Окуяга негизделген изилдѳѳ: журналисттер үчүн журналисттик иликтѳѳ жүргүзүү боюнча колдонмо

Журналисттик иликтѳѳ жүргүзүү боюнча «Окуяга негизделген изилдѳѳ» аттуу окуу куралы Европа Биримдиги жана Норвегия Ѳкмѳтүнүн финансылык колдоосу менен ишке ашырылган «Демократиялык реформаларды илгерилетүү үчүн журналисттик иликтѳѳ практикаларын калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын, мамлекеттик институттардын ѳкүлдѳрү менен ММКлардын кызматташуусун жѳнгѳ салуу» долбоорунун алкагында Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалып чыккан. Долбоор кѳз карандысыз ММКлардын адам укуктарынын бузулушуна байланышкан түрдүү темаларда журналисттик иликтѳѳ жүргүзүүсү боюнча потенциалын жогорулатууга багытталса, бул колдонмо Борбордук Азиянын журналисттеринин журналисттик иликтѳѳлѳр боюнча кѳндүмдѳрүн ѳрчүтүү үчүн абдан пайдалуу жана актуалдуу ресурс болуп эсептелет.  “Story-based inquiry: manual for investigative journalists” колдонмосу алгачкы жолу 2011-жылы ЮНЕСКО тарабынан басылып чыккан. Колдонмону кийинки шилтемелерден кѳчүрүп алууга болот: