Жүктөө
Басып чыгаруу

ФАКТ-ЧЕК ЖАНА АНЫН ЗАРЫЛДЫГЫ

Кѳп ѳлкѳлѳрдѳ англис тилиндеги үлгү боюнча «факт-чек» же «факт-чекинг» деп аташкан фактыларды текшерүү иши жергиликтүү жана чет ѳлкѳлүк массалык маалымат каражаттарынын мейкиндигинде тез эле ѳз ордун таап кетти. 

Эксперттер фактчекингдин ѳркүндѳшүнүн себебин технологиянын ѳнүгүшү жана фейк жаӊылыктардын жайылышы менен байланыштырышат. Бирок, фактчекерлердин ишинин башкы максаты – жалган маалыматты издѳѳ эмес, фактылардын тууралыгын аныктоо жана айрым мекемелер же кишилер тарабынан жайылган же жарыяланган маалыматты салыштыруу.

Фактчекерлер түрдүү билдирүүлѳрдү текшерүүдѳ ачык булактардан алынган, башкача айтканда расмий маалыматтарды гана колдоно алышат.

  • Изилдѳѳнүн предмети же объектиси

Изилдѳѳнүн объектиси болуп, официалдуу жактардын жалпыга ачык билдирүүлѳрү же массалык маалымат каражаттарынын жарыялоолору эсептелет. 

Текшерүүгѳ тѳмѳнкү критерийлерге шайкеш келген темалар же объектилер гана алынышы мүмкүн:

– Фактылар менен сандар камтылган;

– Кеӊири жайылган;

– Социалдык жактан маанилүү;

– ММК же социалдык тармактарда кеӊири тараган.

Ачык булактардан гана алынган маалыматтар менен сандар далил катары кызмат кыла аларын белгилей кетмекчибиз. Жабык же жашыруун булактарды колдонууга тыюу салынат. Себеби, билдирүүлѳрдүн баары эле фактчекинг объектиси боло албайт.

Маселен, фактчекинг келечекке багытталган билдирүүлѳрдү текшербейт:

– Эгер официалдуу жак «биз келерки окуу жылында университеттерде абитуриенттердин санынын 20 пайызга кѳбѳйүшүн күтүүдѳбүз» деп айтса, анда муну текшерүү мүмкүн эмес. Себеби, ал келечекке карата жеке божомолун билдирүүдѳ.

– Кээде чиновниктер ѳз билдирүүлѳрүндѳ «менин пикирим боюнча…», «мен … деп ойлойм», «менин оюмча …» жана башка ушул сыяктуу сѳздѳрдү колдонушат. Буларды дагы текшерүү мүмкүн эмес.

– Ошондой эле, ой жоруулардан же болжолдуу сандык маалыматтардан турган билдирүү дагы фактчек объектиси боло албайт: «Пахта ѳндүрүү боюнча план былтыркы жылга салыштырмалуу 15%дан кѳбүрѳѳк кѳрсѳткүчкѳ жогорулады».

Башкача айтканда, бул жерде так фактологиялык сан эмес, болжолдуу эсептѳѳ бар.

  • Фактчек-материалды презентациялоонун форматы же формасы

Фактчекингдин натыйжасы катары, тѳмѳнкү түзүлүш боюнча даярдалган жаӊылык, макала, аудио жана видео же мультимедиялык репортаж түрүндѳгү журналисттик материал эсепетеле алат:

  1. Булакка шилтеме берүү менен түз баяндама
  2. Билдирүүнү же фактыларды текшерүү процессин ачык (расмий) булактарда сыпаттап берүү
  3. Корутунду

Корутунду – фактчекингдин негизги аспектилеринин бири жана анын ажырагыс бѳлүгү. Текшерилген ар бир материал расмий булактарга таянып так, айкын жыйынтык менен аяктоого тийиш. Бирок, эгер кимдир бирѳѳ (окурман) же кандайдыр бир белгилүү киши фактчекердин корутундусу менен макул болбосо, жыйынтыкты жокко чыгара турган керектүү (так) маалыматтар берилген абалда, мурунку корутундуну ѳзгѳртүүгѳ болот.   

 

  • Текшериле турган материалдардын структурасы

 

Эмнелер текшерилди? | Эмнени текшересиӊер: тексттиби же цитатаныбы? Силер фактчек-материалдын текстиндеги түпнускасын кошуп,  түшүндүрүп  беришиӊер керек 
Бул кантип текшерилди? | Окурманга текшере турган текстти жана аны кантип текшергениӊерди, бул үчүн кандай иш-аракеттер аткарылганын, кандай аспаптар колдонулганын кѳрсѳтүп бергиле
Вердикт | Ѳз корутундуӊарды бир же эки сүйлѳм менен жыйынтыктагыла, башкача айтканда логикалык жыйынтык чыгаргыла.

 

  • CHECK-LIST – фейк билдирүүлѳрдѳн коргонуу  үчүн 

Мисалы, билдирүү чын же жалган экенин аныктоо үчүн маанилүү болгон бир нече учурду карап чыгалы: 

– Жаӊылыктарды дайыма толук окуп чыккыла

– Сынчыл ой жүгүрткүлѳ: маалыматтан шектенүүгѳ эч ким силерге тыюу сала албайт 

– Дайыма жаӊылыктын биринчи булагын издегиле

– Тексттеги шилтемелерге кѳӊүл бургула, анын булагын жана сайттын башкы максатын изилдеп чыккыла

– Материалды эч качан баштеманын негизинде баалабагыла, анын аталышы мазмунуна канчалык деӊгээлде туура келгенине кѳӊүл бургула

– Автордун аты-жѳнүнѳ кѳӊүл буруп, аны текшерип чыккыла

– Белгисиз же жашыруун булактарга эч качан ишенбегиле

– Билдирүү жарыяланган күнгѳ сѳзсүз кѳӊүл буруп, аны текшергиле

– Социалдык тармактардагы маалыматты абайлап колдонгула: маалыматты бѳлүшүүдѳн мурун аны текшерип чыккыла, андан соӊ гана жайылтууга киришкиле

– Чындыкка дал келген жаӊылыктарды фейк жаӊылыктардан айырмалоого аракет кылгыла же болбосо бул боюнча башка ММКлардын жазгандарын карап чыккыла

– Зарыл болгон учурда эксперттер менен фактчекерлерге кайрылгыла…

P.S. Так жана айкын далилдер хайптан кыйла маанилүү экенин билип жүргүлѳ!

  • Сүрѳттѳрдү жана видеолорду текшерүүгѳ арналган маанилүү 6 онлайн-ресурс
  1. Archive.today – бул веб-баракчанын «кѳчүрмѳсүн» жасаган маанилүү онлайн-ресурстардын бири. Ал тургай баштапкы баракча жок кылынып, анын кѳчүрмѳсү ар дайым онлайн болуп турат. Мындан тышкары, баракчанын тексттик жана графикалык кѳчүрмѳсүн андан да айкын кылып, каалаган веб-баракчанын ѳзгѳрүлбѳс кѳчүрмѳсүнѳ кыска жана ишенимдүү шилтемени камсыздайт. Эгер силер веб-баракчанын «кѳчүрмѳсүн» жаратууну кааласаӊар, анда мунун пайдасы абдан чоӊ. Себеби, андагы маалымат: статистика, прайс-листтер, жумуш боюнча сунуштар, кыймылсыз мүлктѳрдүн тизмелери, кайсы бир кызмат адамынын убадалары ж.б. ѳзгѳрүлүп калышы ыктымал.

Сакталган баракчаларда активдүү элементтер менен скриптер жок. Демек, эч кандай зыяндуу нерсе болбогондуктан, силерге коркунуч жаратпайт.

Эреже катары, маалымат белгилүү бир убакыт ѳткѳн соӊ, интернеттен (ѳзүнчѳ веб-сайттардан) кимдир бирѳѳ тарабынан жок кылынат. Ал эми  «ArchiveToday» сервисин колдонуу аркылуу кѳрсѳтүлгѳн ресурстагы булакка шилтеме коюу менен, маалыматты ѳз алдынча сактап калууга болот. 

  1. Анализ – Интернеттеги ар кандай веб-сайттарды анализдѳѳ үчүн колдонулган аспап. Мындан тышкары, силер сайтты текшерүүнүн жана андагы ѳзгѳрүүлѳрдүн мониторингинин жыйынтыктарын кѳрѳ аласыӊар. Кыскасы, бул аспап издѳѳ системаларындагы жарнама үчүн колдонулат.

  1. TinEye — бул сүрѳттѳр боюнча кайтарым издѳѳ. Сервистин жардамы менен сүрѳттү таап, анын кайсы жерде пайдалангандыгын биле аласыӊар. Бул жерде сүрѳттүн алгачкы булагын гана таппастан, анын качан, кандайча жана кайсы онлайн-ресурстарда ѳзгѳрүлгѳнүн дагы аныктап чыгуу толук мүмкүн.  

  1. RevEye Reverse Image Search – бул сүрѳттѳр боюнча кайтарым издѳѳ үчүн аспаптардын топтому. Издѳѳ Google, Yandex, TinEye, Bing жана Baidu системалары аркылуу ишке ашырылат.  Сервис сүрѳткѳ чычкандын оӊ баскычы менен басып, аны каалаган сайттан таап чыгуу мүмкүндүгүн берет. Бул үчүн «Chrome интернет-дүкѳнүнѳ» кирип, браузериӊерге «RevEye Reverse Image Search» кеӊейтүүсүн орнотушуӊар керек. 

  1. Image Metadata Viewer – бул сүрѳттүн мета берилмелерин кѳрүүгѳ же сүрѳт боюнча маалымат алууга жардам берген аспап. Болгону, текшерип же жүктѳй турган сүрѳттү тандагыла. Бир нече секунддан кийин тандалган сүрѳт жѳнүндѳ керектүү маалыматты таба аласыӊар.

  1. Youtube DataViewer – эскирээк роликтерди кошуп, кризис же табигый кырсыктардын учурунда жайылып жаткан видеороликтерди, ал эми айрым учурларда – жалган же жасалма материалдарды текшерүү үчүн колдонулган аспап. Болгону, браузериӊерге сервистин атын жазып, видеого керектүү шилтемени табуу жана аны тийиштүү талаага жайгаштыруу жетиштүү. Натыйжада, автоматтык түрдѳ роликтин мета берилмелери чыгып, кайтарым издѳѳ үчүн бир нече негизги кадрды пайда кылып берет. Ал кадрлардын жардамы менен YouTube платформасынан видеонун түпнускасын таба аласыӊар.

Келгиле, эми жогоруда айтылгандарды конкреттүү бир мисал аркылуу карап чыгалы.

  • Сүрѳттүн орун алган жерин таап чыгуу үчүн 7 кадам

Ачык булактарды колдонуу менен сүрѳттѳгү имараттын кайсы жерде жайгашкандыгын таап чыгууга аракет кылалы. Бул үчүн болгону 7 кадамды аткаруу талап кылынат. 

1-кадам

Сүрѳттү таап чыгуунун эӊ жѳнѳкѳй жолу — Google же Yandex издегичтерин колдонуу. Бирок, бул учурда издѳѳ системалары сүрѳт боюнча маалыматтарды бербейт.

2-кадам

Издѳѳ системасы сүрѳттүн белгилүү бир бѳлүгүн ѳзүнчѳ сүрѳт катары таап берүүсү үчүн биз аны кесишибиз керек. Маселен, сүрѳттѳгү имарат.

3-кадам

Кесилген сүрѳттү Google же Yandex издегичине жүктѳйбүз. Бул издѳѳ сервистери окшош имараттардын сүрѳттѳрүн чыгарып берет. Аларды колубуздагы сүрѳт менен салыштырып отуруп, имараттын Варшавадагы Шопен музейиFryderyk Chopin Museum») экенин тез эле аныктап чыгабыз. Андан ары, Google’дан  Шопен музейинин дарегин табабыз: Pałac Gnińskich, 00-368, Okólnik 1, 00-368 Warszawa, Польша  (Палак Гнишкич, 00-368, Околник 1, 00-368 Варшава, Польша).

4-кадам

Google Maps’ке кирип, Шопен музейинин дарегин тапкыла. Google Maps’тин артыкчылыктарынын бири болуп, шаарларды 3D-модель режиминде кѳрсѳтүп берүү кызматы эсептелет. Муну оӊ жак менюдагы баскычтын жардамы менен аткарууга болот. Бирок, Тажикстандын шаарлары менен райондору азырынча булардын катарына кире элек. Биз болсо, жакынкы жылдары Картадан аларды да кѳрѳ баштайбыз деген үмүттѳбүз. Картаны кайра Google Maps’тин тѳмѳнкү сол бурчунда орун алган «спутниктик» режимге алып келгиле. Андан кийин бир эле учурда Ctrl баскычы менен чычкандын сол баскычын басып, музейди бардык тарабынан карап чыккыла.  

5-кадам

Эми имараттын сырткы кѳрүнүшүн биздеги сүрѳттѳр менен салыштыралы. Шопен музейи кайсы тарабынан тартылганын аныктап кѳрѳлү (багыт берүү – Кѳпүрѳ).

6-кадам

Эми биз сүрѳт кайсы үйдѳн тартылганын табабыз. Биздин сүрѳтүбүздѳ оӊ жакта имараттын бѳлүгү кѳрүнүп турат. Тышкы кѳрсѳткүчтѳр боюнча мындай сүрѳттү тартуу мүмкүн болгон жалгыз имаратты картадан таап чыгабыз. 

Эгер Google картадан чычкандын сол баскычы менен имараттын жогорку бѳлүгүн бассаӊар, анын дареги: Тамка 37 деп чыгат.

7-кадам

Сүрѳт кайсы терезеден тартылганын аныктайлы. Бул үчүн кѳчѳлѳргѳ, тротуарларга жана проспекттерге карай кѳрүнүш керек. Google картадагы тѳмѳнкү сол бурчтагы сары кишинин сѳлѳкѳтүн үйдүн терезелерине жакын алып келгиле да, жакшыраак кѳрүү ракурсун тапкыла. Мисалы, кѳпүрѳ тараптан.

Кѳпүрѳ болжол менен имараттын 3-кабатынын деӊгээлинде жана чыныгы сүрѳттѳргѳ салыштырмалуу кыйла тѳмѳнүрѳѳк  жайгашканын эске алганда, сүрѳт 4-кабаттагы батирдин терезесинен тартылганын божомолдоого болот.

Кошумча адабияттар:

  1. Александр Гороховский. Далелсанҷӣ чун раванди нав дар ЖТ (Имкониятҳо ва дурнамо). 2018
  2. Александр Гороховский. Фактчекинг как тренд ЖР (Возможности и перспективы). 2018

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу