Жасалма интеллектке киришүү

Бул  жасалма интеллект дүйнөсүнө киришүүчү базалык курс. Курс өзүнө 5 негизги модулду, пайдалуу шилтемелерди жана глоссарийди камтыйт. Ал шык-дем алам деген каалоочулардын баарына багытталган, ошондой эле жасалма интеллектти (AI) үйрөнүү үчүн концептуалдык жана практикалык база катары кызмат кылат. 

Курс 6 аптага эсептелген, апталык жүктөм (бөлүмдүн татаалдыгына карап) 4-6 саатка барабар. Модулдар 8ден 15 мүнөткө чейинки видеолекциялардан турат, видеоматериалга сөзмө-сөз түшүрүлгөн текст тиркелет. 

Курс Борбор Азиядагы ишке эми киришкен жана иштеп жаткан журналисттерге, блогерлерге,  жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринин студенттерине сунушталат. 

Маалыматтык компьютердик технологияларды пайдалануу боюнча минималдык билим талап кылынат (ПК тажрыйбалуу колдонуучу деңгээлинде).


Бул курс Борбор Азиядагы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) "Go Viral" долбоорунун алкагында Кыргызстандын Дата мектеби менен кызматташтыкта иштелип чыкты. Курстун материалдарды медиамектептин платформасына жайгаштырылат жана курска катталган катышуучуларга гана жеткиликтүү болот. Долбоордун алкагында даярдалган курстардын баары IWPR СA менчиги болуп саналат жана IWPR СA чечими менен башка долбоорлор үчүн колдонулушу мүмкүн. 

 
6 жума
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Сиз эмнени үйрөнөсүз?

Жасалма интеллект деген эмне жана ал эмнелерди жасайт?
AI`нин журналистикада колдонулушунун мисалдары
Python менен иштөөдөгү негизги түшүнүктөр
Сызыктуу регрессиянын алгоритмдери
Логистикалык регрессия жана анын иштөө принциби
Дата-маалымат деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

Программа

  • Модуль 1

    Бул модулдан сиз жасалма интеллект деген эмне экенин, ал эмнелерди жасай аларын, ошондой эле жасалма интеллектин өнүгүшү менен журналисттер эмнеге жетишкени тууралуу билесиз.

  • Модуль 2

    Бул бөлүмдөн сызыктуу регрессия жана логистикалык регрессия сыяктуу айрым математикалык түшүнүктөрдү билесиз. Бул Python менен иштегенде сизге керек болчу негизги түшүнүктөр.

  • Модуль 3

    Бул модулдан сызыктуу регрессиянын алгоритмдери менен практикада таанышасыз, ошондой эле жоготуулардын функциясы (loss function) деген эмне экенин билесиз.

  • Модуль 4

    Бул лекциядан логистикалык регрессия эмне экенин жана ал кантип иштей турганын билесиз.

  • Модуль 5

    Бул бөлүмдөн биз кантип окуй турганыбызды жана дата-маалыматтар бизге эмне үчүн керектигин билесиз.

  • Ресурстар

    Бул бөлүмдөн статистика, жасалма интеллект жана тереңдетип окууга жардам берчү ресурстарга шилтемелерди жана курста пайдаланылган негизги терминдердин глоссарийин таба аласыз.

Мугалимдер

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.