Жүктөө
Басып чыгаруу

Окуя издөө жана питчиң

Spoiler/Спойлер (click to read/кликните, чтобы прочитать)
Салам, менин аты-жѳнүм Марк Иган. Бүгүн силерди баян үчүн идеяларды издѳѳ жана питчинг процесси менен тааныштырам.
Биринчи кезекте, баян эмнеден түзүлѳрүн билип алалы.
Ой жүгүртүү үчүн бир нече себеп бар. Биринчиден, кѳйгѳй же чыр-чатак барбы? Кишилер кѳп учурда мага келип, ѳздѳрүнүн ою боюнча жакшы деп эсептелген баянды сунушташат. Эгер кѳйгѳй, чыр-чатак же жаӊы бир нерсе жок болсо, анда баян да болбойт.
Силер кинотеатрга фильм кѳргѳнү барганыӊарда, сѳзсүз кандайдыр бир кѳйгѳйү бар окуянын каарманы болот. Жаӊылык баяндарында деле ошондой.
Бир дүкѳн жѳнүндѳ баян жаратууну чечсеӊер, эмне тууралуу айтып бересиӊер? Ал эми ошол эле дүкѳн ижара тѳлѳмүнүн жогорулап кетишинен, жаӊы соода борбору менен атаандаштык пайда болгонунан улам кыйынчылыкка туш болсо же болбосо ѳзү сыяктуу башка дүкѳндѳр иштей албай калган учурда ишмердүүлүгун улантуу максатында  таӊ каларлык бир иш-аракетке барган болсо, анда силер да баян жарата аласыӊар.
Кийинкиси – баянда ѳзгѳчѳ бир нерсе барбы?
Мисалы, кимдир бирѳѳ парашюттан секирүү менен алектенсе, бул жаӊылык эмес. Эгер 100 жаштагы карыя учактан парашют менен секирип жүрсѳ, анда баян боло алат. Кадыресе, кѳнүмүш окуялар жакшы баян боло албайт. Сейрек кездешкен жана ѳзгѳчѳ окуяларды издегиле.
Кийинки фактор – баян аудиториянын назары менен баасына ээ боло алабы?
Башкача айтканда, силер баяндап жаткан окуя окурмандарды, кѳрүүчүлѳрдү же угуучуларды тынчсыздандырабы? Силер кызмат кылган аудиторияга тема, иш-чаранын тармагы жана убактысы кызыкпы? Же болбосо аларды бул кѳйгѳй кызыктырабы?
Covid 19 инфекциясы жайыла баштагандан бери жасалма дем алдыруучу аппараттар жѳнүндѳ материалдар абдан актуалдуу болуп калды. Ал эми бир жыл мурун бул тема дээрлик эч кимди кызыктырган эмес. Актуалдуудук ачкыч фактор болуп саналат.
Дагы бир фактор – авторлор менен катышуучулар. Мыкты интервьюерлер, эксперттер же окуяга тиешеси бар кишилер барбы? Айрым учурларда эксперттин же жапа чеккен кишинин пикири теманын чагылдырылышына негиз болуп берет.
Баяндарыӊарды аудиторияга таасирдүү кылып жеткирүү үчүн жакшы сүрѳттѳр, видео же аудио материалдарыӊар барбы? Эгер телевидение үчүн баян жаратып жатсаӊар, бирок кѳрсѳтмѳлүү визуалдуу маалыматтар менен иллюстрациялар жок болсо, анда ал кызыктуу жана таасирдүү болбой калат. Ушул эле шарт керектүү респонденттери болбогон радиобаянга дагы тиешелүү. Окуяны мыкты баяндап бериш үчүн видео, фото же аудио түрүндѳгү медиа ресурстардын болуусу зарыл.
Ошентип, баян үчүн идеяны кайдан табасыӊар?
Биринчиден, силерде пресс-релиздер менен иш-чаралар бар. Булар негизинен жаӊылыктарды же жаӊылоолорду жарыялоо максатында ѳткѳрүлѳт. Мында силер эмне болуп жатканын билген соӊ, окуяны кайсы жагынан баяндап берүүнү чечесиӊер.
Эми маалыматтарды колдонууга ѳтѳлү. Кѳп учурда предмет тууралуу кѳлѳмдүү маалыматтарды берген отчёттор же изилдѳѳлѳр болот.Эгер силер сандарды анализдеп, ѳзгѳчѳ же кызыктуу бир нерсени таап чыга алсаӊар, муну баянга айландыруу мүмкүн. Мисалы, бир областтагы мектептер башкаларга салыштырмалуу абдан эле начар иштеп жатса, мунун себебин аныктап чыгып, бул тууралуу  баян жаратсаӊар болот.
Тенденцияларды аныктап, баяндарды табуунун дагы бир ыкмасы – социалдык тармактарга байкоо жүргүзүү. Кабарлоолорду ырастап, конкреттүү темаларды же хэштегдерди издегиле. Социалдык тармактар – аудиториябыз эмне жѳнүндѳ сүйлѳшүп жатканын билүүнүн эӊ мыкты жолу. Оригиналдуу баяндарды табуунун эӊ жакшы ыкмасы – контакттардын тобун түзүү. Алар силерге кѳз да, кулак да болуп беришет. Эмне маселе кызыктырып жатканын, силер менен кантип байланышка чыга турганын билдирип койгула. Бул топ менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, акыркы убакта кызыктуу бир нерсе байкап-байкабагандыгын сурап коюп тургула.
Баарын байкаштыргыла. Кээде менде «Эгер кеӊседе электр энергиясын ѳчүрүп салышса, азыркы журналисттер баян таба алышабы?» деген суроо туулат. Баян табуу үчүн сѳзсүз эле компьютер керек эмес. Айлана-чѳйрѳнү карагыла. Жашаган аймагыӊарда кандай тенденция байкалат? Жакшы жакка же начар жагына ѳзгѳрүү барбы? Иликтеп чыгуу үчүн кандайдыр бир ѳзгѳчѳ нерсе кѳрѳ алдыӊарбы?
Баяндарды күнүмдүк иш-аракеттерди аткарып жаткан учурларда деле активдүү издей бериш керек. Болбосо, кызыктуу нерселерди ѳткѳрүп жиберишиӊер мүмкүн. Эми, баян жаратуу үчүн идея тапкан соӊ, аны сунушка айлантыш керек.  Башкача айтканда, тапкан идеяӊарды чогулуш учурунда ортого коё аласыӊар же болбосо расмий сунуш жазсаӊар болот.
Эӊ биринчи кезекте аткара турган нерсе – тийиштүү жаӊылык басылмасынын талаптарын териштирип чыгуу. Аларга белгилүү бир форматта, маселен жазуу жүзүндѳ же видеонун кыска үлгүсү түрүндѳгү сунуштар керекпи? Формалдуу кайрылсаӊар да, жѳн гана жаӊылыктар редактору менен сүйлѳшсѳӊѳр да, баянды бир сүйлѳм менен сунуштаганга аракет кылгыла.
Ѳз идеяӊарды бир сүйлѳм менен бере албасаӊар, демек конкреттүү питчиӊер да жок.
Эгер силер интервью пландаган болсоӊор, аны питчиӊерге кошкула. Ким менен сүйлѳшѳ аласыӊар жана эмне үчүн аны менен сүйлѳшүүнү чечтиӊер? Сунушуӊарга кѳрүүчү, окурман же угуучу кѳрүп-уга турган нерсени кошкула. Бул редактор же чечим кабыл алган башка кишиге соӊку ѳнүм кандай боло турганын элестетүүгѳ жардам берет.
Биз баянды кантип жаратуу керек экендиги жѳнүндѳ сѳз кылганда, аудиторияны карап чыкканбыз. Бул этапта дагы баяндын конкреттүү бир аудиторияга абдан туура келет деген пикириӊерди, мунун себебин түшүндүрүп беришиӊер керек. Ѳзүӊѳрдү редактордун же чечим кабыл алган кишинин ордуна коюп кѳрсѳӊѳр эле бардыгы дароо түшүнүктүү болот.
Ошентип, редакторлор эмнени карашат? Биринчиден, идеяӊардын басылмасында чагылдырылган идеяларга, стилдерге жана темаларга ылайык келип-келбегендигине кѳӊүл бурушат. Мыкты баян даярдашыӊар мүмкүн, бирок ал белгилүү бир басылма же веб-сайтка туура келбей калышы ыктымал.
Андан кийин алар мындай баянга аудиториядан кайтарым жооп келип-келбегенине карашат. Азыркы учурда редакторлор аудитория жѳнүндѳ кѳп сандагы маалыматка ээ. Алар аудиториянын кандай макалаларды кликтеп, кандай видеолорду кѳрѳрүн жакшы билишет. Эгер баяныӊардын идеясы мурун аудиторияда кызыгуу жараткан баяндарга окшош болсо, жаӊылык редактору кабыл алат.
Жаӊылык редакторлору баянды кантип айтып бере турганыӊардын планы менен кызыгышы мүмкүн. Начар сторителлинг мыкты баянды  бузуп коюшу мүмкүн. Алар идеяӊарды баянга айлантуунун ыкмасы тууралуу билүүгѳ умтулат.
Мындан тышкары, баяныӊардын ийгиликке жетүүсүнѳ ишенгиси келет. Тагыраагы, баштаган ишти аягына чейин чыгарасыӊарбы? Эгерде, кылмыштуу топтор менен сүйлѳшүүнү пландап, бирок алар тарабынан кандай жооп келе турганын билбей жатканыӊарды айтсаӊар, редактор муну эч кандай натыйжасы жок, жѳн эле  убакыт менен энергияны коротуу  деп эсептеши мүмкүн. Аларды жыйынтыкта даяр баяныӊар боло тургандыгына ишендиришиӊер  керек.
Ошондой эле, алар силердин баяныӊарды учурдагы жаӊылыктар күн тартиби менен салыштырышат. Эгерде жакында эле айыл чарбасы жѳнүндѳ кѳп материал даярдаган болсо, окшош баянга кызыкпай коюшу мүмкүн. Экинчи жагынан, эгер кызуу тема болуп, аудитория ал боюнча маалымат күтүп жаткан болсо, анда мындай баяндарга буйрутма берилерине үмүт чоӊ.
Эгер силер адашып калып, баян таппай жатсаӊар (баарыбызда теӊ эч нерсе болбой ѳтүп жаткандай сезилген күндѳр болот), бир нече идея менен бѳлүшѳ кетейин.
6 айга же бир жылга артка кайрылгыла. Ал учурда кандай окуялар чагылдырылганын карап чыккыла, жаӊылоолордун бар же жок экенин байкаштыргыла. Жаӊылыктарда биз кѳп учурда бир эле окуяны бир нече күн бою үзбѳй чагылдырып, анан башка окуяга ѳтүп кетебиз. Эгер силер артка кайтып, эмне ѳзгѳрүү болгонун байкай алсаӊар, жаӊы баян жаратуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Башка бир ыкма – ар түрдүү кѳп сандагы кишилер менен байланышта болгон адамдардын иштеген жерине барып сүйлѳшүүгѳ болот. Таксисттер менен чач тарачтар буга жакшы мисал боло алат. Алардын кардарлары эмне жѳнүндѳ кеп козгогонун уккула. Айрым учурларда жакшы баян жаратуу үчүн кандайдыр бир маселе же тенденцияны байкап каласыӊар.
Биз социалдык тармактар тууралуу кеп кылганбыз. Ошону менен бирге эле, Crowdtangle сыяктуу атайын аспаптар бар. Бул аспап тренддеги нерселер жана келип чыгуусу мүмкүн болгон жаӊылыктар тууралуу маалыматка ээ болууга жардам берет.
Акыркы ыкмалардын бири – коом дуушар болгон конкреттүү кѳйгѳйдү карап чыгып, ушундай эле кѳйгѳйдү чечүү үчүн башка шаар, же уюм, же болбосо ѳлкѳ кандай аракеттерди кѳргѳнүн изилдеп чыгуу менен байланыштуу. Бир эле маселени чечүүдѳ эки ыкманы салыштыруудан дагы баян жаратууга болот. Кыскасы, кѳӊүлүӊѳрдү кунт коюп, окуянын бардык булактарын карап чыга турган болсоӊор, идеяӊардан болочок баяныӊар үчүн  редактор дароо беките турган жакшы сунуш даярдай аласыӊар.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу