Жаңы медиадан коркпо!

Курс жаӊы медиаларга жана жекечилик брендди түзүүнүн негизги принциптерине, ошондой эле социалдык платформаларда сапаттуу контент жаратууга арналган. Визуалдаштыруу, видео сторителлинг, сынчыл ой жүгүртүү, конфликттик жана гендердик сезимталдык боюнча модулдарды камтыйт.

Курстун башкы максаты –  окурмандардын жаӊы медиалардагы жаӊылыктарга карата мамилеси жана кабылдоосу; ийгиликтүү онлайн-контентти түзүүнүн жана конфликттик  жана гендердик сезимтал журналистиканы илгерилетүүнүн аспаптары менен ыкмалары  боюнча базалык билим жана түшүнүк берүү.

Курстун форматы:

Курс 12 негизги модулдан турат жана 12 жумалык окууга эсептелген. Курс боюнча билим алуучулардын бир жумалык жүктѳмү 5-7 астрономиялык саатты түзѳт  (бѳлүмдүн татаалдыгына жараша).

Ар бир модуль тѳмѳнкүлѳрдү камтыйт:

  • Видеолекциялар (спикердин же эксплейнердин баяндамасы форматында);
  • Тексттик маалымат;
  • Теориялык материалды ѳздѳштүрүүнү текшерүү үчүн тест тапшырмалары (курстун ар бир бѳлүмүнѳн  7-10 суроо). Курстун бардык катышуучулары ар бир модуль боюнча тестти 80%га тапшырууга тийиш, ошондо гана кийинки модулду окууга ѳтѳ алат. Тестти эӊ кѳп 10 жолу тапшырууга болот. 10 аракеттин баары колдонулган соӊ, система бѳгѳттѳлүп, катышуучудан курска кайрадан катталуу талап кылынат. Ошондуктан, алгачкы аракеттер менен тестти ийгиликтүү тапшыра албай калган абалда, видеосабактарды, теориялык жана практикалык тапшырмаларды кайра карап чыгуу сунуш кылынат;
  • Ѳздѳштүрүлгѳн билимдерди бекемдѳѳ үчүн практикалык тапшырмалар. Бул тапшырмаларды аткаруу ыктыярдуу болуу менен бирге, ѳз алдынча иштѳѳнү талап кылат;
  • Бүтүндѳй курстун мазмуну боюнча жыйынтыктоочу тестирлѳѳ каралган. Тесттен 80% менен ѳткѳн катышуучуларга электрондук же кагаз түрүндѳ сертификат берилет;
  • Билимдерди бекемдѳѳ жана кѳндүмдѳрдү жогорулатуу максатында социалдык медиаларда марафондор каралган.

Талаптар

Курс Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн жогорку окуу жайларынын журналистика факультетинин студенттерине, ишке жаӊы киришкен журналисттерге арналган.

Маалыматтык, компьютердик технологияларды минималдуу деӊгээлде билүү талап кылынат (ПК жана популярдуу социалдык тармактарды колдонууну билүү).  Иштеп жүргѳн журналисттер, редакторлор тарабынан квалификацияны жогорулатуу максатында колдонулушу мүмкүн.

Сурап-билүү үчүн маалымат:

"Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү" СА IWPR долбоору Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Ѳзбекстандагы массалык маалымат каражаттарынын, журналистика факультетинин окутуучулары менен студенттеринин, ошондой эле иштеп жүргѳн журналисттеринин жогорку сапаттагы заманбап, калыс жана объективдүү санарип контентти жаратуудагы потенциалын бекемдѳѳгѳ багытталган. IWPR долбоордун алкагында  CABAR.asia медиа мектебинин жаӊыланган сайтын ишке киргизип, "С новыми медиа на ТЫ" аттуу алгачкы модулдук онлайн-курсту баштатты. Курстун материалдары медиа мектептин платформасына  жайгаштырылып, курска катталган катышуучулар үчүн гана жеткиликтүү болот. Долбоордун алкагында түзүлгѳн бардык курстар IWPR СA менчиги деп эсептелет жана башка долбоорлор үчүн IWPR СA чечими менен гана колдонула алат.

 
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Программа

Мугалимдер

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.