Жүктөө
Басып чыгаруу

“Санарип из” подкасты

Санарип из – бул ар бир адамдын интернеттеги жашоосунун баяны, же башкача айтканда, виртуалдуу дүйнөдө калтырган маалымат топтому.

Бул подкастта CABAR.asia медиамектеби санарип дүйнөсүнө саякатка чыгып, ар түрүдүү темаларга ой жүгүртөт.

Борбор Азиядагы подкасттар жөнүндө кененирээк маалыматты podcastfest.cabar.asia сайтынан алсаныз болот.

Трейлер
1-эпизод “Медиа сабаттуулукка киришүү”
Бул эпизоддо медиа сабаттуулук деген эмне экенин түшүнүүгө аракет кылабыз жана темага жалпы киришүү жасайбыз. Тема жөнүндө медиа эксперттер Алтынай Исаеванын, Тынымгүл Эшиеванын, Марс Тулегеновдун жана Марат Токоевдин ой-пикирлери менен таанышасыз.
2-эпизод “Фейктер жана фактчек”
Бул чыгарылышта фейктер жана фактчек жөнүндө сөз кылабыз. Кыргызстанда фейк маалыматтарды эң көп ким таратат? Алдыңкы фактчекерлердин бири Болот Темиров суроолорго жооп берет.
3-эпизод “Фейк жана трольь фермалар”
Бул эпизоддун башкы темасы — фейк жана тролль фермалары. Кыргызстанда канча фейк фабрикасы бар жана алардын кызматын кимдер пайдаланат? Аталган тема боюнча жарык көргөн материалдарга салым кошкон журналист-котормочу Кайрат Замирбеков баяндайт.
4-эпизод “Пиар, пропаганда жана дезинформация”
Азыркы күндө пиар, пропаганда жана дезинформациянын курмандыгына айланып калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруш керек? Медиа сабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү боюнча кампаниянын редактору Эркайым Алиева ой бөлүшөт.
5-эпизод “Маалыматтык көбүк”
Жыйынтыктоочу чыгарылышта интернет сайттар колдонуучуларды маалыматтык көбүккө киргизип атканы жөнүндө сөз болот. Бул эпизоддун суроосу: Маалыматтык көбүк деген эмне жана андан кантип чыгууга болот? Суроолорго CABAR.asia уюмунун редактору Тимур Токтоналиев жооп берет.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу