Жүктөө
Басып чыгаруу

Түз эфир (Live Streaming)

Spoiler/Спойлер (click to read/кликните, чтобы прочитать)
Түз трансляция – телевидение аркылуу да, социалдык тармактардан да жаӊылыктарды берүүнүн абдан маанилүү бѳлүгү. Азыр смартфонду колдонуп, мобилдик телефондун сигналы кармаган бардык жерден түз эфирге чыга алабыз. Бул абдан эле жѳнѳкѳй. Ошентсе да, түз трансляцияга байланыштуу эстен чыгарбай турган бир нече учур бар. (слайд) Биринчи кезекте,  түз эфирдин эки тиби бар экендигин белгилей кетели.
Биричиси – трансляция. Силер окуя болуп жаткан жерден жаӊылык телерадиокомпаниясынын түз эфирине чыга аласыӊар. Радио мурунтан бери эле мобилдүү мүнѳзгѳ ээ болуп келген. Агымдык видеолорду спутниктик ѳткѳрүүчүлѳрдү колдонбостон берүү акыркы жылдары кыйла жеӊил болуп калды. Эфирде силер негизинен студиядагы кесиптешиӊер менен, кѳбүнчѳ жаӊылыктардын алып баруучусу менен баарлашасыӊар. Жабдуу да татаал. Телеберүү үчүн жогорку стандарттар талап кылынат, ошондуктан, жаӊылык командаларына  LiveU сыяктуу ишканалардан кутулар берилет. Кутуларда мыкты жана ишенимдүү сигналды камсыздай турган бир нече сим-карта болот. Ошентип, жабдуу катары телефон менен чоӊ камералардан баштап, трансляция үчүн атайы жабдууга чейин колдонулат. Социалдык медиалардагы түз эфирлер абдан эле айырмаланып турат.
Мында силер аудиторияӊар менен диалог жүргүзѳсүӊѳр. Бул кесиптештерден эмес, кѳбүнчѳ комментарийлерге келген жеке суроо-жооптор. (слайд) Биринчиден, канткенде техникалык стандарттарды жогорку деӊгээлде кармап турууга болот?  Албетте, студияда эӊ мыкты жабдуулар болот. Бүгүнкү күндѳ Vmix же OBS сыяктуу программалык камсыздоону пайдаланып, үй шарттарында жакшы бир студия түзѳ аласыӊар. Бирок мен жаӊылыктар студиясынан сырткары жайгашкан жерден жасалган стримингге токтолмокчумун. Эгерде Интернет аркылуу трансляциялап жатсаӊар, жүктѳѳнүн ылдамдыгын текшерүү талап кыланат. Кѳчүрүүнүн ылдамдыгы боюнча тынчсызданбай эле койгула. Бул үйдѳ отуруп кѳрүү үчүн фильмдерди кѳчүрүү зарыл болгон учурда гана маанилүү. Стриминг үчүн силер сигнал жибересиӊер, ошондуктан жүктѳѳнүн ылдамдыгы кѳбүрѳѳк мааниге ээ. Ошондой эле ылдамдыкты текшерүүгѳ арналган тиркемелерди орнотсоӊор же атайын веб-сайтка кирсеӊер болот.
Эреже катары, жок дегенде секундасына 5 мегабит болууга тийиш, бирок ылдамдык канча жогору болсо, ошончолук жакшы. Телефон колдонгон учурда сырткы микрофондор иштеп жаткандыгын текшергиле, ички микрофонго ишенүү сунушталбайт. Себеби, жакшы үндү алуу үчүн алар силерден ѳтѳ алыс жайгашкан. Эгер селфи камерадан арткы камерага ѳтсѳӊѳр, телефон башка тарапка багытталган микрофонду иштетет. Телефондордун кѳбүндѳ 3 же 4 ички микрофон болот. Силер ѳтѳ кымбат эмес микрофон же микрофонду смартфонго туташтыра турган атайын адаптерлерди сатып алсаӊар болот. Тек гана жакшы сапаттагы аудиону трансляциялап жатканыӊарга кѳзүӊѳр жеткидей болсун.
Андан ары жарык тууралуу ойлонгула. Табигый жарыкты да колдоно аласыӊар. Бирок, үстѳмдүк кылуучу күчтүү жарыктын багытында тартпагыла. Мындай жерге терезе же күн кирет. Ѳтѳ жарык жерде тартпаганга аракет кылгыла, антпесе, силуэт таасири пайда болот. Эгер ѳзүӊѳрдүн жарыгыӊарды кошууну кааласаӊар, азыр камералар үчүн абдан эле арзан светодиоддук чырактар сатылат. Аларды телефондун же камеранын үстүнѳ орнотуп коюуга болот.

