Медиасабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү боюнча курстардын топтому. Жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн методикалык колдонмо.

Бул окуу куралы CABAR.asia Медиамектебинин үч курсунан турат: Фактчек: жалганды ачыкка чыгаруунун жолдору жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде; Маалыматтык процесстер: дезинформацияны кантип аныктап, ага каршы турууга болот; Пропаганда деген эмне жана аны кантип аныктаса болот. Колдонмонун максаты – медиа, журналистика, саясат таануу жана эл аралык мамилелер жаатындагы билим берүү институттарын колдоо.

Бул колдонмо Attribution-NonCommercial-ShareAlike 4.0 International (CC BY-NC-SA 4.0) ачык лицензиясынын алдында жеткиликтүү: түпнуска авторлукту белгилөө жана жогорудагыдай СС лицензиясы (https://creativecommons.org/licenses/by-nc-sa/4.0/deed.en) менен коммерциялык эмес негизде колдонууга жана кайра иштеп чыгууга жол берилет.

Ушул колдонмодо айтылган көз караштарга жана пикирлерге авторлор жооптуу. Алардын көз карашы IWPR`дын расмий позициясына шайкеш келбеши мүмкүн жана уюмга эч кандай милдеттемелерди жүктөбөйт.

Топтом Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосунда даярдалган. Анын мазмуну Улуу Британиянын расмий көз карашын чагылдырбайт.