Ѳзгѳрүүлѳргѳ арналган репортаждар: Кризистик аймактардагы жергиликтүү журналисттер үчүн колдонмо

Бул – журналисттер үчүн Европа, Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африкада журналисттерди окутуу жана алар менен иш алып баруу боюнча IWPR институтунун бай тажрыйбасынын негизинде даярдалып чыккан кризистик аймактарда иштѳѳ боюнча практикалык окуу куралы. Колдонмо теманы баштапкы тандап алуудан жыйынтык редакциялоого чейин журналисттик иштин бардык баскычтарын ийне-жибине чейин түшүндүрүү менен материалдарды жазуунун эл аралык стандарттарын үйрѳтѳт. Басылма мурун IWPR тарабынан дүйнѳнүн бардык аймактарынан жарыяланган макалалардан мисалдарды жана үзүндүлѳрдү камтуусу менен уникалдуу. Мурун китеп орус жана англис тилдеринде, кийинчерээк аймактын калкын андан да кѳбүрѳѳк тартуу максатында Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн казак, кыргыз жана тажик тилдеринде басылып чыкты. «Ѳзгѳрүүлѳргѳ арналган репортаждар» колдонмосу Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн жергиликтүү тилдеринде журналисттердин, медиатүзүмдѳрдүн жана ѳнѳктѳш уюмдардын арасында таратылып, БА ѳлкѳлѳрүнүн жергиликтүү жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттерине белекке берилген. Колдонмонун ар кайсы тилдеги варианттарын кийинки шилтемелерден кѳчүрүп алууга болот: