Жүктөө
Басып чыгаруу

Казакстанда шайлоо процессин чагылдырууда журналисттер эмнелерге кѳӊүл бурушу керек

Казакстанда маслихаттарга (бийлик органдарынын жергиликтүү ѳкүлчүлүктѳрү) жана Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисине (ѳлкѳнүн мыйзам чыгаруу органынын тѳмѳнкү палатасы) депутаттык шайлоолор жарыяланды. Шайлоо 2021-жылдын 10-январында ѳтѳт.

CABAR.asia медиаюрист Гүлмира Биржанова менен бирге шайлоо процессин чагылдырууда журналисттер менен ММКлар кайсы укуктук аспектилерди эсинен чыгарбашы керек экендиги боюнча сунуштарды даярдап чыкты.

Эгер ММК шайлоо кампаниясын чагылдырууга катыша турган болсо, анда тѳмѳнкүлѳрдү аткарууга тийиш:
  •  шайлоо күнү расмий түрдѳ белгиленгенден тартып 10 күндѳн кеч эмес мѳѳнѳттүн ичинде   массалык маалымат каражаттарынан эфир жана басма аянтын берүүнүн акысы, шарттары жана тартиби жѳнүндѳ маалыматты жарыялоо жана БШКна тапшыруу;
  •  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелери менен талаптарын сактоо;
  •  талапкердин же саясий партиянын намысына, кадыр-баркына жана  беделине атайылап шек келтирген материалдарды жарыялоодон баш тартуу жана шайлоо кампаниясын объективдүү чагылдыруу;
  •  бардыгына бирдей кѳлѳмдѳ эфир жана басма аянттарын берүү менен жалпы  талапкерлерди жана партиялык тизмелерди илгерилетүү боюнча иш-чаралар, алардын шайлоо комиссиясы тарабынан катталуусу жѳнүндѳ маалымат таратуу;
  • массалык маалымат каражаттары каттоодон ѳткѳн талапкерлер менен партиялык тизмелерин берген саясий партияларга келишимдик негизде эфирдик убакыт жана басма аянтын берүүгѳ тийиш;
  •  массалык маалымат каражаттары тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоо алдындагы кампаниянын жүрүшү тууралуу маалыматты жана аракеттеги Конституциялык мыйзамда белгиленген билдирүүлѳрдү жарыялоо үчүн дароо мүмкүндүк берүүгѳ милдеттүү.
Шайлоону чагылдырып жаткан ММКлар үчүн тыюу салынган иш-аракеттер

Кайсы бир талапкерге артыкчылык берүүгѳ, басылманын тиражын ѳзгѳртүүгѳ, талапкерлердин сѳзүн бѳлүү же аларга түшүндүрмѳ берүүгѳ тыюу салынат. Себеби ММК редакциясынын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусу бардык талапкерлердин материалдарын жарыялоого карата макулдугун билдирет.

Үгүт иштеринин мѳѳнѳтү жѳнүндѳ

Улуттук мыйзамдарга ылайык, Казакстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлерди каттоо мѳѳнѳтү аяктаган учурдан башталат жана добуш берүү күнүнѳн мурунку суткада түнкү саат 00:00дѳ аяктайт. 

Казакстан Республикасында жарыяланган шайлоого карата шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-декабрда саат 18:01де башталып, 2021-жылдын 9-январында саат 00:00дѳ бүтѳт. 

Эгер кайрадан добуш берүү чечими чыгарылса, анда шайлоо алдындагы үгүт иштери кайра добуш берүү белгиленген учурдан тарта кайта башталып, шайлоого чейин бир сутка мурун аяктайт.

Аккредитация жѳнүндѳ

Аккредитация чет ѳлкѳлүк массалык маалымат каражаттары үчүн гана милдеттүү.  Чет ѳлкѳлүк ММКларга ал КР ТИМ тарабынан берилет. 

Казакстандык ММКнын журналистинин аккредитацияга ээ болуусу ага аккредитациясы жок башка журналисттерден артыкча укук бербейт. Бирок, ишин жеӊилдетиши мүмкүн.

