Курсту баяндоо: ЖМКлар балдар жана балалыкка тийиштүү маселелерди чагылдырууда, өзгөчө санарип каналдар, балдар укугунун маанилүүлүгүнүн жогорулашында өзгөчө роль ойноп, ошондой эле онлайн түрүндө дагы, офлайн түрүндө дагы балдарга коопсуз чөйрөнү түзүп берүүгө көмөкчү боло алышы мүмкүн.
Балдардын жашоосу менен жайлуу турмушун чырпып өтүүчү журналисттер менен журналисттик ишмердүүлүк балдардын аярлуулугун ар дайым эске алуу менен иш алып барышы керек. Заманбап журналистика балдар укугун ишке ашырууда азыркыга чейин олуттуу тоскоолдуктарды жаратып келген, COVID-19дун кесепеттери менен кошуп эсептегендеги келишпестиктерге, жакырчылыкка, миграцияга карай абалды өзгөрткөнү туура болот.
Төмөндөгү курс ЖМКда балдар жана балалыкка тиешелүү темаларды чагылдыруунун спецификасына жана эрежерелине арналган. Бул курста биз журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү балдар укугунун негиздери менен таанышып, балдар жана балалык тууралуу материалдарды даярдоодогу сезимталдуу тилдин колдонулушу жана этикалык аспектилер жөнүндө сүйлөшөбүз.
Курстун максаты: Балдар жана балалыкка тиешелүү маселелерди чагылдыруучу, ишин жаңы баштап жаткан, практикадагы журналисттердин, блогерлердин жана инфленсерлердин потенциалын жогорулатуу.
Курстун төмөндөгүдөй жардамы болот:
- БУУнун Балдар жөнүндөгү конвенциясын изилдеп чыгуу
- Журналистика балдар укугун колдоо үчүн эмне кылып бере аларын билүү
- Журналистика кантип балдар жана өспүрүмдөрдүн окуялары аркылуу алардын укугун бекемдөөгө көмөк көрсөтө ала тургандыгын түшүнүү
- Балдарга тиешелүү маселелерди чагылдыруунун этикалык аспектилерин карап чыгуу
- Балдар жана балалык жөнүндө материал жазууда сезимталдуу эмес тилди колдонуудан оолак болуу
Курстун форматы
Курс 3 модулдан туруп, жалпы окуунун ченеми 1 жумага, бөлүмдөрдүн татаалдыгына жараша 3-4 саатка эсептелинген.
Ар бир модуль өзүнө чечмелениши бар аудио тексттик форматтагы 15 мүнөткө чейинки видео дарстарды камтыйт. Ошондой эле ар бир модулда теориялык материалдын өздөштүрүлүшүн текшерүүчү тесттер бар (курстун ар бир бөлүгүнө карата 10го чейин суроо берилген).
Модулдун кийинки материалына өтүү үчүн текшерүүчү тесттин эң аз дегенде 80%ын өтүү керек болот. Андан өтүү үчүн 10 жолу аракет берилет. Аракетиңиздин лимити түгөнүп кала турган болсо, система блоктолуп калат жана курска кайрадан катталууга туура келет. Биринчи жолку аракеттерден тесттик тапшырмалардан өтө алуу үчүн, курстун сунушталган материалдары менен кайрадан таанышып чыгууну сунуштайбыз.
Каалооңузга жараша курстан төрт жолу өтсөңүз болот.
Аудитория
Курс медиадагы балдар жана балдар укугу тууралуу контенттерди өнүктүрүүгө кызыккан кеңири аудиторияга эсептелинген. Борбор Азиянын ЖОЖдорунун журналистика факультеттеринин студенттери менен окутуучуларына, башталгыч журналисттерге жана блогерлерге арналат.
Талаптар
Маалыматтык компьютердик технологияларды минималдуу түрдө билүү (ПКны жана популярдуу социалдык тармактарды колдонуучу).
Маалыматтык маалымдама
Бул курс Тажикстандагы IWPRдын долбоорунун алкагында балдар жана балалык жөнүндө жазган журналисттердин жана контент-мейкерлердин потенциалын жогорулатуу жана медиа колдонуучуларынын балдар укугу жөнүндө кабарбар болуусун арттыруу максатында иштелип чыккан. Тажикстандагы UNICEFтин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган.