Радио репортаждар. Борбордук Азиянын журналисттери үчүн колдонмо

Маалымат-аналитикалык радио репортаждар – Борбордук Азиянын журналисттери үчүн колдонмо аттуу окуу куралынын максаты – жаӊы ишке киришкен жана иштеп жүргѳн журналисттерди радиосюжеттерди чыгаруунун негиздери менен тааныштыруу. Окуу куралы IWPR Кыргызстандагы жана Тажикстандагы радио-долбоордун редакторлору тарабынан журналисттердин муктаждыктарын эске алуу менен жазылып чыккан. Колдонмо сюжеттерди жаратууну жана темаларды кызыктуу берүүнү үйрѳтѳ турган кѳптѳгѳн теориялык жана практикалык пайдалуу кеӊештерди камтыйт. Басылмада радиосюжетти жаратуунун бардык багыттары кеӊири түшүндүрүлгѳн. Бул болсо, каалоочулар үчүн радиожурналистика ѳнѳрүн «нѳлдѳн» баштап ѳздѳштүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Колдонмо радиожурналистика жана жалпы эле журналистикага кызыккандардын баарына кызыктуу маалымат булагы катары кызмат кыла алат. Колдонмонун орус тилиндеги вариантын кийинки шилтемеден кѳчүрүп алууга болот: