Курс эмне жөнүндө болот?
Курстун жүрүшүндө сиз адам укуктары боюнча улуттук жана эл аралык деңгээлдеги адвокациянын негиздери менен таанышасыз. Мында Борбор Азиянын ар бир өлкөсүнүн өзгөчөлүктөрү эске алынат. Адам укуктары боюнча адвокация кампаниясын пландаштырууну үйрөнөсүз: мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу архитектурасы, адвокациялык сунуштарды көзөмөлдөө, адвокациялык кампаниянын жүрүшүндөгү өзгөртүүлөр. Сиз чечим кабыл алуучулар менен байланышты кантип жакшыртса болорун түшүнөсүз, ошондой эле адвокациялык кампанияны маалыматтык коштоо тууралуу билесиз.
Курстун максаты
“Укук коргоо адвокациясынын өзгөчөлүктөрү: өркүндөтүлгөн деңгээл” курсу угуучуларга адвокация жөнүндө тереңирээк түшүнүктү жана укук коргоо адвокациялык кампаниясын өткөрүү үчүн үгүт жүргүзүү куралдарын, ыкмаларын үйрөнүүгө тажрыйбаны берет.
Курстун аудиториясы
Курс адвокациянын негиздерин билген же тажрыйбасы бар укук коргоочуларга арналган. Адвокациялык тажрыйбасы жокторго алгач “Адвокациянын негиздери” курсунан өтүү сунушталат.
Бул курс ошондой эле жарандык коом, укук коргоо уюмдары менен кызматташкан юристтерге, журналисттерге жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, айрыкча жарандык коом же адам укуктарын коргоонун эл аралык механизмдери менен иштешкендерге пайдалуу болушу мүмкүн.
Курстун жыйынтыгы
Курстун аягында сиз адам укуктарын коргоо боюнча адвокациялык кампаниянын максаттары, мазмуну жана түзүлүшү жөнүндө даана түшүнүккө ээ болосуз. Адвокациялык кампаниялардын ийгиликтүү мисалдары менен тааныша аласыз. Чечимдерди кабыл алуучу тараптар менен туура байланыш түзүүнү жана адвокациялык кампанияңыздын таасирин өлчөөнү үйрөнөсүз. Ошондой эле адвокациялык кампанияны коопсуз жүргүзүү үчүн эске ала турчу жагдайларды биле аласыз.
Курстун форматы
Курс 5 модулдан турат жана 2-3 жумага мерчемделген. Бөлүмдүн татаалдыгына жана өз алдынча иштин көлөмүнө жараша бир жумалык жүктөм 2-3 саатты түзөт. Модулдар 13 мүнөткө чейинки видеолекциялардан, лекциянын тексттик конспектилеринен, ошондой эле өз алдынча иш үчүн тапшырмалардан, жыйынтыктоочу тесттен турат.
Курс укук коргоо адвокациясына тиешелүү бардык суроолор жана көйгөйлөр боюнча даяр чечимдерди сунуштабайт. Анын мазмуну автордун практикалык тажрыйбасына негизделген.
Курс «Жарандык коом Казакстан үчүн (CS4K)» долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Долбоорду Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) «Өнүгүүнүн улуттук жана эл аралык демилгелери» коомдук фонду менен биргеликте Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда ишке ашырууда. Долбоор Казакстанда жарандык коомдун күч-аракети аркылуу негизги эркиндиктерди жана укуктарды илгерилетүүгө багытталган. Долбоордун маанилүү компоненттеринин бири – жарандык коом уюмдарынын потенциалын жогорулатуу жана окутуу.
Бул басылма Европа Биримдиги тарабынан каржыланган. Анын мазмуну толугу менен IWPRдын жоопкерчилиги болуп саналат жана сөзсүз түрдө Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.