Маалыматка жетүү жѳнүндѳ

«Массалык маалымат каражаттары жѳнүндѳ» Казакстан Республикасынын мыйзамына ылайык, журналист шайлоо ѳткѳрүүгѳ даярдыктарды кѳрүү этабында  ар кандай маалымат алуу үчүн шайлоо комиссиясына кайрыла алат. 

Шайлоо участокторунда иштѳѳ жѳнүндѳ

Добуш берүү күнүндѳ шайлоо участогу ачылган убактан тартып добуш берүүнүн жыйынтыктары чыккан учурга чейин шайлоо участогуна келгендердин добуштарын саноо иш-чарасына ар бир массалык маалымат каражатынан кызматтык күбѳлүгү жана редакциянын тапшырмасы берилген бирден ѳкүл катышууга укуктуу.

Сүрѳткѳ жана видеого тартуу жѳнүндѳ

Казакстан Республикасынын Жарандык кодексинин «Сүрѳттѳѳ укугу» деп аталган 145-беренесине ылайык, шайлоо участокторунда шайлоо жалпы элдик иш-чара катары сыпатталгандыктан, анын жүрүшүн сүрѳткѳ жана видеого тартууга уруксат берилет. Ал эми практика боюнча жалпы элдик иш-чараларды сүрѳткѳ же видеого тартуу үчүн жарандардын макулдугу талап кылынбайт.

Социологиялык изилдѳѳлѳрдү жарыялоо жѳнүндѳ

Шайлоо жѳнүндѳ коомдун пикирин сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоодо ММКлар сурамжылоону жүргүзгѳн юридикалык жакты; сурамжылоого буйрутма берген жана тѳлѳмүн ишке ашырган жактарды; сурамжылоо жүргүзүлгѳн мезгилди;  маалыматтарды топтоо ыкмасын; суроонун так туюндурулушун; сурамжылоого тартылгандардын санын жана натыйжалардын каталык коэффициентин кѳрсѳтүүгѳ тийиш. 

Талапкерлерди жаманатты кылуучу маалыматтарды таратуу боюнча жоопкерчилик

Мыйзам боюнча ММКлардан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо кампанияларын объективдүү чагылдыруулары талап кылынат, ошондуктан алар талапкердин же саясий партиянын намысына, кадыр-баркына жана  беделине атайылап шек келтирген үгүт материалдарын жана башка маалыматтарды жарыялабоого тийиш. 

Бул болсо, басылмалар менен телеканалдар каралоого кабылган жактарга басылманын эӊ жакынкы номеринен каралоо билдирүүсү же материалы жайгашкан жерден, ошол шрифт менен жана ошондой кѳлѳмдѳ ѳз намысын, кадыр-баркын жана беделин коргоо максатында каралоолорду жокко чыгаруу боюнча маалыматтарын акысыз жарыялоого мүмкүнчүлүк бериши керек дегенди түшүндүрѳт. Радиодон же телевидение аркылуу каралоону жокко чыгаруу  каралоо материалы чыккан теле-, радио программадан каралоо жарыяланган убакытта берилүүгѳ тийиш. Ал эми ал теле-, радиопрограмма жабылып калган учурда, окшош тематикалык багыттагы теле-, радиопрограмма аркылуу жарыяланат.   

Тѳгүнгѳ чыгаруунун кѳлѳмү каралоо билдирүүсүнүн же материалынын кѳлѳмүнѳн эки же андан кѳп эсе жогору болбошу керек.

Соттук териштирүүнүн предмети болуп калбаш үчүн шайлоо жана талапкерлер тууралуу материалдар кандай болушу керек экендиги жѳнүндѳ

Нейтралдуу тон – эӊ мыкты жол. Жарыяланып жаткан бардык материалдарды саясий талапкерлерге же партияларга карата артыкчылык берүүлѳрдүн же жаӊылыш пикирлердин орун албагандыгына текшерип чыгуу абзел.  Бул болсо, талапкерлер тууралуу билдирүүлѳр аларга баа берүүлѳрдү же божомолдоолорду камтыбоого тийиш дегенди түшүндүрѳт.

Башкы сүрөт: tengrinews.kz

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу