ТикТокто бизнести кантип илгерилетип, трендге чыкса болот?

Курстун кыскача мазмуну:

Бул курстан сиздер ТикТок платформасы менен таанышып,  бизнести илгерилетүүнүн мыкты жана начар мисалдарынын үлгүсүндө контент жасоонун негиздерин биле аласыздар.

Курстун алкагында тиркеменин интерфейсин, илгерилетүүнүн алгоритмин,  аккаунтту упаковкалоонун эрежелерин карап чыгасыздар. Ошондой эле авторлор ТикТокто контентти жайылтуунун стратегиясын, контентти даярдоо инструменттерин жана жолдорун айтып беришет, ТикТоктун сунуштамасына кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу боюнча чек-лист менен бөлүшөт. 

Курс үч модулдан турат, ал практикалык тапшырмаларды аткарууну эске алганда эки аптага ылайыкташкан. Апталык жүктөм (бөлүмдүн татаалдыгына жана өз алдынча ишке карап) 3-4 саатты түзөт. Модулдар текст коштолгон 15 мүнөткө чейинки видеолекциялардан, пайдалуу шилтемелерден, текшерүү тесттеринен, ошондой эле өз алдынча иш үчүн тапшырмалардан турат.


Курс Go Viral долбоорунун алкагында даярдалды. Бул долбоорду АКШнын Мамдепартаменти каржылап, АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Дипломатиялык миссиялары колдоого алып, Борбор Азиядагы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) ишке ашырууда. Go Viral адамдарга өз контентин жаратууга, жайылтууга, маалымат таратууга, көңүл ачууга жана жаңы технологияларды колдонуу менен социалдык тармактар, жаңы платформалар аркылуу глобалдык аудитория менен ийгиликтүү алака түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 
2 апта
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Сиз эмнени үйрөнөсүз?

ТикТоктун интерфейси жана анын иш алгоритми
Бизнес-аккаунтту упаковкалоонун негиздери
ТикТокто контент жаратуунун жолдору
Видеого техникалык талаптар, лайфхактар
Контентти алга жылдыруунун стратегиясы

Программа

  • Модуль 1

    Бул модулда сиздер тиркеменин интерфейсин жана ТикТоктун алгоритминин өзгөчөлүктөрүн карап чыгып, ТикТокто аккаунтту кантип туура упаковкалоо (ник, сүрөттөмө, аватар, хештег) керектигин билесиздер.

  • Модуль 2

    Бул модулдан сиздер илгерилетүү стратегияларын жана идеяларды иштеп чыгуу боюнча инструменттер, маалыматтар менен таанышып, ТикТокто контент жаратуунун жолдорун биле аласыздар.

  • Модуль 3

    Модуль сапаттуу контент жаратып, аны ТикТокто алга жылдыруунун практикалык инструменттерине арналган.

  • Тест

Мугалимдер

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.