Адам укуктарын чагылдыруу. Журналисттер үчүн практикалык колдонмо

Бул колдонмо – Борбордук Азиянын журналисттери үчүн ММКларда укук коргоого байланышкан темаларды сабаттуулук менен чагылдыруунун ыкмаларын камтыган ресурс. Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Ѳзбекстан жана АКШнын алдыӊкы ММКларынын редакторлору, медиаэксперттер, адам укуктары боюнча адистер БА журналисттерине адам укуктары тууралуу жазууда кесипкѳйлүгүн жогорулатууга кѳмѳктѳшкѳн коопсуздук, укук, контент жана психология маселелери боюнча сунуштарды беришет. Колдонмо Европа Комиссиясы тарабынан каржыланып, IWPR ишке ашырган «Борбордук Азияда ММКлар аркылуу адам укуктарын коргоо жана укук коргоо боюнча билим берүү» деп аталган долбоордун алкагында даярдалып чыкты.