Cabar School Макалалар Тест: Борбордук Азиядагы интернет – цензуранын өзгөчөлүктөрү жөнүндө сиз эмне билесиз? 19.02.2021 Бөлүшүү Биз социалдык тармактардабыз Instagram Facebook Telegram ЖАҢЫЛЫКТАР ҮЧҮН ЖАЗЫЛЫНЫЗ Media School Cabar.asia ЖүктөөБасып чыгаруу Тест: Борбордук Азиядагы интернет – цензуранын өзгөчөлүктөрү жөнүндө сиз эмне билесиз? Тест: Борбордук Азиядагы интернет – цензуранын өзгөчөлүктөрү жөнүндө сиз эмне билесиз? Борбордук Азия өлкөлөрүндө социалдык, улуттук, уруучулук, расалык, таптык же диний кастыкты козутууда (тукурууда), согушту, экстремизмди үгүттөө же бийликти күч менен басып алуу чакырыктарын жайылтуу менен кармалган Интернет колдонуучуларга карата бир топ катуу жазалоо каралган. Бирок интернеттеги айыбы мындан абдан эле аз активдүүлүк үчүн, бийликтин жана укук коргоо органдарынын көңүл бурушунун себеби болуп калуу толук мүмкүн. Тесттен өтүп, Интернет колдонуучулары үчүн мыйзамдуу тузактар жөнүндө канчалык деңгээлде билериңизди билип алыңыз. Төмөнкүдөй абалды элестетип көрсөңүз: техногендик кырсыктан улам сиздин өлкөнүн үч аймагы суу ташкынынан жапа чекти. Миңдеген үйлөр кыйрап, көптөгөн адамдар үй-жайсыз калышты. Президент мамлекет жабыр тарткандарга компенсация төлөп берерин, ошондой эле жаңы үйлөрдү курарын убада кылды. Бирок алты айдан кийин убадалар аткарылган жок. Анын үстүнө социалдык тармактарда ушул абал боюнча арызданууга аракет кылгандарды укук коргоо кызматкерлери кармап, бир нече күнгө чейин камакта кармап турушат. Эми суроо: сиз Борбор Азиянын кайсы өлкөсүндө жашайсыз? Казакстанда Кылмыш-жаза кодексинин бир беренеси толугу менен биринчи президенттин ар-намысына Интернетте акаарат келтирүүдөн коргоого арналган. Сиздин оюңузча, Нурсултан Назарбаевге акаарат келтирген билдирүү жазганы үчүн интернет колдонуучу камалышы мүмкүнбү? Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарыялаган материалдарынын алдына жазылган комментарийлер үчүн блогерди чындап эле жоопко тарта алабы? Өзбекистанда нааразылык көрсөтүү акциясына чыгуу чакырыгы үчүн камап коюшу мүмкүнбү? 2020-жылы Кыргызстанда “кызыл зонада” иштеген дарыгерлер социалдык тармактарга видеолорду жайгаштырышып, анда алар сапаттуу коргоочу шаймандарсыз иштөөгө мажбур болуп жатышкандыгын, эмгек шарттарына нааразычылыгын ж.б. тууралуу айтышкан. УКМК дарыгерлерди таап, аларды камера алдында сөздөрүн төгүндөөгө жана “жалган маалымат таратканы үчүн” кечирим суроого мажбурлаган. Сиздин оюңузча, күч структураларынын аракеттери мыйзамдуу беле? Өзбекистан америкалык Sandvine компаниясынан Интернет-трафикти фильтрлөөчү жабдууларды атайылап сатып алды. Бул жабдуулар менен веб-сайттарды жана мессенджерлерди жаап, Интернетте цензура орнотсо болот. Ушул чынбы же жокпу? Тажикстанда ар кандай мезгилдерде “Одноклассники”, “ВКонтакте”, Фейсбук, Инстаграм, YouTube тармактарына кирүүгө тоскоолдук жаралып, ошондой эле Google издөө тутумуна кирүү чектелгени чынбы? Казакстанда интернет колдонуучусун лайк койгону үчүн жоопко тартууга болобу? Интернеттеги сөз эркиндиги куру сөз эмес, параллелдүү аалам үчүн жакшы жыйынтык … Жаман эмес, бирок социалдык тармактарда активдүү болсоңуз, бул жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Мыкты! Интернеттеги кандай аракеттер бийлик тарабынан куугунтукка алып келиши мүмкүн экендигин жакшы билесиз. Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз. Бөлүшүү Биз социалдык тармактардабыз Instagram Facebook Telegram ЖАҢЫЛЫКТАР ҮЧҮН ЖАЗЫЛЫНЫЗ Media School Cabar.asia ЖүктөөБасып чыгаруу