Подкасттар: теория, негизи, өзгөчөлүктөрү

Курс подкасттардын теориясы жана негиздери тууралуу базалык билимди жана түшүнүктү берет. Ал 6 модулдан туруп, төрт апталык окууга эсептелген. Апталык жүктөм (бөлүмдүн татаалдыгына карап) 2-3 саатты түзөт. 

Модулдар тексти жазылган 8-15 мүнөттүк видеолекциялардан, пайдалуу шилтемелерден жана жыйынтыктоочу тесттен турат. 

Курс подкасттарга кызыккан аудиторияга эсептелинген. Журналисттерге жана блогерлерге, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттеринин окутуучуларына жана студенттерине сунушталат. 

Маалыматтык компьютердик технологиялар боюнча минималдуу билим (ПК жана популярдуу социалдык тармактарды колдонуучу деңгээлинде) талап кылынат.


Бул курс  IWPR CA`нын “Борбор Азиядагы жаңы медиаларды жана санатиптик журналистиканы өнүктүрүү” долбоорунун алкагында даярдалды. Курстун материалдары медиамектептин платформасына жайгаштырылат жана курска катталаган катышуучуларга гана жеткиликтүү. Долбоордун алкагында даярдалган курстардын баары  IWPR СA`нын менчиги болуп саналат жана  IWPR СA`нын ыктыяры менен башка долбоорлор үчүн колдонулушу мүмкүн. 

 
2 жума
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?
Сурамжылоого катышуу

Сиз эмнени үйрөнөсүз?

Подкаст деген эмне, аны ким ойлоп тапкан, подкасттардын кандай жанрлары бар?
Подкасттын питчинги деген эмне, бул эмне үчүн маанилүү жана подкастты медиа же өзүң үчүн кантип коргой аласың?
Команда кандай болушу керек, ким эмне үчүн жооп берет, редактор менен монтажер эмне үчүн керек, аларсыз кантип иштесе болот?
Подкасттардын жарнама рыногу кандай түзүлгөн, подкасттардын монтизациялоонун кандай жолдору бар?
Подкасттарды жарыялагандан кийин эмне болот:коммьюнити, офлайн-жолугушуулар жана ачык жаздыруулар
Подкасттарды дистрибуциялоо үчүн платформалар жана жүктөөнүн негиздери

Программа

  • Модуль 1

    Киришүү теориялык лекциясы. Бул модулдан сиз подкаст деген эмне экенин, аны ким ойлоп тапканын, кандай жанрлар бар экенин биле аласыз. Ошондой эле дүйнөдөнү подкасттар рыногу тууралуу жалпы түшүнүккө ээ болосуз. Автору Александр Поливанов.

  • Модуль 2

    Бул модулдан сиз питчинг эмне экенин, анын маанилүүлүгүн билесиз. Подкасттын медиа үчүн же (эч бир медиага байланышы жок болсо) өзүңүз үчүн кантип коргошту үйрөнөсүз. Автору Александр Поливанов.

  • Модуль 3

    Подкаст даярдоодон мурда эмнелерди билип-түшүнүү керек: техникалык тарабы тууралуу (кандай команда болушу керек, ким эмнеге жооп берет, редактор менен монтажер эмне үчүн керек, аларсыз кантип иштин жөнүн тапса болот) жана подкасттардын “мезгилдүүлүгү” жөнүндө кыскача. Автору Александр Поливанов.

  • Модуль 4

    Бул модулдан сиз подкасттардын жарнама рыногу кандай түзүлгөнүн, подкасттарды монетизациялоонунун кандай жолдору бар экени тууралуу биле аласыз. Автору Александр Поливанов.

  • Модуль 5

    Жарыялагандан кийинки кадамдар тууралуу:коммьюнити, офлайн-жолугушуулар жана ачык жаздыруулар. Автору Александр Поливанов.

  • Модуль 6

    Подкасттар үчүн кандай платформалар бар, сиздин подкастыңыз үчүн кайсы платформаны тандаш керек, подкаст кантип жүктөлөт - мунун баарын курстун акыркы модулунан биле аласыз. Автору Павел Боровков.

  • Жыйынтыктоочу тест

Мугалимдер

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.