ММКдагы SMM. Мазмунду жайылтуу үчүн социалдык тармактарды кантип колдонсо болот

Курс жөнүндө

Курс жалпыга маалымдоо каражаттарындагы SMMге арналган. Курстун негизги максаты - социалдык тармактардын өзгөчөлүктөрү жана аларды журналистика чөйрөсүндө колдонуу жөнүндө алгачкы билимдерди берүү жана түшүнүк берүү.

Курс 6 модул жана 15 суроодон турган жыйынтыктоочу тестти камтыйт жана 4 жумалык окууга эсептелген. Жумалык жүктөмү бөлүмдүн татаалдыгына жараша 2-3 саатты түзүп, жалпысынан алты жума ичинде бүтүрүүгө эсептелген. Ар бир бөлүм 8-15 мүнөткө чейин созулган видео лекциялардан, тексттердин көчүрмөсүнөн жана пайдалуу шилтемелерден түзүлгөн.

Курс социалдык тармактарда мазмунду жайылтууга кызыкдар болгон кеңири аудиторияга арналган. Журналисттер, SMM кызматкерлер, редакторолор, блогерлер, журналистика факультеттеринин окутуучулары жана студенттери үчүн сунушталат. Курсту квалификацияны жогорулатуу үчүн колдонсо болот.


Бул курс “Борбордук Азияда жаңы медиа жана санариптик журналистиканы өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекстандагы медианын, окутуучулардын, журналистика факультетинин студенттеринин жана практик журналисттердин сапаттуу санариптик заманбап, калыс жана объективдүү контентти өндүрүү мүмкүнчүлүгүн чыңдоого багытталган. Курстун материалдары медиа мектептин платформасында гана жайгаштырылат жана курска катталган катышуучуларга гана жеткиликтүү болот. Долбоордун алкагында түзүлгөн бардык курстар IWPR CAнын менчиги болуп саналат жана IWPR CAнын каалоосу боюнча башка долбоорлордо колдонулушу мүмкүн.

  (1)
4 жума
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Сиз эмнени үйрөнөсүз?

Социалдык медиа доорундагы журналистиканын негизги түшүнүктөрү
Социалдык тармактардын ишинин өзгөчөлүктөрү
Социалдык тармактар ​​менен иштөөдө журналисттердин ролу
Түпнуска мазмун деген эмне жана эмне үчүн шилтемелерди гана жарыялай албайсыз
Кантип жигердүү жамаатты куруп, аудиторияны өзүнө тартуу керек
Социалдык тармактардын келечеги

Программа

Мугалимдер

Карап чыгуу “ММКдагы SMM. Мазмунду жайылтуу үчүн социалдык тармактарды кантип колдонсо болот”

Медина 09.03.2022
 
Курс сонун жазылган, түшүнүктүү

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.