Фарход Аминжонов: ийгиликтүү доклад жасаш үчүн кантип даярдануу керек?

Докладка даярдык ѳзүӊѳргѳ жакын жана кызыктуу болгон актуалдуу темадан башталат. Кѳбүрѳѳк тынчсыздануу жараткан маселе же кылган иш-аракетиӊер тууралуу сүйлѳгѳн учурда докладка даярдануу кыйла оӊой болуп, эч кандай чымыркануу абалына түшпѳйсүӊѳр. Бирок, бул жерде да сүйлѳй турган кебиӊердин белгилүү бир структурасын түзүп, аны алдын ала билгениӊер абзел. Докладды даярдоодон мурун ал кандай аудиторияга сунуштала турганын жана даярдыктын убактылуу чектерин аныктоо менен бирге, аудиториянын кызыкчылыктарын дагы эске алуу талап кылынат. Ошентип, докладдын темасы биринчи кезекте оратордун ѳзүн, андан кийин аудиторияны кызыктырууга тийиш.

Эгер аудитория жаш жана энергиялуу болсо, аны дайыма иш-аракетке тартып туруш керек. Докладды структураланган сыпаттоо формасында гана окуй бербестен, ага кандайдыр бир кызыктуу баяндарды, окуяларды да кошуп койсо жакшы болот. Мына ошондо гана аудитория «уктабай», силерди угат. 

Кептин негизги бѳлүгүндѳ башкы ойду берүү ѳтѳ маанилүү. Керек болгон учурда аудиториянын жакшы эстеп калуусун камсыздоо максатында аны кайталап койсо болот. Корутунду бѳлүктѳ дагы ѳзүӊѳр үчүн маанилүү деп эсептелген ойду дагы бир жолу кайталайсыӊар. Белгилүү бир теманы изилдеп жатып, силерди кызыктырган нерселердин баары тууралуу айткыӊар келгенин түшүнүп турам, ошентсе да, докладыӊардын негизги максаты – белгилүү бир маалыматты аудиторияга жеткирүү экенин эсиӊерден чыгарбагыла. Аудитория болсо, ар кандай болот.  Ошондуктан, докладды даярдоодо жана чыгып сүйлѳѳдѳ аудиторияга жеткирүүнү кѳздѳгѳн негизги ойду аныктап, ал ойду отургандар эстеп калып, ѳзү менен бирге ала кетүүсүн камсыздоо үчүн бардык күч-аракетиӊерд

Докладка кантип даярдануу керек?

  • Ѳзүӊѳрдү кызыктырган жана күчүӊѳр жете турган теманы тандоо
  • Мазмундун структурасы менен маалыматты берүүнүн ырааттуулугун түзүп чыгуу
  • Аудиторияга жеткирилиши зарыл болгон негизги ойду аныктоо
  • Аудитория үчүн кызыктуу баяндарды, окуяларды даярдоо
  • Аудиторияны үзгүлтүксүз процесске тартып туруу

Аудиториянын алдында докладды ийгиликтүү презентациялоо

Менин оюм боюнча, презентациядан же жѳн гана кагаздан окуп берген доклад эч бир жерде жакшы натыйжага жете албайт. Баяндама жасап  жаткан оратор иш-чаранын бардык катышуучуларын процесске тартууга аракет кылышы керек. Эгерде, силер жѳн гана кагаздан окуп берсеӊер, анда аудиториянын тез эле кызыгуусу тарап, бир аздан кийин башка нерселерге алаксый баштайт.  Кагазды тигиле карап окуп жаткандыктан,  аудитория менен визуалдык байланыш жоголот, ал эми силер аларды карабагандыктан, баары кызыгып угуп отурат деп ойлойсуӊар. Чындыгында, аудитория менен байланышты жоготуп алгансыӊар. Ушул себептен улам, белгилүү бир терминдердин топтомун же бир нерсенин химиялык курамын, же болбосо бир нерсени тизмектеп окуп берүү талап кылынган учурлардан тышкары, докладды кагаздан окубай, аудиторияны карап айтып берүү зарыл деп эсептейм. Тактап айтканда, текстти принциптүү циататаларды же татаал терминдердин аталыштарын туура берүү максатында гана караган туура.

Баяндама жасоо үчүн текст даярдоодо синтаксистик татаал конструкциялар жок эле, жѳнѳкѳй кепти колдонуу абзел. Ошондо маалымат аудитория тарабынан жакшыраак кабылданат. 

Презентация учурунда да кѳп окубаш керек.  Слайдыӊарда камтылган маалыматтын баарын теӊ айтып берүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби, белгилүү бир убакыт ченемдери бар, маселен, бир слайдга бир-эки мүнѳт бѳлүнүп берилет.  

Адамдардын 70%дан кѳбү — визуалдар. Чыгып сүйлѳѳдѳ визуалдык катар абдан маанилүү. Кѳбүнчѳ, визуалдык катар сүрѳттѳрдѳн, графиктерден, коддордон жана башка слайддардан түзүлгѳн презентация түрүндѳ таризделет. Слайддардын тексттери абдан кыска болуу менен бирге, залда отургандарга жакшы кѳрүнѳ тургандай чоӊ шрифттер менен жазылууга тийиш.  Тексттик слайддардын доклад жасоочу үчүн эмес, аудиториянын айтылган сѳздѳрдү оӊой түшүнүүсүн камсыздоо үчүн түзүлѳрүн эсиӊерден чыгарбагыла. 

Албетте, мүмкүн болушунча кѳбүрѳѳк маалымат берүүнү каалайсыӊар. Эгер эл кызыгып калса, кийин маалыматты шашпай, тереӊирээк карап чыгуу максатында силерден слайддарыӊарды сурап алат. Эӊ башкысы – презентация учурунда бир-эки негизги ойду тандап алып, аларды аудиторияга жеткирүү. Ал эми кайсы ой кѳбүрѳѳк маанилүү экенин ѳзүӊѳр чечесиӊер. Слайдды текстке толтуруп салбагыла, текстти докладдан деле окуйсуӊар. Сѳздѳрдү ѳзүӊѳргѳ калтырып, графиканы – презентацияга таштагыла. Ошентип, кээде сѳздѳрдү визуалдаштыруу узун кепке караганда кыйла таасирдүү боло алат. 

Импровизациянын дагы пайдасы чоӊ, мен ѳзүм кѳп учурда бул ыкманы колдоном. Бирок, импровизацияга конкреттүү аргументтин алкагында гана жол берилет, тактап айтканда, баяндаманы башынан аягына чейин импровизациялоо – туура чечим эмес. Сүйлѳй турган сѳздѳрдү даярдоо, структураны түзүү, аргументтерди даярдоо, баяндамаӊарды кѳрүнүктүү кылып чагылдыра турган визуалдаштырууну тандоо иш-аракеттери абдан маанилүү. Жеке мен ѳзүм күзгүнүн астында кѳп деле репетиция кылбайм, бирок, маанилүү жана жогорку деӊгээлдеги иш-чара болсо, анда муну аткарууга аракет кылам. Эл алдына чыгып сүйлѳѳнүн алдында күзгүнү карап репетиция кылып койсоӊор, эч качан ашыктык кылбайт. 

Негизги кеӊештер: 

  • Аудиториянын алдына чыгып сүйлѳѳгѳ жакшылап даярдануу
  • Репетиция кылуу
  • Тезистер менен презентация даярдоо
  • Аудитория менен позитивдүү байланыш түзүү
  • Окубай, айтып берүү, түшүндүрүү жана бѳлүшүү
  • Ката кетирүүдѳн коркпоо жана импровизациялоо

Дагы бир маанилүү нерсе — юмор. Кээ бир баяндамачылар  презентацияны кѳӊүлдүү да, пайдалуу да жасай алышат. Күлкүлүү сүрѳттѳрдү жайгаштырып, тамашаларды айтышат, бирок ошол эле учурда пайдалуу маалымат тартуулашат. Отургандар үчүн кызыктуу да, кѳӊүлдүү да ѳтѳт. Бул – талыкпай аракеттенип ѳнүктүрѳ турган талант. Эгер силердин колуӊардан да мындай нерсе келсе – абдан жакшы. Мындай баяндамачылар кѳпчүлүккѳ жагат. Ал эми орундуу тамашалаганды билбесеӊер, презентацияга аларды жайгаштырбай эле койгонуӊар туура.

Адамдар эӊ аягында айтылган сѳздѳрдү жакшы эске тутуп калары белгилүү. Докладыӊарды аяктап жатып, айтылгандарды жыйынтыктап, негизги тезистерди дагы бир жолу эске салып койгула.

Эгерде, иш-чара бүткѳндѳн кийин угуучуларда берилген маалыматтын айланасында ой-пикирлер жаралган болсо, анда милдетиӊерди жакшы аткара алдым деп эсептей бергиле.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.