Жүктөө
Басып чыгаруу

Жеке бренд

Бул видео жеке брендди жана беделди онлайн түзүү жөнүндө баяндайт. Силер менен социалдык тармактардагы абалды жакшыртуунун жолдору, жеке беделиӊерди калыптандыруу үчүн кандай кадамдарды аткаруу зарыл экендиги, ошондой эле көӊүл бурула турган башка нерселер жөнүндө кеп кылабыз.

Spoiler/Спойлер
Жеке брендди жана беделди онлайн түзүү жөнүндөгү видеого кош келиӊиздер. Журналист катары силер көпчүлүктүн ичинен айырмаланып  турушуӊар керек, үнүӊөр башкаларга жетүүсү зарыл. Силерге олуттуу мамиле кылып, ишеним арткан кишилер керек.  Эгер башкалардын ишенимине жете албасаӊар, анда бедел жагынан да, журналист катары да социалдык медиада эч нерсеге ээ эмесмин деп эсептей бергиле. Бүгүн биз силер менен социалдык тармактардагы абалды жакшыртуунун жолдору, жеке беделиӊерди калыптандыруу үчүн кандай кадамдарды аткаруу зарыл экендиги, ошондой эле көӊүл бурула турган башка нерселер жөнүндө кеп кылабыз.
Мен BBCнин (Би-би-си) мурдагы журналистимин, 15 жыл жаӊылыктар бөлүмүндө эмгектендим. Ал учурда Интернет, социалдык тармак деген  нерселер жок болчу. Журналисттер уюмдарда иштеп, алып баруучу же ушул сыяктуу кызматта иштегендерден тышкары, эч кимде жеке профиль болгон эмес.   Социалдык тармактар пайда болуп, журналисттер Интернеттен өз образдарын жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышты.
Мен журналисттерге социалдык тармактарды колдонуу боюнча тренингдерди өткөргөндө, муну жолчырак катары кабыл алгыла деп айтам.
Жолчыракта кызыл, сары, жашыл түстөр бар. Кызыл – дүйнө жүзүнө белгилүү кылууну каалабаган нерсеӊер. Ошондуктан, алгач жалпы коопсуздук жана интернеттеги коопсуздук тууралуу  айтып берүү маанилүү деп эсептейм. Билинүүсүн каалабаган маалыматты сактагыла.
Жашыл бөлүк – чын дилиӊерден дүйнө жүзү менен бөлүшкөн, элдердин кабардар болуусу силер үчүн кубаныч тартуулай турган нерселер.
Сары бөлүк – көбүрөөк түс жана индивидуалдуулук. Бүгүнкү күндө силерде индивидуалдуулук менен жеке ой-пикириӊер болбосо, анда бүтүндөй бул маалымат ызы-чуусунун ичинде билинбей каласыӊар. Ошондуктан, жеке үнүӊөр менен тонуӊарды өнүктүрүп, аудиторияӊар менен адамдык мамиле түзүүгө тийишсиӊер.
Интернет мейкиндигинде жеке брендиӊерди жаратууда бардыгын «эмне үчүн?» деген суроодон баштагыла.
Эмне үчүн муну жасап жатасыӊар?

Мындан эмне алууну каалайсыӊар?

Өзүӊөрдү кайсы платформалардан көрүүнү каалайсыӊар?

Кимге багыт алдыӊар?

Кишилерге алар  башка жерден ала албаган эмнени жеткиргиӊер келет? Башкалардан силерди айырмалап турган баалуулук эмне?
Жеке брендди түзүүдө башкалардан айырмалануу, ишенимдүү үнгө ээ болуу абдан маанилүү.
Силер социалдык тармактардагы бардык профилдериӊер мыкты болуш үчүн биринчи кезекте алардын оптималдаштырылуусун текшерип алышыӊар керек.
Жакшы фотосүрөт жайгаштырып, биографиялык маалыматыӊарды ачык-айкын жазууга тийишсиӊер. Анткени, кишилер экрандарын өтө тездик менен баракташат, силер болсо алардын назарын бурууга жетишип калышыӊар керек.
Жакшы фотосүрөтүӊөрдүн, биографияӊарда ким экениӊерди билдирген ачкыч сөздөрдүн  түшүнүктүү болушу абдан маанилүү.
Кайсы платформаларды колдоно турганыӊарды, кандай контент түзүүнү жана канча убакыт сайын чыгарып турууну чечип алуу зарыл. Ойлонуп чыга турган көп нерсе бар. Бул андай деле кыйын эмес. Болгону бир аз убакыт жана күч-аракет жумшаш керек.
Социалдык тармактарды колдонууда журналисттер менен блогерлердин дээрлик бардыгын тынчсыздандырган нерсе – ката кетирип же беделин түшүрүп албоо.

Социалдык тармактарда байма-бай кездешкен каталардын бири –кишилик каталар.

Алгач, жазылгандардын туура экенин, фактылар чындыкка дал келгенин текшергиле.

Ачууланбагыла, башкалар менен талаш-тартышка кирбегиле. Эӊ башкысы –  ишеним менен тактыкты бекемдегиле.

ВВСден кеткениме 12 жыл болду. Андан бери дүйнө жүзү боюнча 6000ден ашуун журналист даярдап чыгардым.
Эсимде,  ВВСнин жаӊылыктар редакциясына 2008-жылы Twitter платформасы келгенде,  бардыгы үчүн жаӊылык болгон. Кесиптештеримде аны колдонуу боюнча толкундануу болуп, мен да  алар менен бирге үйрөндүм. Социалдык тармактарды натыйжалуу колдонуу жолунда ката кетирип алуу коркунучу – эӊ чоӊ тоскоолдуктардын бири.
Менин оюмча, муну эмне үчүн аткарып жатканыӊарды, мындан эмнени алууну каалаганыӊарды жана аудиторияӊар үчүн кандай пайда алып келериӊерди түшүнүшүӊөр керек.
Үнүӊөрдүн тону кандай болот? Белгилүү бир чөйрөдө адистешүүнү каалайсыӊарбы? Жеке менин оюм боюнча, адистешүү туура болот. Эгер өзүӊөр кызыгып, алектенген бир нерсе бар болсо, анда ал боюнча эксперт болуу мүмкүнчүлүгүӊөр да болот.
Эгер контентке кураторлук кылып, башка адамдарга пайдалуу баяндарды жана  маалыматтарды чыгарганыӊар – жеке беделиӊер менен брендиӊерди түзгөнгө барабар.
Ошентип, биз ВВС журналисттерине айткандарыбыздын бири – «Акылсыздык кылбагыла». Бул чын эле биздин кеӊешибиз болду. Ошондой эле, жетектөөчү принциптердин көз карашынан алганда, «Эгер муну эфирден айтпасаӊар же чоӊ энеӊерге айтпасаӊар, анда аны социалдык тармактардан  айтпагыла»,- демекпиз.
Өз профилиӊерди түзүп, кайда болгуӊар келгенин чечкен соӊ, башкаларга кандай баяндарды айтып берериӊерди ойлонуп көрүү маанилүү. Эл менден эмнени уккусу келет  дегенди ойлонуу бөтөнчө маанилүү.
BBCнин эл аралык кызматында аудиториянын керектөөлөрүнө негизделген модель бар. Бизден аудиторияга эмне керек.
Аларга жаӊы маалымат керек.  Кимдир бирөөлөргө эмне болуп өткөнү тууралуу айтып бергиле.
Адамдар окуганды жана жаӊы нерселерди үйрөнүүнү каалашат.  Демек, алар билбеген нерселерди айтып бергиле.  Бир нече кошумча фактыларды же окуянын келип чыгышына себеп болгон  нерселерди сунуш кылгыла.
Аларга перспектива керек.  Бул – калган  бүткүл дүйнөгө кандай таасир тийгизиши мүмкүн, башка адамдарга кандай таасир тийгизет, мага кандай таасир тийгизет  деген нерсе керек. Болуп жаткандардын толук сүрөтү зарыл.
Демек, төмөнкү 3 аспектиден баштоо керек: мени жаӊыла, мага билим бер жана мага перспектива бер.
Дагы бир жагдай – адамдар алаксыгысы келет. Алар таӊ калууну каалашат.  Биз дайыма эле олуттуу боло албайбыз.  Башкача айтканда, мени алаксыт, көӊүлүмдү ач дегидей күлкүлүү же кызыктуу бир нерсе болууга тийиш.

Биз ошондой эле трендди сакташыбыз керек. Социалдык тармактарда эмне болуп жатат, интернеттеги нерсеге эл кандай реакция жасоодо?

Жана акыркысы – «мага эргүү тартуула».  Бул – бардыгыбыз теӊ үмүттөндүрүүчү окуяларды көргүбүз келет, дүйнөдө үмүт бар дегенге ишенгибиз келет дегендик.  Демек, бул чынында эле силер ала турган эӊ социалдык баяндардын бири.
Адамдарга шыктандыруучу баяндар жагат. Ошондуктан силер үмүт бере турган нерсе айтып берсеӊер, элге бул жагат жана аны менен өзүӊөргө ишеним жарата аласыӊар.  Демек, бул – окуялардын аралашмасы.  Эгер силердин контентиӊер такай жалаӊ  олуттуу болсо, аудиторияӊар аны дайыма кабыл ала бериши  күмөн. Ошондуктан адегенде кимге багытталганыӊарды түшүнүп алышыӊар керек. Бул абдан маанилүү.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу