Чыр-чатак жана кризис маалындагы журналистика

  • Модуль 1

    Биринчи модулдан сиз куралдуу чыр-чатак аймагына кантип даярдануу керектиги тууралуу билесиз: кризис зонасында кандай документтер жана буюмдар керек? Тобокелдик-менеджмент деген эмне, кийимди, техниканы жана коргоо каражаттарын кантип туура тандаш керек?

  • Модуль 2

    Бул модуль чыр-чатак аймагына сапарга барууга арналган. Жолдун коопсуздугун кантип туура баалаш керектигин, блокпостто өзүңүздү алып жүрүүнү, фронт сызыгын кантип кесип өтүүнү жана калктуу конуштардын ортосунда жүрүү тууралуу билесиз. Ошондой эле сиз согуш, кризис, табият кырсыгы каптаган өлкөгө кантип кире аларыңызды карап чыгасыз. Кризис шартында турак-жай таап, байланыш жана транспортту камсыздоо үчүн эмнелер керек?

  • Модуль 3

    Үчүнчү модулдан сиздер согуштун катышуучуларынан же жабырлануучулардан кантип туура интервью алыш керектигин билесиздер. Ретравматизация же жараатты кайра козгоо деген эмне, андан канткенде качса болот? Кыска жана узун интервьюнун ыкмалары. Баарлашуунун жайын, убактысын жана тилин тандоо

  • Модуль 4

    Кризис шартында маалыматты текшерүү. Жалган маалымат кайдан чыгат? Ушактар, моралдык дүрбөлөң, пропаганда. Маалыматтын ишенимдүүлүгүн кантип бааласа болот? OSINT негизги түшүнүктөрү – ачык дата-маалыматтарды анализдөө

  • Модуль 5

    Куралдуу кагылышуу аймагындагы журналисттин физикалык жана психологиялык коопсуздугу. Бешинчи модулда өзүбүздүн абалыбызды кантип баалоо керектигин талдайбыз. Иш, эс алуу, уйку режими. Куралдуу кагылышуу аймагында иш сапардын оптималдуу мөөнөтү канча, постравматикалык стрессттик бузулуу деген эмне жана андан кантип качса болот? Сиз ошондой эле экстремалдык шарттарда иштеген журналисттерге көмөктөшкөн ресурстар тууралуу маалыматты аласыз

  • Aкыркы тест