Дата журналистикага киришүү

Курс жөнүндө

Курс дата журналистика деген эмне, ал классикалык журналистикадан эмне менен айырмаланат, дата-материал боюнча идеяны иштеп чыгуу жана ал үчүн керектүү маалыматтарды топтоо, ошондой эле сандарын арасынан окуяны таап чыгуу жөнүндө негизги билим жана түшүнүк берет.

Курска 4 модуль, 1 скринкаст жана 10 суроолуу тесттен түзүлгөн. Жумалык жүктөмү бөлүмдүн татаалдыгына жараша 2-3 саатты түзүп, жалпысынан алты жума ичинде бүтүрүүгө эсептелген. Ар бир бөлүм 8-15 мүнөткө чейин созулган видео лекциялардан, тексттердин көчүрмөсүнөн жана пайдалуу шилтемелерден түзүлгөн.

Курс дата журналистикасына кызыккан кеңири аудиторияга арналган. Журналисттерге, журналистика факультеттеринин окутуучуларына жана студенттерине сунушталат.

Маалыматтык компьютердик технологиялар боюнча минималдуу билим талап кылынат (ЖК колдонуучусунун деңгээлинде жана популярдуу социалдык тармактарда). Аны практик журналисттердин, редакторлордун жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн колдонсо болот.

Сурап-билүү үчүн маалымат:

“Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү” IWPR CA долбоору Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Ѳзбекстандын массалык маалымат каражаттарынын, журналистика факультетинин мугалимдери менен студенттеринин, учурда эмгек жолундагы журналисттеринин жогорку сапаттагы санарип заманбап, калыс жана объективдүү контентти жаратуудагы потенциалын чыӊдоого багытталган. IWPR долбоордун алкагында CABAR.asia медиа мектебинин жаӊыланган сайтын ишке киргизип, «Эркин журналистиканын жолунда» аттуу модулдук онлайн-курсту баштатты. Курстун материалдары медиа мектептин платформасына жайгаштырылып, курска катталган катышуучулар үчүн гана жеткиликтүү болот. Долбоордун алкагында түзүлгѳн бардык курстар IWPR СA менчиги деп эсептелет жана башка долбоорлор үчүн IWPR СA чечими менен гана колдонула алат.

Кошумча булактар:

Ошондой эле "Инфографиканы 10 жыл бою үйрөнгөнүм" вебинарын жана Дата журналистика деген эмне видео-көрсөтмөсүн көрө аласыз.

  (1)
6 жума
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Сиз эмнени үйрөнөсүз?

Дата журналистика деген эмне?
Дата журналистика классикалык журналистикадан эмнеси менен айырмаланат?
Эмне үчүн учурда маалымат журналистикасы өнүгө баштады?
Маалымат материалы үчүн идеяны жана маалыматтарды кантип тапсам болот?
Маалыматтардан окуяны кантип таап, окурманга айтып бересиз?
Маалыматтарды кандайча элестетсем болот?

Мугалимдер

Карап чыгуу “Дата журналистикага киришүү”

Бурулсун 16.05.2022
 
Чон рахмат аябай пайдалуу маалыматтарды ала алдым

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.