Жүктөө
Басып чыгаруу

Журналисттер үчүн укуктук чектер: алар кандай?

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн журналисттеринин иштерин кандай мыйзамдар жөнгө салып турарын CABAR.asiaга медиаюристтер  айтып беришти. Ошондой эле бул аймактагы ЖМК ишмердүүлүгүн жөнгө салып турган иш жүзүндөгү ченемдик-укуктук базалардын негизги проблемаларын аташты.

Өзбекистан: аккредитациялоонун эскирген жоболору дагы эле күчүндө

Өзбекистанда ЖМК жана журналисттердин ишмердүүлүгү төмөнкү ченемдик-укуктук актылар менен жөнгө салынат:

  • “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам менен,
  • “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндөгү” мыйзам менен,
  • “Маалыматтын эркиндигинин кепилдиктери жана принциптери жөнүндөгү” мыйзам менен,
  • “Мамлекеттик бийликтин жана башкаруу органдарынын ишмердүүлүктөрүнүн ачыктыгы жөнүндөгү” мыйзам менен,
  • Министрлер кабинетинин “Өзбекистан Республикасынын аймагындагы  чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларынын кесиптик ишмердүүлүгүн жөнгө сала турган негизги жоболорду бекитүү жөнүндөгү” токтому менен,
  • ЖМКны мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндөгү административдик регламент менен.

Илхом Хамидов

«Perspective Consulting» ЖЧК консалтинг компаниясынын медиаюристи Илхом Хамидов бүгүнкү күндө Өзбекистандын мыйзам базаларында сөз эркиндигинин чек араларын кеңейтүү көз карашынан алганда прогрессивдүү өзгөрүүлөр байкалып, алар ЖМКнын өнүгүүсүнө жардам берерин белгилейт.

«2020-жылдын акыркы күндөрүндө Өзбекистандын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр кабыл алынды, алар боюнча жалаа жана кемсинткендик үчүн эркиндигинен ажыратуу жазасы жокко чыгарылды. Ошол эле учурда “Жалган маалыматты таратуу” боюнча жаңы 244-берене киргизилди. Азырынча жалган маалымат менен жалааны кантип айырмалоо түшүнүксүз болуп турат, себеби бул түшүнүктөр окшош да. Бирок бул демилге көрсөтүлгөн курамдагы кылмыштар боюнча жоопкерчиликти жумшартуу жагындагы оң тенденция болуп саналат. А балким келечекте толугу менен криминалдашуудан арылуу болушу да ыктымал. Бирок бул божомолду бекемдеген кандайдыр бир саясый билдирүүлөр болгон жок”, – дейт И. Хамидов.

Анын айтканына караганда, өткөн жылдын жайында президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар боюнча агенттиги (ММКБА) “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгып, анда ЖМК ишмердүүлүгүн баштоо үчүн мамлекеттик каттоонун ордуна билдирүү  тартибин киргизүү каралып жаткан. Бирок бул мыйзамдын долбоорун кароо кайсы стадияда экендиги белгисиз.

«Ошондой эле ММКБА 2020-жылдын январынын башында “Маалыматка жетүүнүн эркиндиги жана мамлекеттик органдар менен башка уюмдардын ишмердүүлүктөрүнүн ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, бул мыйзам (“Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Маалымат эркиндигинин принциптери жана кепилдиктери жөнүндө”, “Мамлекеттик бийликтин жана башкаруу органдарынын ишмердүүлүктөрүнүн ачыктыгы жөнүндө”) маалыматка жетүүнүн эркиндигин камсыз кылуу тармагындагы үч мыйзамды бириктирип, бир мыйзам кылууга багытталган. Бул абдан жакшы демилге деп эсептейм, бул жөнүндө мен мурдагы макалада жазгам. Бирок бул долбоордун да кайсы стадияда каралып жаткандыгы белгисиз”, – деп белгиледи Илхом Хамидов.

Эксперттин пикири боюнча, Өзбекистандын медиа тармагында иштеп жаткан мыйзамдарынын кемчилиги катары, журналисттерди аккредитациялоодон өткөрүү жоболорунун эскиргендигин айтса болот.

«Бүгүн маалыматтын көлөмү жана аны алмашуунун тездиги күн сайын өсүп жатканда кагаз документтерди талап кылуу, аларды кароонун узак коюлган мөөнөтү (аккредитацияга арыз бергенден кийин 30 күн) журналисттердин жана ЖМКнын аккредитациядан өтүүсү үчүн ыңгайсыздыктарды жаратып жатат”, – деп эсептейт Хамидов.

Ал ошондой эле Өзбекистандагы журналисттердин ишмердүүлүгүн мамлекеттик органдардын дайыма эле туура эмес иштери, маалымат алуу үчүн көп учурда ЖМКга жана журналисттерге суроо жиберүүлөрү менен татаалдаштыраарын белгилейт.

«Заманбап журналистиканын өнүгүү борбору” мамлекеттик да, коммерциялык да эмес уюмунун алдындагы Юридикалык клиникага журналисттердин кайрылууларына караганда, журналисттер көп учурда өздөрүнүн маалымат алуу боюнча суроолорун кайрылуулар менен чаташтырып алган учурларга туш болушат. Кайрылуулар менен иштөөнүн тартиби өзүнчө мыйзам менен аныкталат жана маалымат алуу боюнча суроого тиешеси жок”, – деди медиаюрист.

Өзбекистанда “маалымат алуу үчүн сурап билүү” термини биринчи жолу 1997-жылдын 24-апрелиндеги “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамда колдонулган. Бул документте ар бир адам түздөн-түз кайрылып же өзүнүн мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу маалыматты алуу үчүн сурап билүү укугу каралган. Ошондой эле бул мыйзам сурап билүүнүн формасын, аны кароонун мөөнөтүн аныктаган. 1997-жылдагы редакцияда сурап билүүнүн эки формасы: жазуу түрүндө жана оозеки түрү каралган, жазуу түрүндөгү сурап билүүнү кароонун мөөнөтү аны алгандан кийин 30 күндөн ашпаган убакытты түзгөн.

Бир топ кийинчерээк, 2014-жылы “Мамлекеттик бийликтин жана башкаруу органдарынын ишмердүүлүктөрүнүн ачыктыгы жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген – сурап билүүнүн электрондук формасы (бул жазуу түрүндөгү сурап билүүгө теңештирилген) кошулган, ошондой эле жазуу түрүндөгү сурап билүүнү кароонун мөөнөтү аны алгандан кийин 15 күнгө кыскартылган.

Кыргызстан: өзүн – өзү цензура жасоо өнүгүүнү чектөөдө

Кыргызстандагы ЖМКнын жана журналисттердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган негизги документ, 1992-жылдын 7-июлунда кабыл алынып жана Жогорку Советтин токтому менен иштей баштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам эсептелет.

Мындан тышкары республикада “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” жана “Малыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамдар иштейт. Ошондой эле ЖМК ишмердүүлүгүн 2008-жылы кабыл алынган “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү” мыйзам жана 2011-жылдын 2-июлунда кабыл алынган “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзам да жөнгө салып турат.

Медиа Полиси институтунун эксперттери белгилегендей, улуттук мыйзамдардын түптөлүү этабында “ЖМК жөнүндөгү” мыйзам басма сөз менен телекөрсөтүүлөрдүн өнүгүүсүндө теңдешсиз роль ойногон. Узак убакыт бою документ “рыноктун” бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу болуп келген, бирок бүгүн анын көптөгөн ченемдери кескин өзгөртүүлөрдү талап кылат. Себеби так эместиктер, боштуктар жана карама-каршылыктар кездешип жатат.

Республиканын маалымат мейкиндигинин өнүгүшүнө тоскоолдук кылган бирден-бир олуттуу проблема катары медиаюристтер цензураны атап жатышат.

«Мыйзам боюнча журналисттен эч ким кабарды жана материалдарды алдын ала макулдашууну талап кыла албайт, ошондой эле текстти өзгөртүүнү же толугу менен басмадан (эфирден) материалды же кабарды алып салууну талап кыла албайт. Бирок иш жүзүндө өзүн-өзү цензуралоо журналисттик ишмердүүлүктү абдан күчтүү чектегич катары калууда”, – деп бүтүм чыгарат Медиа Полиси институтунун юристи Акмат Алагушев.

Акмат Алагушев

Анын айтканына караганда, маалыматтын таралышына тоскоолдук кылуу максатында түз кысым көрсөтүү гана юридикалык жактан цензура катары түшүнүлгөндүгү себеп болууда.

«ЖМКнын ишинин мазмунун түзөтүү максатында ага кыйыр таасир көрсөтүүнү да цензура катары таануу зарыл. Ал ар түрдүү формада болуп, ага мыйзамсыз улутташтыруу же ЖМКнын активдерин башкача жол менен берүү, ар-намысты жана ишкердик репутацияны коргоо тууралуу иштерде негизсиз жогорулатылган компенсацияларды салуу, ошондой эле мүлктү камакка алуу да кирет. Цензурага мындан тышкары ЖМК өз ишмердигин жүргүзүп жаткан рынокторго чектөөлөрдүн киргизилүүсүн, жарандык жүгүртмөгө кирген маалыматтын таралышына тоскоолдук кылууну, журналисттердин дарегине айтылган коркутууларды жана күч колдонууларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын баскынчылык менен тартып алууну да киргизсе болот”, – дейт медиаюрист.

Анын айтканына караганда иштеп жаткан мыйзамда цензура түшүнүгүнө арналган бөлүм жетишпей турат. Анда ЖМКга кысым көрсөтүүнүн бардык ыкмалары майда-чүйдөсүнө чейин жазылмак.

Мындан тышкары эксперт ЖМКнын маалыматка жетүүсүнө байланышкан мыйзам базаларындагы кемчиликтерди да белгилейт.

«ЖМК жөнүндөгү” мыйзам мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын журналисттин суроосуна жооп берүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү сыяктуу толуктоолорду талап кылат. Жооп беш күндөн кечиктирилбей берилиши керек, эгер сурап билүү жарандын укугу менен эркиндигине, айлана чөйрөнүн абалына, кырсыктарга, катастрофаларга, коркунучтуу табигый кубулуштарга же болуп өткөн же болбосо боло турган башка өзгөчө кырдаалдарга тиешелүү болуп, жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирсе, анда жоопту даярдоонун мөөнөтүн 2 күнгө чейин коюу зарыл”, – деп эсептейт Акмат Алагушев.

Мындан тышкары жеке менчик формадагы уюмдардын маалыматына жетүү үчүн шарттары так аныкталган оңдоолор керек.

«Ишканалар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызматтагы адамдары коомдук кызыкчылык жаратып, жарандардын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү болуп жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар маалыматтар менен таанышуу үчүн, ЖМКга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө милдеттүү экендигин билдирген шарттарды камтыган өзүнчө пункт зарыл. Ушул категориядагы маалыматтын ээлери үчүн, алардын юридикалык жактар же жеке ишкерлер же болбосо менчиктин аралаш формасы менен акционердик коомдор экендигине карабай, 10 күндүк мөөнөт коюу керек”, – дейт Медиа Полиси институтунун юристи.

А. Алагушевдин ою боюнча, мындан тышкары журналисттердин күнүмдүк ишинде аларды коргоонун кепилдиктерин кеңейтүү зарыл.

«Кайсы учурда ЖМК органы чындыкка туура келбеген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик тартпай турган учурларды мыйзам аныктаган. Берене “Чындыкка туура келбеген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу учурлары” деп аталат. Ал ЖМК журналисттерин күнүмдүк иштеринде коргой турган төрт позицияны аныктаган. Ушул ченемди кошумча учурлардын эсебинен кеңейтүү зарыл. Ушундай учурлардын бири катары жок дегенде “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү” чектеш мыйзамдын “эгер телерадиоуюм жана анын кызматкерлери башка жалпыга маалымдоо каражаттары же маалымат агенттиги тараткан материалды толугу менен ага шилтеме берип кайталаса, бул учурда чындыкка туура келбеген маалымат үчүн жоопкерчилик тартышпайт” деген ченем болушу керек”, – деп белгилейт юрист.

Анын пикири боюнча мындан тышкары, эгер маалыматтар башка ЖМКдан кайталанып басылса же көчүрүлүп берилсе, редакция, башкы редактор жана журналист жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана башка укуктарын бузган маалыматтарды тараткандыгы (мисалы, жеке жана үй-бүлөлүк купуялуулукту коргоо укуктарын), же болбосо балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирген жана акырында жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин жана/же журналисттин укугун кыянатчылык менен пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик тартпашы керек.

Тажикистан: кагылышуулар чырмалышканда

Тажикстанда медиауюмдардын жана журналисттердин ишмердүүлүгүн төмөнкүлөр жөнгө салат:

  • Тажикстан Республикасынын Конституциясынын 30-беренеси,
  • “Мезгилдүү басма сөз жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам,
  • “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү” мыйзам,
  • “Маалыматка жетүү укугу жөнүндөгү” мыйзам.

Нуриддин Каршибоев

Жалпысынан республикада 10го жакын мыйзам сөз эркиндигине жана маалыматтын эркиндигине кепилдик беришет.

Тажикстандын көз каранды эмес ЖМКнын улуттук ассоциациясынын (ТККЭЖМКУА) төрагасы Нуриддин Каршибоев иштеп жаткан мыйзамдар принцибинде эл аралык стандарттарга шайкеш келет деп эсептейт.

«Бирок мыйзам актыларынын ортосундагы айрым бир коллизиялар же чектөөчү чаралар байкалып турат, менин көз карашымда ушулар БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлөрүнүн талап коюусунун себеби болуп келүүдө. Мындай кемчиликтер өлкөнүн мыйзамдарынын адам укуктары боюнча кийинки докладга чейинки шайкеш келтирилүү процессинде четтетилиши зарыл”, – дейт эксперт.

Ал өлкөдөгү негизги проблема укуктарды колдонуу практикасында экендигин белгилейт.

«Тажикстанда ушу кезге чейин мыйзамдын үстөмдүгү декларативдүү ураан болуп келет. Күнөөсүздүк презумпциясы сакталбайт, ал эми көз каранды эмес сот системасынын жоктугу мыйзам ченемдерин тандоо менен колдонууга алып келет. Жогоруда келтирилген кемчиликтер башка субьективдүү жана обьективдүү факторлор менен бирге өлкөдө ЖМК ишмердүүлүгүнүн катаал шарттары менен байланыштуу болуп, журналисттердин өз миссияларын эркин аткаруусуна жол бербейт”, – деп жыйынтыктайт Нуриддин Каршибоев.

Казакстан: талаптар катуулап гана бара жатат

Казакстандагы медиауюмдардын ишмердүүлүгү үчүн укуктук базалар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • Конституция,
  • “ЖМК жөнүндө” мыйзам,
  • “Телекөрсөтүү жөнүндө” мыйзам,
  • “Информатизациялоо жөнүндө” мыйзам,
  • “Байланыш жөнүндө” мыйзам,
  • “Маалыматка жетүү жөнүндө” мыйзам,
  • диффамациялар жөнүндө ченемдер – Жарандык Кодекс жана КоАП,
  • Кылмыш жана Жарандык кодекстердин жеке жашоонун кол тийбестиги жана купуялуулугу жөнүндө, улуттук, диний чыр-чатактарга жана касташууну күчөтүүгө, социалдык чыр-чатактарга жана экстремизмдин башка көрүнүштөрүнө жол бербөө жөнүндө ченемдери,
  • “Реклама жөнүндө” мыйзам,
  • автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзам базалары.

Гульмира Биржанова

“Укуктук медиаборбор” коомдук уюмунун юристи Гульмира Биржанованын  айтканына караганда, Казакстандын Конституциясы ар бир адамга сөз жана чыгармачылык эркиндигине, маалымат эркиндигине кепилдик бергени менен, жалпысынан бул кепилдиктер эл аралык укукта каралган деңгээлден төмөн турат.

«Республикадагы ЖМК жөнүндө мыйзамдардын бардыгы чектөөчү жана тыюу салуучу ченемдерден турат, ошондой эле көпчүлүк бөлүгү сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Эми акыркы тенденциялар да ушундай, мамлекет барган сайын бул тармактагы мыйзамдарды катаалдантып бара жатат”, – деп бүтүм чыгарат Биржанова.

Бүгүнкү күндө медиа мыйзамдары жаатындагы бир аз жакшы жагына жылыш, бул Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин “Аткаруу өндүрүшүн жана кылмыш мыйзамдарын өркүндөтүү маселелери боюнча Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койгону болду деп эсептейт эксперт. Бул мыйзамда жалаа жөнүндөгү берененин криминалдашуудан арылуусу жөнүндө жобо бар.

“Эми Казакстандын Кылмыш кодексиндеги “Жалаа” аталган 130-беренеси Кылмыш кодексинен Административдик кодекске көчтү. Мындан тышкары жеке сүрөт укугуна өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан ары ЖМК продукциясын жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн даярдоодо, жарыялоодо, көбөйтүүдө жана таратууда сүрөткө тартылып жаткан адамдын макулдугу дайыма эле талап кылынбай турган болду”, – деп белгилейт Биржанова.

Ал бул эрежелер төмөнкү учурларга жайылтыла тургандыгын баса көрсөттү:

  1. эгер сүрөткө тартылган адам оюн-зооктуу маданий-массалык, маданият жаатындагы социалдык маанилүү, спорттук-массалык иш-чараларда, жыйындарда, митингдерде, жүрүштөрдө же демонстрацияларга жана башка эл алдындагы иш-чараларда болгон же катышкан учурларда;
  2. эгер таратылган маалымат сүрөттөгү адамдын кызматына жана (же) ал адамдын ачык ишмердигине байланышкан маалыматты камтып, ошондой эле ал өзү, мыйзамдуу өкүлү же ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жеткиликтүүлүгү чектелбеген булактарга жарыяланса;
  3. эгер сүрөткө тартылган адамды конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти сактоо, адамдын укугун жана эркиндигин, калктын ден соолугун жана нравалуулугун коргоо максатында пайдалануу менен ишке ашырылса.

Медиаюристтин айтымында ошол эле учурда Казакстандын мыйзамдарында сөз эркиндигин өнүктүрүүгө тоскоолдук кылып жана журналисттердин ишмердүүлүгүн татаалданткан көптөгөн ченемдер бар. Атап айтканда бир катар беренелерде жазуу түрүндө же оозеки тексттерди таратуу жолу менен, ошондой эле эл алдында чыгып сүйлөө менен аткарылган иштерге кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Аларга Кылмыш кодексинин төмөнкү беренелери кирет:

  • «Агрессивдүү согушка себепкер болууга ачык чакырыктар же пропаганда”,
  • «Социалдык, улуттук, уруулук, расалык, калктын катмарлары арасында (сословие) же диний чыр-чатактарды күчөтүү”,
  • «Коомдук тартиптин бузулушуна же жарандардын же болбосо уюмдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарына жана укуктарына бир топ зыян келтирүүчү, же коомдун же болбосо мамлекеттин мыйзамдар менен корголгон кызыкчылыктарына коркунуч жараткан алдын ала жалган маалыматты таратуу”,
  • «Бийликти басып алууга же кармап турууга пропаганда жасоо же ачык чакырыктар, ошондой эле бийликти басып алуу же болбосо кармап туруу же Казакстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүү”,
  • «Террорчулукту пропагандалоо же террорчулук актысын ишке ашырууга ачык чакырыктар” жана башкалар.

Казакстанда Кылмыш кодексинин «Социалдык, улуттук, уруулук, расалык, калктын катмарлары арасында (сословие) же диний чыр-чатактарды күчөтүү” деген 174-беренеси бир топ “ийгиликтүү” колдонулууда. Муну менен интернетке чыккан материалдар боюнча акыркы белгилүү сот процесстеринин бардыгы байланышкан.

«Берене социалдык, улуттук, уруулук, расалык, калктын катмарлары арасындагы же диний чыр-чатакты, улуттук абийирди жана ар-намысты же жарандардын диний сезимдерин кемсинтүүнү, ошондой эле өзгөчөлүктү, жарандардын  артыкчылыктарын же өксүктөрүн алардын динге болгон мамилесиндеги белгилер боюнча пропагандалоо, калктын катмарлары арасында, улутка, урууга же расага таандыгын козутууга багытталган атайын аракеттер үчүн жоопкерчиликти карайт, эгер бул аракеттер ачык же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же болбосо телекоммуникация тармактарын колдонуу менен жасалса, ошондой эле социалдык, улуттук, уруулук, калктын катмарлары арасындагы же диний чатактарды пропагандалоочу адабияттарды же башка маалымат ташыгычтарды даярдоо жана жайылтуу жолу менен жасалса – эки жылдан жети жылга чейин эркиндигин чектеген жаза түрүндө же ушул эле мөөнөттөргө эркиндиктен ажыратууну карайт”, – деп түшүндүрмө берди Гульмира Биржанова.

Бирок анын айтканына караганда жакында эле Казакстандын кылмыш кодексиндеги 174-беренеге бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. Берененин аталышындагы “козутуу” түшүнүгү “күчөтүүгө” алмаштырылды. Ошондой эле эркиндикти чектөө менен ажыратуудан тышкары кошумча санкциялар – эки миңден жети миңге чейин өлчөмдөгү бир айлык эсептик көрсөткүчтөгү айып төлөө киргизилди.

Гульмира Биржанова Казакстандын бийлиги маалыматтык мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүсү зарыл деп эсептейт.

«ЖМК жөнүндө жаңы демократиялуу мыйзам кабыл алуу керек, ал эми укук колдонуу практикасында эл аралык принциптерге жана стандарттарга шилтеме жасоо зарыл. Мындан тышкары Казакстандын кылмыш мыйзамдарындагы – кемсинтүү, алдын ала жалган маалымат таратуу, чыр-чатакты күчөтүү сыяктуу ой-пикирлерди эркин билдирүү укугун ишке ашырууга байланышкан аракеттердин криминалдашуусунан арылтуу талап кылынат”, – дейт ал.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу