Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Ѳзбекстанда ММКлардын абалы жана социалдык тармактардын ролу

Изилдѳѳнүн максаты Борбордук Азиянын тѳрт ѳлкѳсүндѳ (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Ѳзбекстан) массалык маалымат каражаттарынын учурдагы абалы менен ѳнүгүү перспективаларына талдоо жүргүзүү иш-аракети эсептелет. Муну менен бирге, изилдѳѳ Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Ѳзбекстанда ММК, эксперттер, жарандык коом уюмдары жана мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташтык деӊгээлин, маалымат булактарын, алсыз жана күчтүү жактарын, аймактын ар бир ѳлкѳсүндѳ журналисттер менен ММКлардын ролун анализдеп чыгат.