Дагы бир айта кетчү нерсе – камераны турукташтыргыла. Түз трансляция – түтүктѳн аккан суу сыяктуу. Түтүктүн ичиндеги сыйымдуулук жогору. Демек, түтүк боюнча кѳбүрѳѳк маалымат кетиши керек. Кѳрүнүштү ѳзгѳртүү максатында камераны ар кайсы тарапка бурганда, камера токтоп кала берет жана сапат тѳмѳндѳйт. Эгер штатив же турукташтыруучу башка бир нерсени колдонсоӊор, трансляциянын сапаты кыйла жогору болот. (слайд) Эми социалдык тармактарда түз трансляция тууралуу бир нече кеӊеш берип кетейин.

Биринчи кезекте, эфирди баштабай туруп, түзүлүшүӊѳрдүн багытын тандап алгыла. Вертикалдуу же горизонталдуу багытта тартасыӊарбы? Instagram live сыяктуу платформа –  вертикалдуу видеолор экени баарыбызга маалым. Бирок, Facebook силерге тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Каалагандай тарта аласыӊар. Бирок эфирди баштагандан кийин ойлонууга кеч болуп калат.

Андан ары аудиторияны кызыктырып, ѳзүӊѳргѳ тарткыла. Бул үчүн алгоритмдерден сыйлык аласыӊар. Булар комментарийлер, лайктар, шерлер же аракеттешүүнүн башка түрлѳрү болушу мүмкүн. Эгер силер контент жаратып, аудиторияны катыштыра алсаӊар, алгоритм контентиӊерди кѳп сандагы кишилерге кѳрсѳтѳт. Элден кѳбүрѳѳк комментарий жазуусун жана реакцияларын билдирүүсүн ѳтүнгүлѳ.

Социалдык тармактарда түз эфирдин эӊ жакшы узундугу – 20 мүнѳт. Бирок, стриминг учурунда эл кошула берет. Алардын баары теӊ башынан баштап катышпайт, ошондуктан белгилүү бир убакыт сайын жаӊы кошулгандар менен саламдашып, трансляциянын темасын эске салып туруу талап кылынат. Дагы бир маанилүү нерсе – комментарийлерге кѳз жумбагыла. Аудитория  Facebook Live сыяктуу платформалардан сүйлѳшкѳндү жактырат, ошондуктан комментарийлерге кѳӊүл буруп, аларга дайыма жооп берип тургула. Түз эфир аяктагандан кийин деле комментарийлерге жооп беришиӊер керек. Трансляция аяктаган соӊ, жумушум бүттү деп ойлобогула. Балким, Facebook Live платформасына конок кирип, кызыктуу бир нерсе айткандыр.
Кайра кайтып, трансляцияны жаздыруу үчүн сыпаттамаӊарды редакциялап чыккыла. Муну баштема катары түшүнүү зарыл. Түз трансляциянын мазмунун билген соӊ гана, жазууну кѳргѳндѳр үчүн сыпаттамаӊарды жакшыраак түзѳ аласыӊар.

Жазган материалыӊарды илгерилетүүнү унутпагыла. Башка социалдык каналдардан шилтемени бѳлүшкүлѳ. Буга онлайн-видео сыяктуу эле мамиле кылуу керек (слайд).

Түз эфирде кишилер жол берген айрым каталарга токтолоюн. Токтоп калуу жѳнүндѳ унутпагыла. Эгер Facebook’тан трансляция жүргүзүп жатсаӊар, экранга билдирүү чыкканга чейин  он-жыйырма секунддук убакыт ѳтүп кетиши мүмкүн. Мындай кечигүү – кадыресе кѳрүнүш. Туура эмес болуп калды деп, эфирди токтотуп салбагыла.

Андан ары – комментарийлер үчүн жардамчы тапкыла. Комментарийлерге жетишпей, аларды модерациялоо кыйын болуп калышы ыктымал. Эгер силер ири бир жаӊылыктар бѳлүмүндѳ иштесеӊер, комментарийлерди кѳзѳмѳлдѳй турган бирѳѳнү тапканыӊар оӊ. Бир киши комментарийлерди карап, мыкты 3-4 комментарийди WhatsApp аркылуу жѳнѳтүп турса жакшы. Экинчи телефонуӊар болсо, ал билдирүүлѳрдү окуп турасыӊар. Комментарийлердин баарын окуп, ичинен мыктыларын издѳѳ үчүн дагы кѳп убакыт кетет. Эгер ѳзүӊѳрдүн телефон менен эфирге кирсеӊер, дагы бир түзүлүштүн болгону жакшы. Аудиториядан келип түшкѳн комментарийлерди ѳзүӊѳр окуй бересиӊер. Ошондой эле коопсуздук эрежелерин да кѳз жаздымда калтырбагыла. Кээде түз трансляцияга ѳтѳ берилип кеткендиктен, агрессивдүү карап тургандарды, унаа же дагы башка коркунучту байкабай калабыз. Этият болгула жана кимдир-бирѳѳнѳн эки жакка кѳз чаптырып туруусун ѳтүнгүлѳ. Объективди тапкыла. Бул түз эфирге телефондун алдыӊкы камерасынан кирүүдѳ жаралган кѳйгѳй. Кээде киши телефондун экранынан объективди карабай, ѳзүн карап сүйлѳп калат. Кѳздѳрүӊѳр тийиштүү жерди карап жатканын текшергиле.
Эми, силерге туура башталыш менен туура аякталыш керек. Түз трансляция бардык эле башка видеолорго окшош. Башталышы менен аягы таасирдүү болуусу зарыл.  Аягы иш-аракетке чакырык сыпатында болушу ыктымал. Кѳрүүчүлѳргѳ сайтыӊарга кирүүнү же комментарий калтырууну сунуштагыла. Түз эфирде чарчап, туура эмес аяктап калуусуна жол бербегиле.
Дагы бир нече жыйынтыктоочу кеӊеш берейин. Эгер силер күчтүүрѳѳк мобилдик интернет болсун десеӊер, бир нече телефонду бириктирип, андан да күчтүү жана ишенимдүү агымды камсыздоочу Speedify аттуу тиркеме бар. Эгер iOS түзүлүшүӊѳр бар болсо, Switcher Studio тиркемесин колдонуп графикасы менен кѳп камералуу трансляция жүргүзѳ аласыӊар. Бул болсо, камера булактары катары бир нече телефонду колдоно аласыӊар дегенди билдирет. Бирок, алардын баары бир эле Wi-Fi түйүнүнѳ туташышы керек. Эгерде ноутбукка dslr же видеокамера туташтыра турган болсоӊор,  муну elgato camlink сыяктуу камтуу картасынын жардамы менен аткара аласыӊар. Мунун жардамы менен туташтырылган камеранын ноутбукта веб-камера сыпатында кызмат кылуусун камсыздоого болот. Ал эми  LiveU жана Teradek сыяктуу ири компаниялардын телефондон да, салттуу камералардан да түз эфирди алып баруу мүмкүнчүлүгүн берген аппараттык да, программалык да камсыздоолору бар.

Жыйынтыктап жатып, түз трансляция – социалдык тармактарда акыркы жаӊылыктарды айтып берүүнүн жана аудиторияны кызыктырып, тартуунун мыкты жолу деп айтмакчымын. Бул жѳнѳкѳй эрежелерди сактап, жарык менен үндү туура ырастасаӊар, трансляцияларды окуяларды баяндап берүүнүн пайдалуу аспабына айландыра аласыӊар.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу