Жүктөө
Басып чыгаруу

Аналитикалык макала жазуудагы 10 ката

Тексттин чечмелениши/Spoiler (окуу үчүн басыныз/click to read)

Редакторлук тажрыйба көрсөткөндөй, аналитикалык макала илимий мыктылыгына эмес, стилистикалык/лингвистикалык себептерге байланыштуу четке кагылат. Албетте, бул бир аз адилетсиз, анткени изилдөөчү же талдоочу өз изилдөө иштерин жүргүзүүгө көп убакытты жана күчтү сарптайт.

Бирок, эксперттик чөйрөдө аналитикалык ишти жана анын натыйжаларын жарыялоо, жайылтуу, чыныгы изилдөө жүргүзүү сыяктуу эле маанилүү. Мыкты жүргүзүлгөн изилдөө иши жана жакшы жазылган акыркы макала сиздин кол жазмаңыздын кадыр-барктуу басылма тарабынан кабыл алынуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Бул окуу куралы көптөгөн авторлордун аналитикалык макалаларды жазууда кетирген негизги  10 жаңылыштыкка көңүл бурат. Эгер сиз макала жазганды жаңы эле үйрөнүп жатсаңыз, анда бирөөнүн катасынан сабак алууга чоң мүмкүнчүлүгүңүз бар.

  1. Туура эмес формат

Макала жазууну баштаардан мурда, макалаңызды тапшыра турган конкреттүү булактын авторлорго карата талаптарын жана эрежелерин кылдаттык менен окуп чыгууну унутпаңыз. Текстти тапшыруудан мурун, “үй ишин” аткарып, нускамаларды изилдеп көрүңүз, бул макаланыздын туура түзүлүшүнө гана жардам бербестен, бир катар стилистикалык кемчиликтерден куткарат. Ошондой эле ресурстун веб-сайтына кирип, жакында жарыяланган макалаларды карап чыксаңыз болот. Бул сиздин жана редактордун көп убактысын жана күчүн үнөмдөйт.

  1. Макаланын структурасынын жоктугу же начардыгы.

Көпчүлүк учурда, макаланын авторлору бир чоң, үзгүлтүксүз текстти, так структурасыз жөнөтүшөт. Мындай текстти окуу жана түшүнүү кыйын.

Ачык, публицистикалык мүнөздөгү эксперттик аналитикалык макаланын типтүү структурасы илимий эмгектердин классикалык структурасынан көп айырмаланбайт. Ал үч бөлүктөн турат: кириш сөз, негизги бөлүк жана корутунду.

Макала менен иштөөнү деталдуу план түзүп башташыңыз керек. Жакшылап ойлонулган, структуралаштырылган жана деталдуу план сиз жумуштун жарымын бүттүңүз дегенди билдирет. Балким, ал бир нече жолу өзгөрүшү мүмкүн, бирок бул чындыгында  макаланын эч кандай маанисине таасир этпейт.

Бүтүндөй текстти гана эмес, айрым абзацтарды жана сүйлөмдөрдү бөлүктөргө бөлүү керек. Оор тексттик конструкцияларды минималдаштыруу зарыл, бир же жарым бетке абзацтар ылайыктуу эмес. Аларды кичинекей мааниге бөлүүгө аракет кылыңыз.

Кеңеш: иштин алдын-ала түзүмүн түзгөндөн кийин, сиз аны тааныш адиске, экспертке же жөн гана жакын адамыңызга көрсөтсөңүз болот. Алар сиздин планыңыздын алсыз жактарын жана карама-каршылык элементтерин көрө алат.

  1. Макаланын темасын аныктоо

Макаланын аталышы так жана түшүнүктүү, көйгөйлүү, кыска жана адабий болушу керек. Бул аталышта кандайдыр бир көйгөй же бир кыйытма сөз камтылышы зарыл.

Макаланын аталышында тексттин маңызын чагылдырган ачкыч сөздөрдү жазышыңыз керек болот, андан окурман эмне жөнүндө сөз болоорун түшүнөт. Туура ачкыч сөздөрдү (адатта, 4-6 сөздөн) тандасаңыз, издөө тутуму макалаңызды кандайча индекстей тургандыгын аныктайт. Макалада көп кайталанган ачкыч сөздөрдү колдонууга аракет кылыңыз (макаланын жана майда бөлүктөрүнүн аталышында дагы).

Аталышы так болушу керек. “Белгилүү”, “айрым” же “өзгөчө” сыяктуу жалпы сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз. Бул мите- сөздөр маалыматтык  маанини бере албайт. Көбүнчө, авторлор теманы так аныктай албай калганда, ушул сөздөрдүн артына жашынууга аракет кылышат.

Макаланын аталышынын тыкан болушу дагы маанилүү, ал өтө узун болбошу керек. Чоң макалалардын аталыштарын кош чекиттер менен кыскартса болот, ал эми чоңураак теманы конкреттүү темага бөлсө болот. Көбүнчө, окурмандар макаланын аталышында суроо берилген макалаларга көбүрөөк кызыгышат. Мисалы, “эмне үчүн Өзбекстанда БӨУын ачуу кыйын?”

Кеңеш: материал жазылып бүткөндөн кийин, анын аталышын ойлоп табуу бир топ оңой.

 

  • Маселенин ачык эместиги

 

Макаланын киришүү бөлүмүндө негизги көйгөй көрсөтүлүп, багыт көрсөтүлүп, максат жана тапшырма түзүлүп, окурмандардын көңүлүн тартуу зарыл. Адатта макаланын кириш бөлүгү эки же үч абзацтан турат жана жалпы тексттин 10% дан ашыгын албайт.

Макаланын үстүндө иштей баштаганда эле эң негизгиси нерседен баштоо керек. Көбүнчө, негизги темадан четтеп кетип, автор маселенин маңызын ачып бере албай калат же ага өтө эле аз орун бөлөт. Көңүлдү алагды кылган нерселердин көпчүлүгү байыркы дүйнөнүн тарыхын баяндоо менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Эгерде сиздин макалаңызда эки же үч негизги идея болсо, анда ошол макаланы эки же үч бөлөк макалага бөлбөө үчүн абдан ойлонүлган аргумент керек. Ошондуктан, “жумурткаларыңыздын бардыгын бир себетке” салып, “чексиз кучак жайганга” аракет кылбаңыз. Бул идеянын өзүнө гана эмес, ошондой эле изилдөө аймагынын географиялык таралышына да тиешелүү. Орто Азия жөнүндө орток, жалпы макала жазгандан көрө, Кыргызстандагы көйгөй жөнүндө өзүнчө макала жазган жакшы.

 

  • Материалды берүүнүн формасы

 

Узун сүйлөмдөр. Бир нече саптан турган татаал сүйлөмдөрдү колдонуудан алыс болууга аракет кылыңыз. Мындай сүйлөмдөрдү редакциянын кеңешин күтпөстөн, эки-үч бөлүккө бөлүү керек. Чоң сүйлөмдөрдү окуган окурман сүйлөмдүн аягына жеткенде, сүйлөмдүн башында эмнелерди окуганын унутуп калат. Мыкты маклада, бир сүйлөм бир ойду, идеяны камтышы керек.

Тилдин татаалдыгы. Окурмандын көз карашы менен ойлонуп, текстти мүмкүн болушунча жөнөкөй жазууга аракет кылыңыз. Бул сиздин макалаңызга окурманды кызыктырууга жардам берет. Бирок, текстти өтө эле примитивдүү кылбашыңыз керек. Негизги эреже – оор, кабыл алуу кыйын болгон структуралардан алыс болууга аракет кылуу.

Текстин татаалдыгы. Макалаңызда өтө көп техникалык жаргондорду колдонбоңуз. Маңызы жок сандар жана статистика менен, маектерден жана расмий документтерден алынган чексиз үзүндүлөр менен окурманды таң калтырууга аракет кылбаңыз. Эгерде сиздин текстте көптөгөн сандар жана ар кандай эсептөөлөр бар болсо, анда алар өзүнчө таблицаларга, иллюстрацияларга жана толуктоолорго жайгаштырылышы керек.

Кайталоо. Макала жазууда кайталоонун эки түрүнөн сактануу керек: биринчиси – идеялар жана аргументтер; экинчиси – негизги сөздөр жана сөз айкаштары. Акыр-аягы, өзүңүздүн идеяларыңызды кайталап, бир эле нерсени кайра-кайра кайталай берсеңиз (азыркыдай), демек, бул темаңыздын идеясын толук ойлонуп бүтө электигиңизди билдирет. Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу – пландаштыруу этабында көбүрөөк идеяларды жаратуу. Жакшы жазылган долбоор бир эле концепцияны же фактыны кайталабашыңызды камсыз кылат.

Биринчи же экинчи адамдан баян. Сиздин макалаңыз объективдүү жана калыс көз карашта болушу зарыл. Ошол себептен, үчүнчү жактын пикирин колдонуңуз. Биринчи адамдын көз карашы бир тараптуу көрүнөт, анткени сиз өз пикириңизди жана тажрыйбаңызды аргумент катары айтып жатасыз.

Кыскартуулар. Түшүнүксүз кыскартуулар окурманды башаламандыкка дуушар кылышы мүмкүн. Жалпы эреже бар – текстте биринчи жолу терминдин толук аталышы, аты-жөнү көрсөтүлүшү керек (анын жанындагы кашаанын ичинде аббревиатураны көрсөтүү зарыл) жана бардык кийинки көрүнүштөр үчүн кыскартылган түрүн колдонсо болот. Бул окурмандарга бир топ тактык алып келет.

  1. Цитаталар жана шилтемелер

Эгерде сиз макалаңызда колдонулган нерселерге цитата келтирбесеңиз, анда сиз кокустан плагиатты жасап алышыңыз мүмкүн. Жөн гана идея, фразалашкан сүйлөм же түз цитата болобу, тексттеги цитаталар жөнүндө унутпаңыз, анда кыскача сиздеги библиографиянын элементтеринин бирине кайрылуу керек.

Шилтемелер менен иштөөдө эң маанилүү үч нерсени эске алуу зарыл: (1) аларды талап кылынган стилге ылайык ырааттуу форматтоо; (2) тексттин ар бир шилтемесин макаланын аягында келтирүү жана тескерисинче, тексттеги ар бир шилтемени көрсөтүү; жана (3) эгерде бар болсо, толук маалыматтарды берүү.

  1. Корутунду чыгаруудагы көйгөйлөр

Макаланын аягында окурман үчүн таптакыр жаңы маалыматтар болбошу керек. Негизги аргументтерди жалпылоо окурманга мурун талкуулангандарды эскертүүгө зыян келтирбейт, айрыкча тексттин түзүлүшү узун жана татаал болсо.

Тексттин аягында сиз келтирилген материалдан келип чыгуучу тыянактарды түзүшүңүз керек, бирок тексттин формасы жана жарым-жартылай мазмуну боюнча, корутунду тексттин негизги бөлүгүнөн курулушу кажет, бирок аны так өзүндөй кайталабашы шарт.  Бул жерде автор өз оюн кошсо болот. Ошондой эле, эгер мүмкүн болсо жана контекстте, сиз көйгөйдү чечүү үчүн кыйытма бере турган сунуштарды кошушуңуз зарыл. Сунуштар жалпыланган эмес, так болушу керек.

  1. Ашыкча көлөм

Көпчүлүк учурда, авторлор тексттин талап кылынган көлөмүн сакташбайт. Редакторлор текстте сөздөрдүн бир аз ашып кетишине же жетишсиздигине көздөрүн жумуп коюшу мүмкүн, бирок, эгерде автор материалдарды бир нече баракка көп жазып  жиберсе же, тескерисинче, теманы ачпастан, өтө аз жазган болсо, анда авторго материалды кайра карап чыгууга жөнөтүшү мүмкүн.

Текстти кыскартуу үчүн редакторго ишенбеңиз. Бул автордун өзүнүн биринчи жоопкерчилиги болушу керек. Редактор текстти кыскартып, авторго акыркы варианты жакпай калышы мүмкүн. Анткени, автор үчүн ар бир сап баалуу жана текстте ашыкча сөздөр жок.

  1. Тартип

Текст  жазуу маанилүү, андыктан макала менен иштөөнү белгиленген мөөнөттөн бир түн мурун баштоо жаңылыштык болот. Сиз аны аягына чыгара албай, уйкуңузду бузуп же маңызсыз жана логикасыз бир нерсе жазышыңыз мүмкун.

Маккаланын мөөнөтү, адатта, редактор менен алдын-ала талкууланат, андыктан маанилүү учурларды акыркы учурга чейин калтырбай, ырааттуу иш жасаганыңыз оң. Эгер сиз күн сайын бир абзац жазсаңыз, анда бир нече  мөөнөттөн кийин сизде текст даяр болот.

  1. Өзүн-өзү түзөтүүнүн жоктугу

Орфографиялык жөндөмүңүз кандай болбосун, ар бир адам ката кетириши мүмкүн. Өзүңүздүн макалаңызды редакторго тапшыруудан мурун кайрадан, кайрадан текшерип чыгууну эч качан унутпаңыз (мүмкүн болсо бир жолудан ашык). Орфографияңызды текшериңиз, бардыгы жайында экендигин текшерип, мазмунунун өзүн текшерип алыңыз. Баштапкы контурдагыдай эле, бул жерде сиз досуңуздан, кесиптешиңизден же редактордон макалаңызды окуп чыгууну жана мүмкүн болсо редакциялоону сурансаңыз болот.

Компьютердик орфографиялык программалар, тилекке каршы, бардык көйгөйлөрдү чече бербейт, сөздөрдөгү каталарды байкайт, бирок, мисалы, туура жазылган сөздөрдү орунсуз колдонгон учурларын өткөрүп жиберет.

Буллак: В. Радаев. Правила написания письменных текстов (отчеттор, макалалар, нускоочу баяндар)

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу