Download
Print

Инга Сикорская: Кастык тилинин мыйзамга каршы формалары [журналисттерге кеӊеш]

Силер тексттерден, айтылган сѳздѳрдѳн, цитаталардан терс баа берүүчү кастык тилин, башкача айтканда жарыяланышы кылмыш жазасына чейин алып клүүсү мүмкүн болгон мыйзамга каршы контент катары сыпатталган, пикирди эркин билдирүү жагынан жол берилген жек кѳрүүчүлүк лексикасын ажырата аласыӊарбы?

Эгер бул суроого ишенимдүү жооп бере алсаӊар, анда макаланы аягына чейин окуп чыгууга зарылчылык жок. Анткени, мындай жоопту  тилдик экспертиза чѳйрѳсүндѳ жогорку квалификациялуу адистер гана бере алат.

Бирок, Борбор Азия ѳлкѳлѳрүндѳгү журналисттер менен онлайн контенттин түзүүчүлѳрү бул суроого байланыштуу талаш-тартышка кѳп кирип, бир жыйынтыкка келе албай жүрүшѳт. Ал тургай медиадагы кастык тили жана ксенофобиялык риторика боюнча эл аралык документтерди тереӊ изилдеп чыгуу да проблеманы так түшүнүүнү камсыздабайт.

 

МУНУН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

  1. Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн мыйзамдарынын эч жеринде «кастык тили» деген термин колдонулбайт. Бирок, журналистиканын эл аралык стандарттары кабарчыларга ар кандай терсаяктыкка жол бербеш үчүн «кастык тилин» колдонуудан баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу жүрүм-турум жана жаӊы тармактык этика боюнча түрдүү эл аралык жана Европа кодекстеринде да айтылат.[1]
  2. Дүйнѳлүк практикада «кастык тилинин» мыйзамга каршы келген формалары квалификациясы боюнча кодулоого каршы мыйзамдарга тийиштүү. Ал жерде жек кѳрүүчүлүккѳ ачык үндѳѳ (англ.incitement of hatred) негизги түшүнүк катары эсептелет. Түшүнүк эл аралык укуктун терминологиясына негизделип, коомдук коркунуч деӊгээлин эске алганда олуттуу кесепеттерге алып келе турган кооптуу иш-аракеттердин аткарылышына түрткү берген сѳздѳрдү криминализациялайт. Ошондуктан, кѳп ѳлкѳлѳрдѳ журналисттер пикирди эркин билдирүү жагынан мыйзамга каршы келген кастык тили деген эмне, ал эми терс баа берүүчү жана жол берилген форма эмне экендиги жѳнүндѳ так жана толук түшүнүккѳ ээ.

МЫЙЗАМГА КАРШЫ КАСТЫК ТИЛИ – бул белгилүү бир топко каршы кодулоочу ѳзгѳчѳлүккѳ ээ жана ачык эле зомбулукка үндѳгѳн, кѳп учурда онлайн чѳйрѳдѳ байкалган кептик жана визуалдык контенттин  формалары. Кѳбүнчѳ мыйзамга каршы кастык тилин камтыган тилдик конструкциялар атайылап таратылат жана Интернеттеги контентти кѳзѳмѳлдѳп турган компаниялардын чечими менен жок кылынат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ТЕРС БАА БЕРҮҮЧҮ КАСТЫК ТИЛИ –  бул кайсы бир расанын,  этностук, диний, гендердик же социалдык топтун ѳкүлдѳрү үчүн жагымсыз, кемсинтүүчү маанидеги негативдүү сѳздѳр менен визуалдык контенттин формалары. Кѳп учурда мындай тил атайылап таратылбайт жана автордун түшүнүгүндѳгү стереотиптерден улам пайда болот.

3. Борбор Азия ѳлкѳлѳрүндѳ кодулоого каршы бул түрдѳгү мыйзамдар жок, ал эми кээ бир мыйзамдарда кастык тилинин мыйзамга каршы формаларын теориялык жактан сыпаттаган беренелердин толук жана так түшүндүрмѳлѳрү колдонулган.

4. Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн жазык мыйзамдарында «эл алдында же ММКлар менен Интернетти колдонуу аркылуу кастыкты же араздашууну козутуунун, үгүттѳѳнүн» белгилүү формалары үчүн жоопкерчилик каралган беренелер бар.  Укуктук практикада кээде журналисттер менен онлайн контенттин түзүүчүлѳрү цитата келтирүүдѳ, ой-пикирлерди билдирүүдѳ же визуалдык образдарды жайылтууда  «араздашууну же кастыкты козутуу» боюнча айыптоолорго кабылышат.

5. Мындан тышкары, кастыкты же араздашууну тутандыруу жѳнүндѳ беренелер айрым жергиликтүү экстремизмге каршы мыйзамдарда орун алып, аларда бул иш-аракет үчүн санкциялар белгиленген. Мындай интерпретация эл алдында айтылган каршы пикирди, сезимтал тематикада даярдалган жана ушундай цитатаны камтыган репортажды/комментарийди/постту укукка каршы контент деп эсептѳѳ практикасын пайда кылды.

Араздашууну жана кастыкты козутуу жѳнүндѳгү Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн мыйзамдары, жана мындай жоруктар үчүн каралган санкциялар:

Ѳлкѳ Беренелер жана алардын түшүндүрмѳлѳрү Санкция
  Казакстандын Жазык кодексинин 174-беренеси, «Социалдык, улуттук, уруулук, расалык, топтук же диний араздашууну козутуу»:

– Социалдык, улуттук, уруулук, расалык, топтук же диний араздашууну козутууга, жарандардын улуттук абийири менен ар-намысын, же болбосо диний сезимдерин кемсинтүүгѳ багытталган, ошого тете жарандардын диний, топтук, улуттук, уруулук же расалык таандыктыгы боюнча бѳтѳнчѳлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоого багытталган  атайылап жасалган аракеттер, жана бул аракеттер ачык же массалык маалымат каражаттарын же телекоммуникациялык тармактарды колдонуу аркылуу аткарылса, ошого тете социалдык, улуттук, уруулук, расалык, топтук же диний араздыкка үгүттѳгѳн адабияттарды же башка маалымат ташуучуларын даярдоо жана жайылтуу жолу менен ишке ашырылса1;

Эки жылдан жети жылга чейин эркиндигин чектѳѳ же ушундай эле мѳѳнѳткѳ эркиндигинен ажыратуу
  Кыргызстандын Жазык кодексинин 313-беренеси, «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу»:

Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагынын  жардамы менен ишке ашырылса2;

III-категориядагы эркиндигинен ажыратуу (5 жылдан 7 жылга чейин)
  Тажикстандын Жазык кодексинин 189-беренеси, «Улуттук, расалык, жердик же диний кастыкты козутуу»:

– Улуттук, расалык, жердик же диний кастыкты же араздашууну козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын диний, улуттук, расалык же жердик таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн пропагандалоо, жана бул аракеттер ачык же массалык маалымат каражаттарын колдонуу менен ишке ашырылса3;

Беш жылга чейин эркиндигин чектѳѳ же ушундай эле мѳѳнѳткѳ эркиндигинен ажыратуу
  Түркмѳнстандын Жазык кодексинин 177-беренеси, «Социалдык, улуттук же диний кастыкты козутуу»:

– Социалдык, этностук, расалык же диний кастыкты же араздашууну козутууга, жарандардын улуттук ар-намысын кемсинтүүгѳ багытталган, ошого тете жарандардын диний, социалдык, улуттук, этностук же расалык таандыктыгы боюнча бѳтѳнчѳлүгүн же начардыгын пропагандалоого багытталган, анын ичинде ММКларды колдонуу аркылуу атайылап жасалган аракеттер4;

Айып пул же тѳрт жылга чейин эркинен ажыратуу
  Ѳзбекстандын Жазык кодексинин 156-беренеси, «Улуттук, расалык, этностук же диний кастыкты козутуу»:

– улуттук, расалык, этностук же диний кастыкты пропагандалаган материалдарды таратуу максатында даярдап чыгуу, сактоо жана аларды таратуу; улуттук абийир менен ар-намысты кемсинтүүчү, диний же атеисттик ишенимдеринен улам жарандардын сезимдерин кордогон, улуттук, расалык, этностук же диний  ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча калктын айрым топторуна карата кастыкты, терсаяктыкты же араздыкты туудуруу максатында ишке ашырылган атайылап жасалган аракеттер, ошого тете алардын улуттук, расалык, этностук же диний таандыктыгына жараша укуктарын түз же кыйыр чектѳѳ, же болбосо түз же кыйыр артыкчылыктарын орнотуу;

Эки жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу

 

МЫЙЗАМГА КАРШЫ КАСТЫК ТИЛИН ТЕРС БАА БЕРҮҮЧҮ КАСТЫК ТИЛИНЕН КАНТИП АЙЫРМАЛООГО БОЛОТ?

 

 

 

 

 

 

 

ТЕРС БАА БЕРҮҮЧҮ

-тескери, сын пикирдүү, ызалоочу;

-кишилердин же уюмдардын сапаттары менен иш-аракеттерине негативдүү бааны камтыйт;

-бир нерсе тууралуу сын пикирди же тескери ойду камтыйт;

-объективдүү болуусу мүмкүн туура эмес сѳздѳрдү, ызалоочу же жагымсыз лексемаларды, ошондой эле клишелер менен стереотиптерди камтыйт

-ар кайсы топторго карата максаттуу гипотетикалык сѳздѳрдү камтыйт.

МЫЙЗАМГА КАРШЫ

-раса, этностук, диний, гендердик же социалдык топторго карата үгүттѳѳчү конструкцияларды жана зомбулук кылууга  ачык чакырыктарды камтыйт;

-мындай иш-аракеттердин зарылчылыгын далилдейт;

-мындай иш-аракеттерди аткаруунун тактикасын актайт

-тыюу салынган атрибутика жана символиканы кѳрсѳтѳт;

-божомолдонгон иш-аракеттердин тийиштүү контекстин жана сыпаттамасын берет;

-бул медиаконтенттин тиешеси бар социалдык-саясий кырдаал чыӊалган жана чагылдырылган тематикага карата сезимтал.

МААНИЛҮҮ:

 

 

 

 

 

 

 

 

Саясий уюмдарды, диний же идеологиялык бирикмелерди, же болбосо ишенимдерди, улуттук же диний үрп-адаттарды сындоо мыйзамга каршы контент /же араздашууну козутууга багытталган аракет катары кабыл алынбоого тийиш.

 

  1. Эл аралык стандарттар боюнча, бир караганда билдирүүдѳ, цитатада/макалада/аудиовизуалдык ѳнүмдѳ (расага, этностук, диний, гендердик, социалдык топко карата кандайдыр бир сыпаттоочу клишелер менен стереотиптер орун алган) козутуучу лингвистикалык конструкциялар болбосо, топко зомбулук кылууга ачык-айкын  (гипотетикалык эмес!) чакырыктар жок болсо, тийиштүү контекст орун албаса, башкача айтканда божомолдонгон иш-аракеттердин так сыпаттамасы берилбесе, ал эми чагылдырылган тематикага карата бул медиа ѳнүм жайылган социалдык-саясий абал сезимтал болбосо – мындай контент кастык тилинин терс баа берүүчү формасы болот жана ал мыйзамдуу деп эсепетелет.
  2. Эгер айтылган сѳздѳ, цитатада, силер даярдаган макалада же аудиовизуалдык ѳнүмдѳ божомолдонгон иш-аракеттерди айкын сыпаттоо жана зырылчылыгын негиздѳѳ менен  «ургула», «ѳрттѳгүлѳ», «ѳлтүргүлѳ», «жардыргыла» деген сыяктуу чакырыктар, ошондой эле «жакшы болмок», «зарыл», «талап кылынат», «керек» деген сѳздѳр менен толукталган, объектини так кѳрсѳтүүгѳ багытталган (жалпы жонунан эмес, конкреттүү түрдѳ) козутуучу конструкциялар орун алган болсо, анда бул – мыйзамга каршы контент катары бааланат.
  3. Эгер айтылган сѳздѳ, цитатада, силер даярдаган макалада же аудиовизуалдык ѳнүмдѳ ишке ашырылган иш-аракеттерге оӊ баа берилсе, алардын келечекте окшош иш-аракеттерди аткаруу үчүн түз же кыйыр түрдѳ түрткү берген  маанилүү себептерин, негиздерин жана тууралыгын кѳрсѳтүү менен алар дурус деп табылса, медиатекстте логикалык байланыштар бар болсо, башкалар тарабынан негативдүү бааланган кишилерге оӊ баа берилген болсо – бул экстремисттик аракеттердин зарылдыгын туура деп тапкан мыйзамга каршы контент катары бааланат.
  4. Араздашууну, кастыкты же жек кѳрүүнү козутуу аракеттери катары, гипотетикалык жактан кемсинтүүчү же кордоочу мүнѳздѳгү жѳнѳкѳй айтылган сѳздѳрдү эмес, согуштун, диний же башка экстремизмдин, депортациянын, геноциддин, кандайдыр бир расалык, этностук, диний, гендердик, социалдык топко карата зомбулук кѳрсѳтүүнүн, бул топтун укуктарын чектѳѳгѳ азгыруунун зарылчылыгын билдирген же негиздеген сѳздѳрдү түшүнүш керек.  Ошондуктан, кѳп адамдар мыйзамга каршы контент менен белгилүү бир адамдарга карата интолеранттуу, терс баа берүүчү сѳздѳрдү билдирген криминалдуу эмес кастык тилин алмаштырып алган учурлар арбын.

МЫЙЗАМГА КАРШЫ КОНТЕНТТИ КОКУСУНАН КОЛДОНУП АЛБАШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пикирин эркин билдирүү менен мыйзамга каршы кастык тилинин ортосундагы айырмачылыкты түшүнгүлѳ!

Мында силерге тѳмѳнкүлѳр жардам берет:

  • ѳлкѳӊѳрдүн мыйзамдык ченемдерин билүү
  • журналисттик этиканы жана стандарттарды сактоо
  • материалдарды жарыялоонун алдында сѳзсүз ѳз алдынча сыноо
  • конфликттик-сезимтал тематиканы чагылдыруу үчүн журналисттик терминдердин Глоссарийин түзүп, үзгүлтүксүз толуктап туруу

2

«ЖАЙ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН» АСПАПТАРЫН КОЛДОНГУЛА

Мында силерге тѳмѳнкүлѳр жардам берет:

  • конфликттик-сезимтал тематикадагы материалдарды кѳп баскычтуу редакциялоо; материалыӊарды жарыялоодон мурун мүмкүн болушунча кѳбүрѳѳк кесиптештериӊерге окутуп же кѳргѳзүп чыккыла;
  • баяндалган топтордун негативдүү кабыл алынуусуна жол бербѳѳ үчүн медиатексттериӊерден керексиз элементтерди чыгарып салгыла; топторду идентификациялоо менен баштемаларда сенсация жаратпагыла;
  • фичерз жазып жаткан болсоӊор, раса, этнос, дин темаларына, гендердик окшоштук жана башка белгилерге тамашалуу кѳркѳм формаларды колдонбоо туура болот;
  • эгерде кандайдыр бир цитата, же болбосо сүрѳттѳй турган мисал расисттик, ксенофобиялык мүнѳздѳ сезилсе, демек дал ошондой – журналисттик интуиция силерди эч качан алдабайт;
  • жазып жаткан нерсеге эмес, ал кимге арналганына кѳӊүлүӊѳрдү топтогула.

 

[1] CODE OF CONDUCT ON COUNTERING ILLEGAL HATE SPEECH ONLINE, URL https://ec.europa.eu/info/sites/info/files/code_of_conduct_on_countering_illegal_hate_speech_online_en.pdf

[2] Уголовный кодекс Республики Казахстан, 2014 год, https://online.zakon.kz/Document/?doc_id=31575252&doc_id2=31575252#activate_doc=2&pos=223;-458&pos2=2359;-444

[3] Уголовный кодекс Кыргызстана, 2019 http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111527

[4] Уголовный кодекс Таджикистана, 1998 год, http://base.spinform.ru/show_doc.fwx?rgn=2324

[5] Уголовный кодекс Таджикистана, 1998 год, http://base.spinform.ru/show_doc.fwx?rgn=2324

[6] Уголовный кодекс Узбекистана, 1994 год, https://abortion-policies.srhr.org/documents/countries/05-Uzbekistan-Criminal-Code-1994.pdf

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Download
Print