Кыргызстандын ММКларында Борбордук Азия, Кавказ, Украина жана Молдованын ѳкүлчүлүгүнүн 2017-жылдагы контент анализи

Бул изилдѳѳ Борбордук Азия, Кавказ, Украина жана Молдованын Кыргызстандын электрондук маалымат агенттиктери менен башкы телеканалдарында ѳкүлчүлүгүнүн контент анализин жүргүзѳт. Материал ар кандай булактардан: башкы электрондук маалымат агенттиктери менен телеканалдардын сайттарынан топтолгон. Эмгекте Кыргызстандын негизги массалык маалымат каражаттары 2017-жылы Борбордук Азия, Молдова, Украина жана Кавказда жеке менчик ММКлар менен жарандык коомдун ортосундагы транс чек аралык байланыштар менен ѳнѳктѳштүктү, ошондой эле транс чек аралык маселелер боюнча кызматташтыктын деӊгээлин кандайча чагылдыргандыгы изилденген.