя жашоочулардын биринин баяны менен башталып, калк жашаган жерге карай жол менен бүтүшү ыктымал. 

Эгер силер белгилүү бир жерден материал жазып жатсаӊар, окуяны ѳз кѳзү менен кѳргѳн адам катары, жеке ѳзүӊѳрдѳн айрым маалыматтарды берүү менен, окурманды ошол жакка «алып барууга» аракет кылгыла. Окурманды силер чындап эле окуя болгон жерде жүргѳнүӊѳргѳ ынандыргыла.

Эгерде чыр-чатак тууралуу жазып жатсаӊар, эки тарап менен теӊ сүйлѳшүүгѳ жана кѳз карандысыз баа берүү үчүн сырттан башка бир булак табууга аракет жумшагыла.

Кѳргѳндѳрдѳн тышкары, үндѳрдү, жыттарды жана туюмдарды да кошуу зарыл – бул баянга кѳлѳм берип, аны «жандуу» кылат.

Бирок, репортаж — бул силер кѳргѳн, уккан жана сезген нерселердин баарын ийне-жибине чейин айтып берүү эмес. Эмоционалдык жактан кызыктуу эпизоддор менен конфликтти ачып берген эпизоддор маанилүү. Калгандарынын кереги деле жок.

Автордун үнү

Рой Питер Кларк. Фото взято с личной страницы в Facebook

Рой Питер Кларк. Сүрѳт Facebook жеке баракчасынан алынды

Журналистиканын бул жанрында сѳзсүз түрдѳ «автордун үнү» болот. Жакшы репортаж дайыма индивидуалдуу болуп, аны окуп жатканда, белгилүү бир кѳрүү ирети элестейт. Америкалык жазуучу, редактор жана «Жазуунун 50 ыкмасы» аттуу китептин автору Рой Питер Кларк «кинематографиялуу жазуу» деген терминди киргизген. Башкача айтканда, текст окуп жаткан кишинин кѳз алдында арты-артынан кадрларды жаратууга тийиш.

Репортажда орун алган автордук субъективдүүлүктүн үлүшү аны жаӊылыктарга караганда адабиятка же беллетристикага жакыныраак кылат. Бардык эле адабий чыгармалар сыяктуу эле, репортаж да драматургиянын мыйзамдары боюнча жазылууга тийиш:

  • Башталышы – чыр-чатактын же кѳйгѳйдүн башталышы
  • Окуянын ѳнүгүүсү – каармандар аны чечүүгѳ аракет жумшап жатышат. Тактап айтканда, биз окуяны кѳзѳмѳлдѳп, каарман менен бирге башыбыздан ѳткѳрѳбүз.
  • Кульминация – каармандар маселени чечүүгѳ жакындаган учур.
  • Аякталышы – каармандар же ийгиликке жетет, же жетпей калат. Аякталыш башталыш менен логикалык жактан байланыштуу болууга тийиш. Себеби, баян дал ошол экѳѳнүн ортосунда орун алат.

Иллюстрация: prosims.ru

Бардык эле баяндар сыяктуу, репортажда дагы айтып берүүнүн борборунда ар дайым ѳзүнүн кѳйгѳйлѳрү бар жана аларды чечүүгѳ умтулган жѳнѳкѳй адам турат. Окурман ѳзүн каарман менен ассоциациялап, натыйжада эмоционалдык байланыш түзүлѳт, жана анын башынан ѳткѳрүп жаткандарын сезе алат.  Бул болсо, материалыӊар аягына чейин окулуп чыгат дегенди билдирет.

Пикирлердин теӊдеми

Эл аралык журналистиканын негизги принциптери катары, калыстык, чынчылдык жана объективдүүлүк эсептелерин эч качан эсиӊерден чыгарбагыла. Бул принциптерди сакташ үчүн маалымат булактарын тандоого ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруу талап кылынат.

Эгер макала эки же үч тараптын ортосундагы талаш-тартыш тууралуу болуп, материалда бир эле жактын маалыматтары берилсе, анда пикирлерди эмес,  фактыларды берүү үчүн булактарды кѳрсѳткүлѳ. Муну менен бирге, материал бир эле тараптан алынганы ачык  кѳрүлѳ тургандай болсун.  

Кѳз караштар кайдан келип чыкканы ар дайым белгилүү болушу керек. Жашырын булактарды колдонбоого болгон аракетиӊерди жумшагыла. Эгерде кимдир-бирѳѳ башкалар үчүн жагымсыз нерсени айтууну кааласа, айткан сѳздѳрүнѳ жооп берүүгѳ даяр болуп, билдирүүнүн алдына атын жазып коюусу талап кылынат. 

Репортаж талаштын эч кайсы тарабын колдобоого тийиш. Пикирлердин да факт катары эмес, кѳз караш сыпатында берилишин камсыздагыла. Эгерде силер сын макала жазып жатсаӊар, экинчи тарапка жооп үчүн мыйзамдуу мүмкүнчүлүк берүүгѳ милдеттүүсүӊѳр.

Репортаж башкаларга зыян келтире таргандай түрдѳ белгилүү бир саясий партияны, динди, элди же этностук топту колдоону камсыздабашы керек. Анда саясат менен тараптардын билдирүүлѳрү жѳнүндѳ адилеттүү маалымат берилип, кайсы бир партиянын же топтун экинчисине каршы пикирлери менен комментарийлерин камтыйт.

Бирок, негизги принципти унутпаш керек – журналист ѳз оюн түз чагылдырбоого, комментарий бербѳѳгѳ жана жеке саясий каалоолорун  билдирбѳѳгѳ тийиш. Теӊдемделген журналистика фактылар менен ой-пикирлердин ортосундагы айырмачылыкты так билүүнү камсыздайт.   

Материалдарды чогултуп, репортаж жазгандан кийин, анын таризделүүсүнѳ да кѳӊүл бургула. Окуунун эки тиби бар экенин эске алгыла: биринчиси – сызыктуу окуу, башкача айтканда текст башынан аягына чейин тартиби менен окулат. 

Экинчиси— кросс-окуу. Мында окурман баштемаларды, кыстырмаларды жана кѳӊүлүн бурган маанилүү жерлерди гана окуп кетет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндѳ маалыматтын ири агымынын ичинде кѳпчүлүк окурмандар узун тексттерди ушундай окушат. Ошондуктан, материалды тариздѳѳдѳ экинчи типтеги окууну эске алып, анын структурасын жѳн гана кѳз жүгүрткѳн абалда дагы жеӊил окулуп, түшүнүктүү болгондой кылып түзүү зарыл.

Кѳнүгүүлѳр:

  1. Газеталардагы же онлайн-басылмалардагы жарыялоолорду карап чыккыла. Ар кандай макаланы окуп чыгууга эмне түрткү болгонун түшүнүүгѳ аракет кылгыла.

Эмне үчүн бир макаланы абдан кызыгып, аягына чейин окуп чыгасыӊар, ал эми экинчисин ѳткѳрүп жиберип, башка материалдарды издей баштайсыӊар?  

Ийне-жибине чейин берилген кѳп сандагы маалымат макаланы кайсы учурда кызыктуу, ал эми кайсы учурда тажатма кылып коет?

  1. Кесиптештериӊер менен тѳмѳнкү мисалды карап чыгып,  макаланы кандай ыкмаларды колдонуп түзүүгѳ боло турганын талкуулагыла:

Силер, ачарчылыкта жашаган элге гуманитардык жардамдар жетпей жаткандыгына байланыштуу нааразычылыктар чыгып жаткан Суданда иштеген кабарчысыӊар. Жардам кѳрсѳтүү лагерлериндеги абал ѳтѳ эле начар. Жаӊы эле ошондой лагерлердин биринен кризистик абалга жеке баа берүү менен кайтып келдиӊер.

Борбор калаага келип, макаланы кантип жазышты ойлонуп жаткан учурда Кызыл Кресттен бир жетекчи чалып, бул жагдай боюнча мурда жарыяланбаган отчёттун сигналдык нускасын берүүнү сунуш кылды. Отчётто гуманитардык жардамды бѳлүштүрүү процесси катуу сынга алынып, кырдаалды оӊдоо боюнча кеӊештер камтылган. Эми колуӊарда лагерлердеги жашоо шарттары жѳнүндѳ жеке маалыматыӊар да, мыкты отчёт да бар.

Макаланы кантип түзѳсүӊѳр?

Чыныгы шарттар менен отчёттогу «жаӊылык фактыларынын» ортосундагы катнаш кандай болууга тийиш? 

Макалаӊардын бир варианты Африканын калкына, экинчиси – Борбор Азиянын аудиториясына арналат. Эки вариант үчүн  ийне-жибине чейин берилген маалыматтын кѳлѳмү кандай болушу керек?

Кошумча адабият:

Ѳзгѳрүүлѳр үчүн репортаждар: Кризистик аймактардагы жергиликтүү журналисттер  үчүн IWPR колдонмосу (Репортажи во имя перемен: Руководство IWPR для местных журналистов в кризисных регионах (на русском)

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу