Пропаганда деген эмне жана аны кантип аныктаса болот

Курс тууралуу кыскача

Бул курс пропаганда темасына арналган. Курстун негизги максаты – пропагандалык нарративдерди аныктоо ыкмаларын жана аларга каршы туруу жолдорун үйрөтүү. Курс пропаганданын аныктамаларын, максаттарын жана түрлөрүн ачыктап, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрөт. Пропаганда түшүнүгү менен таанышкандан сырткары, курстун катышуучусу пропагандалык материалдарда кандай нарративдер бар экенин аныктаганга үйрөнөт. Пропаганда телеберүү, жаңылык басылмалары сыяктуу салттуу медиалардын да, социалдык тармактардагы пабликтер жана баракчалар өңдүү санариптик инструменттердин да констекстинде каралат. Курс ошондой эле  пропагандага ар кайсы деңгээлде каршы туруу ыкмаларын карайт.  

Бул курстан төмөндөгүлөрдү билесиз:

  • Пропаганда деген эмне экенин, анын максаттарын жана түрлөрүн
  • Пропаганданы байкап-аныкташ үчүн анын негизги ыкмалары менен белгилерин 
  • Нарративерди пропаганданын инструменти катары байкап-аныктаганды
  • Пропаганда салттуу медиада жана санариптик платформаларда кантип пайда болорун түшүнүнгөндү
  • Согуш маалындагы пропаганданын өзгөчөлүктөрүн жана анын негизги нарративдерин 
  • Жеке деңгээлде, журналисттин ишинде жана коомдук турмушта пропагандага каршы туруунун ыкмаларын

Курстун аудиториясы

Курс Борбор Азиядагы жаш жана тажрыйбалуу аналитиктерге, журналисттерге, медиа адистерге арналат. 

Курстун форматы 

Курс беш модулдан турат жана 5 апталык окууга эсептелген. Апталык жүктөм 2-3 саатты (бөлүмдүн жана практикалык тапшырмалардын татаалдыгына карап) түзөт. Ал текст коштолгон кыскача видеолекциялардан, тексттик маалыматтардан, таратма материалдардан жана өз алдынча аткаруу үчүн тапшырмалардан турат. Курстун алкагында пропагандалык капмпаниялардын жана анын элементтеринин көрсөтмө кейстери берилет. Курс 80%га эсептелген жыйынтыктоочу тестти камтыйт. Тесттен өтүүгө 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып бүтсөңүз, система сизге жеткиликсиз болуп калат да, кайрадан катталып, курстун материалдары менен башынан таанышып чыгышыңыз керек болот. Ошондуктан тесттик тапшырмаларды ийгиликсиз аткарган алгачкы аракеттен эле артка кайтып, материалдарды кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз. Кааласаңыз, курстан төрт жолу кайталап өтө аласыз. 

 
5 жума
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Сиз эмнени үйрөнөсүз?

Пропаганда деген эмне, анын түрлөрү жана максаттары кандай?
Пропаганданын негизги ыкмалары
Пропаганданын нарративдери жана алардын жайылышынын принциптери
Согуш маалындагы пропаганданын кандай өзгөчөлүктөрү бар?
Жеке жана коомдук деңгээлдерде пропагандага кантип каршы турса болот?
Пропаганданын курмандыгына айланбаш үчүн эмне кылыш керек? Журналист менен аналитикке 10 кеңеш

Программа

Мугалимдер

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.