Долбоор жөнүндө

CABAR.asia медиа мектеби деген эмне?

CABAR.asia медиа мектеби — бул IWPR Central Asia медиа уюмунун билим берүүчү платформасы. Ал медиа чөйрөдө, коммуникация жана эксперттик аналитика багытында өнүгүүнү каалагандарга арналат.

IWPR уюмунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү 20 жылдан бери бул аймактагы жергиликтүү ЖМКнын, көз карандысыз журналисттердин жана жарандык коом интституттарынын жөндөмүн ар түрдүү билим берүүчү программалар аркылуу жогорулатып келе жатат. Каалоочулардын баары эми биз иштеп чыккан материалдарды кеңири пайдалана алышат.

Видео сабактар жана методикалык макалалар

CABAR.asia медиа мектебинин сайтында журналистика, коммуникация, аналитика жана жаңы медиа багытында ар кайсы өңүттөн билим алууга мүмкүнчүлүк түзгөн видео сабактар жана методикалык материалдар бар. Аталган материалдар орус жана аймактагы төрт өлкөнүн өз тилинде жеткиликтүү. Билимди бекемдөө үчүн көптөгөн материалдардын аягында кошумча тапшырмалар берилет, ал эми айрымдарында текшерүүчү тесттен өтүүгө болот.

Материалдардын авторлору Борбор Азия жана Чыгыш Европа мамлекеттеринде таанымал эксперттер жана өз ишин мыкты билген адистер болуп эсептелет. Аталган материалдар менен таанышуу үчүн “Видео сабактар” бөлүмүнө өтсөңүз болот.

Аралыктан окутуу курстары

Материалдарды эркин пайдалануудан тышкары билим берүүчү платформанын колдонуучулары ар кандай онлайн курстарда окуй алышат. Сабактар аралыктан окутуу принциби боюнча пландаштырылган. Тактап айтканда, окуу материалдары баскыч-баскыч менен берилет жана өтүлгөн сабактар тесттер менен үй тапшырмалары аркылуу текшерилип турат. Онлайн курстун баарын окуп бүткөн соң IWPR уюмунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү аралыктан окуутуу курсунан өткөнүн ырастаган жана катышуучунун ысымы жазылган расмий сертификат ыйгарат.

“Онлайн курс” бөлүмүнө өтүү

Тренинг жана мастер-класстардын анонстору

IWPR уюмунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү ЖМК кызматкерлери, журналистика факультетинин мугалимдери, студенттери жана ошондой эле жарандык коом менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө мурдатан бери уюштуруп жүргөн тренингдерин өткөрүүнү улантып келүүдө. Тренингдер Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын ар кандай шаарларында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат.

CABAR.asia медиа мектебинин алкагында өткөрүлгөн тренингдерден тышкары белгилүү бир тема боюнча аймактагы жана чет жердеги адистер өз тажрыйбасын бөлүшкөн бир күндүк мастер-класстар дагы уюштурулуп турат.

Белгиленген тренингдер менен мастер-класстар жөнүндө бул сайттын башкы бетиндеги “Өтүлүүчү иш-чаралар” бөлүмүнөн таанышып турсаңар болот.
Кулактандыруулар CABAR.asia медиа мектебинин Facebook, Instagram жана Telegram барактары аркылуу да жарыяланып турат.

Өтүлгөн тренингдер жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн “Жаңылыктар” бөлүмүнө өтүү.

Электрондук китепкана

“Окуу китептери” бөлүмүдө IWPR уюму соңку 20 жылда жарыкка чыгарган бардык окуу куралдары менен таанышууга болот. Алардын арасында репортерлорго журналистиканын эл аралык стандарттары менен иштөөгө жардам берген “Өзгөрүүлөргө арналган репортаждар: Кризистик аймактардагы жергиликтүү журналисттер үчүн колдонмо” менен же болбосо журналисттик иликтөөгө кызыккандар үчүн “Окуяга негизделген изилдөө: журналисттер үчүн журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча колдонмо” менен таанышууга болот.

Окуу китептеринен тышкары бул бөлүмдө медиа чөйрөдө IWPR Борбор Азиянын ар кайсы өлкөлөрүндө жүргүзгөн изилдөөлөрү дагы чыгарылган.

“Окуу китептери” бөлүмүнө өтүү

CABAR.asia медиа мектеби коомдук желеде

CABAR.asia медиа мектебинин коомдук желедеги барактары — IWPR Central Asia уюмунун кошумча аянтчасы. Анда аталган уюмдун кызматкерлери пайдалуу кеңештерди бөлүшүп, медиа тармагында соңку тенденциялар менен тааныштырып турат. CABAR.asia медиа мектебинин коомдук тармактагы барактары колдонуучуларга пайдалуу жана маанилүү маалыматтарды жеткирип турат.

CABAR.asia медиа мектебинин Facebook, Instagram жана Telegram барактарына жазылыңыз.

IWPR жөнүндө

“CABAR.asia медиа мектеби” деп аталган билим берүү платформасы IWPR уюмунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү тарабынан 2018-жылы негизделген. IWPR — жергиликтүү ЖМКга, көз карандысыз журналисттерге жана сөз эркиндигине колдоо көрсөткөн эл аралык коммерциялык эмес медиа уюм. IWPR уюмунун программалары Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Кавказ, Африка, Борбордук Америка жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы 30 өлкөдө иш алып барат. IWPR Борбор Азияда 1999-жылдан бери иштеп келе жатат.