Жамааттарды мобилизациялоо: Жарандарды чечим кабыл алуу жараянына кантип тартса болот?

«Жамааттарды мобилизациялоо: Жарандарды чечим кабыл алуу жараянына кантип тартса болот?»  курсу жарандык активисттер, жарандык коомдун жана медианын өкүлдөрү үчүн даярдалган.

Курста жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги коомдук көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык чөйрөнү өзгөртүүнүн эң эле натыйжалуу каражаттарынын бири каралат. Жамааттарды мобилизациялоо – жергиликтүү жана улуттук деңгээлдердеги чечимдерди кабыл алуу жараяндарына жарандардын катышуусун жогорулатуу каражаты, башкача айтканда, ал жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн куралы болуп саналат.

«Жамааттарды мобилизациялоо: Жарандарды чечим кабыл алуу жараянына кантип тартса болот?»  курсунун максаты – жамааттарды мобилизациялоо боюнча билим-көндүмдөрдү берүү:

  • «Жамааттарды мобилизациялоо» (ЖМ) түшүнүгү
  • ЖМ ыкмалары
  • ЖМ баалуулуктары жана принциптери
  • ЖМ цикли жана баскычтары
  • ЖМ жараянындагы иштөө ыкмалары
  • ЖМ үчүн керектүү билимдер жана көндүмдөр

Күтүлгөн жыйынтык: Курстун аягында угуучулар жамааттарды мобилизациялоо жана тартуу деген эмне экенин; аны качан, кантип жана эмне үчүн колдонуш керектигин билишет. Ошондой эле жамааттарды мобилизациялоо (мындан ары ЖМ) жана тартуу үчүн куралдарды өздөштүрүшөт. Угуучулар тигил же бул көйгөйгө коомдун көңүлүн бурдуртуп, ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн мобилизациялоого жол берчү көндүмдөргө ээ болушат.

Курстун форматы

Курс 5 модулдан турат жана 2 апталык окууга эсептелген. Бөлүмдүн татаалдыгына жана өз алдынча иштин көлөмүнө жараша апталык жүктөм 2-3 саатты түзөт. Модулдар 13 мүнөткө чейинки видеолекциялардан, лекциялардын тексттик конспектилеринен, өз алдынча аткаруу үчүн тапшырмалардан жана жыйынтыктоочу тесттен турат. Курстун башында жана аягында пре-тест жана пост-тест сунуштулат, алар ЖМ жараянын курска чейин жана кийин кандай түшүнгөнүңүздү өлчөйт.


Бул курс «Казакстан үчүн жарандык коом (CS4K)» долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Долбоор Согуш жана Тынчтык боюнча Репортаждар Институту (IWPR) тарабынан «Улуттук жана Эл аралык Демилгелерди Өнүктүрүү Институту» коомдук фонду (ИНМИР) менен биргеликте, Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты — жарандык коомдун аракеттери аркылуу Казакстанда негизги эркиндиктерди жана укуктарды илгерилетүү. Долбоордун маанилүү бөлүктөрүнүн бири — жарандык коом уюмдарынын потенциалын жогорулатуу жана окутуу болуп саналат.

Бул басылма Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Анын мазмуну IWPR уюмунун жоопкерчилигинде жана ал сөзсүз түрдө Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

 
2 недели
Окууну баштоо үчүн каттоодон өтүңүз
Already have an account?

Сиз эмнени үйрөнөсүз?

«Жамааттарды мобилизациялоо» (ЖМ) түшүнүгү
ЖМ ыкмалары
ЖМ баалуулуктары жана принциптери
ЖМ цикли жана баскычтары
ЖМ жараянындагы иштөө ыкмалары
ЖМ үчүн керектүү билимдер жана көндүмдөр

Программа

Мугалимдер

Көп берилүүчү суроолор

Курска кантип катталса болот?
Алгач сайттын өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Андан кийин “Курстар” бөлүмүнөн керектүү курсту тандап, ошол курстан каттоодон өтүү кажет.
Курста окугандан кийин сертификат аламбы?
Курстун ичиндеги бардык сабактарга катышкандар жана акыркы тестти ийгиликтүү тапшыргандар (минимум 80%) гана сертификат ала алышат.
Тест тапшырбасам эмне болот?
Ар бир модулдан кийин бирден тест жана курс аяктагандан кийин жалпы бир тест бар. Сизге тестти тапшырууга 10 мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде тестти башында тапшыра албай калсаңыз, анда сабактарды кайрадан көрүп чыгып, тестти дагы бир жолу тапшыра аласыз. 10 мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулганда система өзү жабылып калат. Курсту аягына чейин бүтүрүү үчүн ага кайрадан катталууңуз керек болот.
Сайт иштебей жатса эмне кылыш керек?
“Байланыш” бөлүмүндө көрсөтүлгөн эмейлге же коомдук тармактар аркылуу бизге кайрылыңыз.
Сертификатта жазылган ысым менен паспортто жазылган ысым окшош эмес болсо эмне кылыш керек?
Оболу каттоодон өтүп жатканда аты-жөнүңүздү туура жазып киргизиңиз. Эгерде башкача жазып алган болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Биз ысымыңызды оңдоп, сертификатты кайрадан жөнөтөбүз.
Бирден көп курска катталсам болобу?
Ооба, бир нече курска бир эле убакта катталып окусаңыз же болбосо бир курсту бүтүрүп кийинкисине өтсөңүз дагы болот.
Курстар жаңыртылып турабы?
Сайтта буга чейин чыккан курстар жаңыртылбайт. Жаңы курстар болуп калса, сайтка чыгарып турабыз.
Силер өткөргөн башка иш-чараларга кантип катышууга болот?
Биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналисттерге жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн ар кандай окутууларды өткөрүп турабыз. Жаңы иш-чараларды өткөрүп жибербеш үчүн сайтыбызга же коомдук желедеги барактарыбызга көз салып туруңуз. Биздин иш-чараларга катышуу үчүн көбүнчө каттоодон өтүү керек болот же болбосо сынак аркылуу кабыл алынат.
Курска Борбор Азияда эле жашагандар катыша алабы?
Онлайн курстарга жашаган жеринен көз карандысыз эле каалоочулардын баары катыша алат. Оффлайн иш-чаралар Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлөт.
Мен медиа чөйрөдөгү инсан эмесмин, бирок курска катышкым келип жатат. Катышсам болобу?
Ооба, онлайн курстарга каалоочулардын баары катыша алат.
Курс канча болот?
Ар бир курстун убактысы өз алдынча каралат. Негизинен ал курстун мазмунунан жана канчалык татаал экенинен көз каранды. Орточо эсеп менен бир курс 6-8 аптага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында бардык сабактарды окуп, тесттерди тапшыруу керек. Бирок кайрадан жазылып, курсту кайра дагы окууга болот.