Жүктөө
Басып чыгаруу

Ишеничтүү чакан топ: Иликтөөчү журналисттер үчүн коопсуздуктун 13 эрежеси

Азыркы мезгилде иликтөө – журналисттик жанрлардын ичинен абдан көп суроо-талапка ээ. Ал абдан эффективдүү, ошол эле учурда журналисттин жеке коопсуздугунан алганда маалымат жеткирүүнүн бир топ тобокелдүү түрү.

CABAR.asia Factchek.kg басылмасынын башкы редактору Болот Темиров менен биргеликте, материалды даярдап жаткан учурда иликтөөчү журналисттин өзүн, жакындарын коргой турган эрежелерди даярдады.

Маалыматты коргойбуз

1
Иликтөө жүргүзүп жаткандагы эң башкы параметр – бул маалыматтардын сакталышы. Ошондуктан өзүбүздүн гаджеттерге – телефонго, компьютерге, планшетке, деги эле иш процессинде колдонула турган бардык жабдууларга татаал сыр сөздөрдү колдонобуз.

Сыр сөз деген эмне? Бул ар кандай каттоодогу тамгалар, сандар жана символдор колдонула турган сыр сөз

Сыр сөз катары жеке өзүңүзгө байланыштуу сандардын айкалышын же тамгаларды, же экөөнү тең эч качан пайдаланбаңыз.  Туулган күндүн датасы – сиздин маалыматтарды бузгучтан коргой албайт.

2

Google-дискте же дагы башка серверлерде сакталган маалыматтарга жетүү жолу – сыр сөз жана эки факторлуу аутентификация аркылуу гана аткарылышы зарыл.

Эки факторлуу аутентификация — бул кайсы бир сервисте эки башка типтеги идентификациялоочу суроонун жардамы менен колдонуучуну идентификациялай турган ыкма. Мындай ыкма эки катмардан турат, демек, уруксатсыз кирүүдөн аккаунтту абдан эффективдүү коргоону камсыз кылат. Иш жүзүндө ал мындай болот: биринчиси – бул логин жана сыр сөз, экинчиси – SMS же электрондук почта аркылуу келе турган атайын код. 

Ошол эле учурда SMS-код социалдык тармактардагы жана почтадагы аккаунтту коргоонун ишенимдүү ыкмасы эмес, ошондуктан эки факторлуу аутентификацияны Google Authenticatorга байлап коюу сунуш кылынат.

3
Сыр сөздөрдү, керек болсо абдан татаалдарын да мээде сактаган жакшы. Бирок бул кыйын болуп калышы ыктымал. Анан калса ишенимдүү сыр сөз эч кандай жеке адам менен байланышпаган болушу керек. Мунун да жолу бар: өзүңөрдүн сыр сөзүңөрдү LastPass же 1Password сыяктуу сервистерге ишенип тапшырып, өз мээңерде бир гана негизги сыр сөздү сактасаңар болот.
4

Коомдук жайларда өз гаджетиңерди сыр сөзү ачык, кароосуз калтырбагыла.

Эгер сиз элдин алдында телефонуңуздун сыр сөзүн киргизе турган болсоңуз, сизди байкап жаткан адам (байкоо жүргүзүүчү камеранын обьективи аркылуу же өзү) аны кайра кайталай албай тургандай кылып жасаңыз.

5

Кат жазышуу үчүн сиздин сайттын доменине байланган почта серверлерин пайдаланган жакшы. Эгер андай жок болсо, Gmail же Protonmail сунуш кылынат. 

Айтмакчы, бул жерде да татаал сыр сөздөрдүн жана эки факторлуу аутентификациянын эрежелери иштейт.

6

Маалымат булагы же иликтөөчү топтун мүчөлөрү менен байланышта болуп туруу үчүн, ошондой эле маалыматтарды берүүдө шифрлөөчү мессенжерлерди пайдалануу керек. Бул жагынан алганда Signalда артыкчылыктар бар. Ал эми үн менен кабарларды бергенде негизинен  Telegram же WhatsAppты колдонууга болот. Ушул жерде аталган мессенжерлердин ар бири менен чалышып сүйлөшүүгө да болот.

Өзүбүздү коргойбуз

1
Социалдык тармактардагы өз баракчаларыңарда азыркы учурда кайда экениңизди көрсөткөн геобелгиси бар постторду жазбаңыз. Сиздин кайсы жерде экениңизди билдире турган сүрөттөр аркылуу пост жазгандан алыс болуңуз, ал сүрөттөр арам ойлуу адамдарга сиз турган жерди таап алууга жардам берет.
2
Сиздин туруктуу күнүмдүк жолуңузду канчалык аз адам билсе, ошончолук жакшы. Ошондой эле көнүмүш жолуңузду алмаштырып туруу да пайдалуу: жумасына жок дегенде эки жолу жумушка жетүүнүн жаңы жолдорун тандоого көнүп алыңыз.
3
Бардык эле адамдарга өзүңүз иштеген офистин дарегин же же коворкинг локацияны айта бербеңиз.
4
Албетте, бардыгынан сактаныш мүмкүн эмес, бирок сиз иликтөөчү болсоңуз, кайсы жерде эс ала турганыңыз тууралуу маалыматтар менен көп эле бөлүшө бербеңиз.
5
Дайыма көңүлдү кунт коюп жүрүү керек. Адамдар топтолуп турган жерлерден алыс басып, ошондой эле өтө эле обочолонгон жайлардан, жабык короолордон же короо алдындагы ачык жерлерден да алыс болуңуз.
6
Жакындарыңыз тууралуу маалыматтарды такыр айтпаңыз – бул бүгүнкү күндө сиздин үй-бүлөнү коргоп калуунун жалгыз жолу.
7

Эң коркунучтуу мезгил – иликтөө башталгандан тарта ал жарыяланганга чейинки убакыт.

Эгер маалымат сыртка чыгып кетсе, журналист үчүн тобокелчилик көбөйөт. Анткени иликтөө обьектиси материал даярдалып жаткандыгын билип калат. Ушул эле себептен, журналист маалымат алуу үчүн экинчи тарап менен байланышканда да коркунуч көбөйөт.

Иликтөө жарыялангандан кийин боло жүргөндөй, коркунучтун деңгээли азаят.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу