Чыр-чатак жана кризис маалындагы журналистика

Курстун концепциясы:

Биздин “Чыр-чатак жана кризис маалындагы журналистика” курсубуз медиада иштеп жаткан жана аскердик, экстремалдык журналистика жаатындагы билимин өркүндөтүүнү каалаган журналисттерге арналган. Курстун басымдуу бөлүгү аскердик чыр-чатак шартындагы жумушту сүрөттөйт. Ошондой эле биз революциялар, саясий кризистер, массалык каршылыктар, табият кырсыктары маалында кантип иштеш керектигин да кыскача талкуулайбыз. Курстун алкагында берилген маалыматтардын баары спикер тарабынан талаа шартында текшерилген. 

Курстун аягында угуучу куралдуу кагылышуу аймагындагы иш сапарына жакшыраак даярдана алат, иш сапарын, анын ичинде согуш сызыгын кесип өтүүнү логистикалык жактан пландай алат, туруксуздук шартында турак-жайды кантип таап, байланыш жана транспортту кантип камсыздоону билет. 

Ошондой эле сиз чыр-чатак курмандыктарынын жараатын кайра козгобой, ийгиликтүү интервью алууну өздөштүрөсүз, чыр-чатак маалында маалыматты текшерүү көндүмдөрүнө ээ болосуз, өзүңүздүн физикалык жана психологиялык коопсуздугуңузга кам көрө аласыз.

Курстан өтүү журналисттин чыр-чатак аймагындагы коопсуздугун кепилдебейт!

Курстун форматы: Бул курс өзүнө 5 модулду камтыйт. Окутуу жыйынтыктоочу тест менен бүтөт, сынактан өтүүгө 4 аракет берилет. Эгерде аракеттердин лимитин түгөтсөңүз, анда система сизге жеткиликтүү болбой калат да, сиз курстун материалдарын кайрадан окушуңуз керек, а бул үчүн кайрадан катталуу талап кылынат.  

Курс 2 аптага эсептелген. Апталык жүктөм 2-3 саатты түзөт. Кааласаңыз, курстан төрт жолу өтө аласыз. Курстун баарын өткөндөн кийин электрондук сертификатты берүү каралган. 


Курстун материалдары медиамектептин платформасына жайгаштырылат жана курска катталган катышуучуларга гана жеткиликтүү. Долбоордун алкагында даярдалган курстардын баары  IWPR СA`нын менчиги болуп саналат жана IWPR СA`нын ыктыяры менен башка долбоорлор үчүн колдонулушу мүмкүн. 

 

 
2 жума
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Сиз эмнени үйрөнөсүз?

Согуш жана кризис каптаган өлкөгө кантип кирсе болот?
Куралдуу кагылышуу аймагындагы иш сапарга кантип даярданыш керек?
Куралдуу кагылышуу аймагындагы жумуш үчүн журналистке эмнелер керек?
Кыска жана узак интервьюнун ыкмалары? Согуш катышуучуларынан же жабырлануучулардан кантип туура интервью алса болот?
Жалган маалымат кайдан чыгат? Маалыматтын ишенимдүүлүгүн кантип аныктаса болот?
Журналисттин физикалык жана психологиялык коопсуздугу.

Программа

  • Модуль 1

    Биринчи модулдан сиз куралдуу чыр-чатак аймагына кантип даярдануу керектиги тууралуу билесиз: кризис зонасында кандай документтер жана буюмдар керек? Тобокелдик-менеджмент деген эмне, кийимди, техниканы жана коргоо каражаттарын кантип туура тандаш керек?

  • Модуль 2

    Бул модуль чыр-чатак аймагына сапарга барууга арналган. Жолдун коопсуздугун кантип туура баалаш керектигин, блокпостто өзүңүздү алып жүрүүнү, фронт сызыгын кантип кесип өтүүнү жана калктуу конуштардын ортосунда жүрүү тууралуу билесиз. Ошондой эле сиз согуш, кризис, табият кырсыгы каптаган өлкөгө кантип кире аларыңызды карап чыгасыз. Кризис шартында турак-жай таап, байланыш жана транспортту камсыздоо үчүн эмнелер керек?

  • Модуль 3

    Үчүнчү модулдан сиздер согуштун катышуучуларынан же жабырлануучулардан кантип туура интервью алыш керектигин билесиздер. Ретравматизация же жараатты кайра козгоо деген эмне, андан канткенде качса болот? Кыска жана узун интервьюнун ыкмалары. Баарлашуунун жайын, убактысын жана тилин тандоо

  • Модуль 4

    Кризис шартында маалыматты текшерүү. Жалган маалымат кайдан чыгат? Ушактар, моралдык дүрбөлөң, пропаганда. Маалыматтын ишенимдүүлүгүн кантип бааласа болот? OSINT негизги түшүнүктөрү – ачык дата-маалыматтарды анализдөө

  • Модуль 5

    Куралдуу кагылышуу аймагындагы журналисттин физикалык жана психологиялык коопсуздугу. Бешинчи модулда өзүбүздүн абалыбызды кантип баалоо керектигин талдайбыз. Иш, эс алуу, уйку режими. Куралдуу кагылышуу аймагында иш сапардын оптималдуу мөөнөтү канча, постравматикалык стрессттик бузулуу деген эмне жана андан кантип качса болот? Сиз ошондой эле экстремалдык шарттарда иштеген журналисттерге көмөктөшкөн ресурстар тууралуу маалыматты аласыз

  • Aкыркы тест

Мугалимдер

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.