Экономика кантип жаратмандыкка айланды?

Курс тууралуу 

Эмне үчүн экономика креативдүү болушу керек? Бизнес качан чыгармачылыкка айланат? Эмне үчүн чечимдерди эмес, көйгөйдү издеш керек? Интеллектуалдык менчик кошумча баалуулук чынжырчасы менен кандайча байланышта? Ушул жана башка суроолорго жоопту “ Экономика кантип жаратмандыкка айланды?” киришүү онлайн-курсунан аласыз. 

Курс Борбор Азия өлкөлөрүндөгү студенттерге, чыгармачыл кесиптердин (санариптик контент жаратуучуларга, дизайнерлерге, музыканттарга, театр кызматкерлерине, кинематографисттерге, кол өнөрчүлөргө, маркетологдорго) жана ага жакын дисциплиналардын (продюсерлерге, арт-менеджерлерге, басып чыгаруучуларга, журналисттерге, юристтерге) өкүлдөрүнө кызык болот. 

Максаты

Киришүү курсунун максаты – ыкчам өнүгүп жаткан креативдүү экономика дүйнөсүнө навигацияны сунуштоо, тагыраагы: 

– дүйнөлүк практиканын мисалында жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кейстер аркылуу креативдүү индустрия түшүнүгү, анын өзгөчөлүгү жана потенциалы менен тааныштыруу;

- креативдүү ишкердик тууралуу креативдүү экономиканын негизги кыймылдаткычы катарында айтып берүү;

- өзүңүздү ушул глобалдык кыймылдын мүчөсү катары сезүүгө, талант, идея жана билимге негизделген жеке демилгелериңизди өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көрүүгө жардам берүү;

- сизге аймактагы креативдүү жамааттарды табууга жардам берүү.  

Курстун жыйынтыгы: курстун жыйынтыгында сизде креативдүү экономика деген эмне экени, Борбор Азияда кандай креативдүү индустриялар өнүгүп жатканы; креативдүү экономиканын катышуучулары үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр менен чакырыктар бар экени; ишкердик ой жүгүртүүнү калыптандырууга жана креативдүү индустрияда карьералык жана бизнес-стратегияларды ишке ашыруу үчүн жаңы көндүмдөрдү кантип өздөштүрсө болору жөнүндө так түшүнүк пайда болот. 

Курстун форматы
Курс 3 модулдан турат жана 2 аптага ылайыкташкан. Апталык жүктөм (бөлүмдүн татаалдыгына жана өз алдынча иштин көлөмүнө карап) 3-4 саатты түзөт. Модулдар 13 мүнөткө чейинки видеолекциялардан, лекциялардын тексттик конспектилеринен, пайдалуу шилтемелерден, ар бир модуль үчүн текшерүү тесттеринен, ошондой эле өз алдынча иш үчүн тапшырмалардан турат. 


Курс Go Viral долбоорунун алкагында даярдалды. Бул долбоорду АКШнын Мамдепартаменти каржылап, АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Дипломатиялык миссиялары колдоого алып, Борбор Азиядагы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) ишке ашырууда. Go Viral адамдарга өз контентин жаратууга, жайылтууга, маалымат таратууга, көңүл ачууга жана жаңы технологияларды колдонуу менен социалдык тармактар, жаңы платформалар аркылуу глобалдык аудитория менен ийгиликтүү алака түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 
2 жума
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Сиз эмнени үйрөнөсүз?

Жаратман экономика деген эмне
Дуйнөлүк тажрыйбанын мисалында жаратман экономика кандай иштеп жатат?
Жаратман ишкердик деген эмне?
Ишкердик ой жүгүртүүнү калыптандыруу үчүн жаңы көндүмдөрдү кантип алууга болот?
Өлкө кейси: Жаратман Кыргызстан
Жаратман экономиканын катышуучулары үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр жана кыйынчылыктар бар?

Программа

Мугалимдер

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.