-
Пре-тест
-
1-модуль
Бул модуль адвокациялык максатка жетүүдөгү эл аралык адвокациянын мааниси жөнүндө түшүнүк берет. Мында сиз Борбор Азия аймагында укук коргоо адвокациясы боюнча эл аралык мүмкүнчүлүктөр (БУУнун, Европа Биримдигинин, ЕККУнун институттары) тууралуу биле аласыз.
-
2-модуль
Экинчи модулда улуттук деңгээлдеги адвокациялык стратегиянын жүрүшүндө максаттарды кантип тандоо керектигин үйрөнө аласыз; өлкөңүздө чечим кабыл алуу инфраструктурасы кандай түзүлгөнүн түшүнүүнү үйрөнөсүз.
-
3-модуль
Бул модулдан адвокациялык кампанияңыз ишке ашыруу жараянында жана соңунда канчалык ийгиликтүү болгонун өлчөө тууралуу билесиз.
-
4-модуль
Бул модулда адвокациялык кампаниянын алкагындагы ынандыруу жана аргументтештирүү көндүмдөрү жөнүндө сүйлөшөбүз. Сиз укук коргоо адвокациясында кайсы аргументтер чечим кабыл алуучуларды ынандырарын жана кайсынысы ынандырбай турганын билесиз. Ошондой эле айтар сөзүңүздү (текстиңизди), чечим кабыл алуучуларга кайрылууңузду кантип жакшыртса болорун, өлкөңүздө кандай адвокациялык катышуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин (мисалы, жумушчу топторго, конференцияларга катышуу) үйрөнөсүз.
-
5-модуль
Бул модулда адам укуктары боюнча адвокациялык кампанияны маалыматтык коштоо кандай болушу керектигин, анын зарылдыгын жана аны кантип пландаштырышты үйрөнөсүз.
-
Пост-тест