Download
Print

Инга Сикорская: кастык тили деген эмне жана журналистикада аны кантип жеӊип чыга алабыз?

 

Медиада кастык тили деген эмне? Муну түшүнүү үчүн бир нече факторду аныктап чыгышыбыз керек.

Биринчи, кастык тили – бул медиада кайсы бир расанын,  этностук, диний, гендердик же социалдык топтун ѳкүлдѳрү үчүн жагымсыз, кемсинтүүчү маанидеги терс баа берүүчү сѳздѳр менен визуалдык контенттин формалары. Кастык тили ар кандай кодулоо формаларынын бири болушу мүмкүн, чагымчылык менен терсаяктыкка үгүттѳйт. Айрым шаблондук сѳздѳр позитивдүү баяндоолордо колдонулган учурда мындай терс мүнѳзгѳ ээ болбойт.

Кастык тили – бул медиада кайсы бир расанын,  этностук, диний, гендердик же социалдык топтун ѳкүлдѳрү үчүн жагымсыз, кемсинтүүчү маанидеги терс баа берүүчү сѳздѳр менен визуалдык контенттин формалары.

Парадокс кастык тилинин пикирди эркин билдирүүнүн бир бѳлүгү болуу менен бирге, кѳп жагынан тыюу салынбаганында. Бирок, пикирди эркин билдирүү – ички этикага тиешелүү экенин, ал эми конфликттик-сезимтал журналистика дал ушул принцип боюнча түзүлгѳнүн эсиӊерден чыгарбагыла.

Пикирди эркин билдирүү – бул эч кандай кийлигишүүсүз жана чектѳѳсүз жеке пикирин билдирүү, маалымат жана идеяга ээ болуу, аларды жайылтуу укугу.

Кѳбүнчѳ жек кѳрүү риторикасы объективдүү, бирок мазмуну жагынан кээ бир адамдар үчүн ызалоочу мүнѳздѳгү кемсинтүүчү клишелер менен стереотиптер аркылуу чагылдырылат.

Мисалы, сезимтал тематикада жазылган баяндарда журналисттер каармандарын жалпылоочу тилдик штамптарды жана конфликтогендик стереотиптерди колдонуу менен сыпатташат.

Клише – бул кѳпчүлүктүн аӊ –сезиминде кандайдыр бир топтун ѳкүлдѳрүн шаблондуу белгилѳѳ катары калыптанып калган стилистикалык боёктуулукка ээ тилдик штамптар. Стереотиптер –бир топтун ѳкүлдѳрү жѳнүндѳ башкалардын кѳз карашындагы  жалпыланган пикир.

Медиада кастык тилин колдонууга байланыштуу мисалдар тѳмѳнкүлѳрдү сүрѳттѳѳдѳ кѳп кездешет:

диний топтор,

«Ал экстремисттик сакалчан жана кыска шымчан эле». «Кичи автобуста чүмкѳнгѳн менен сакалчан чогуу отурган». («БА Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин кастык тили боюнча медиа мониторингинен алынган мисалдар окуу максатында колдонулат»)

этностук,

«Ал жерде кавказ улутундагылар менен азиялык чуркалардын катышуусунда мушташ болгон». «Сыгандардын баары ууру болгондуктан, балдары мектепке барышпайт, жана алар күн сайын бул бизнести жүргүзүүгѳ милдеттүү» («БА Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин кастык тили боюнча медиа мониторингинен алынган мисалдар окуу максатында колдонулат»). 

гендердик,

«Биз алардын пайгамбардын хадистери боюнча иш-аракет кылганын кѳрүп жатпайбызбы. Кумсалар менен бачабаздарды жогорку кабаттардан ыргытып жатышат» («БА Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин кастык тили боюнча медиа мониторингинен алынган мисалдар окуу максатында колдонулат»)

жана социалдык топторду.

«Айылдардан үйүр-тобу менен кѳчүп келген мырктар (мамбеттер –  Казакстанда, харыптар –  Ѳзбекстанда) борбор калаабызды түкүрүк шаарга айлантышты. Баарын кетирип, жер каздырыш керек!» («БА Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин кастык тили боюнча медиа мониторингинен алынган мисалдар окуу максатында колдонулат»).

Мисалдарда бѳлүп кѳрсѳтүлгѳн клишелер менен стереотиптер кастык тилинин мыйзамга каршы келбегенден улам тыюу салынбай турган терс баа берүүчү тибине кирет. Бирок, этика жана тууралык жагынан журналисттер ѳз баянында күнүмдүк кепте кѳнүмүш болуп калган ушуга окшош кемсинтүүчү конструкцияларды колдонбоого тийиш. Бул болсо, мындай стилистикалык боёктуулукка ээ штамптар, ѳзгѳчѳ конфликттик-сезимтал тематикадагы материалдарда колдонулса, аялуу топторду андан да демонизациялап, аларга карата аудиториянын негативдүү кабыл алуусун күчѳтѳт дегенди түшүндүрѳт.

Сыпатталган топторго карата коомдогу терсаяктыкты күчѳтпѳш үчүн бул клишелер менен стереотиптерди кайсы сѳздѳр менен алмаштырса болот?

«Ал экстремисттик сакалчан жана кыска шымчан эле»

«Кичи автобуста чүмкѳнгѳн менен сакалчан чогуу отурган»

«Ал жерде кавказ улутундагылар менен азиялык чуркалардын катышуусунда мушташ болгон».

 «Сыгандардын баары ууру болгондуктан, балдары мектепке барышпайт, жана алар күн сайын бул бизнести жүргүзүүгѳ милдеттүү» 

«Биз алардын пайгамбардын хадистери боюнча иш-аракет кылганын кѳрүп жатпайбызбы. Кумсалар менен бачабаздарды жогорку кабаттардан ыргытып жатышат»

«Айылдардан үйүр-тобу менен кѳчүп келген мырктар  борбор калаабызды түкүрүк шаарга айлантышты. Баарын кетирип, жер каздырыш керек!»

Туура эмес жана туура мисалдар:

«Ал экстремисттик сакалчан жана кыска шымчан эле»

«Ал сакалы бар, кыска шым кийген киши эле».

 

«Кичи автобуста чүмкѳнгѳн менен сакалчан чогуу отурган»

«Кичи автобуста жоолук салынган аял менен сакалы бар киши чогуу отурган».

 

«Ал жерде кавказ улутундагылар менен азиялык чуркалардын катышуусунда мушташ болгон»

«Ал жерде он киши катышкан мушташ болгон»

 

«Сыгандардын баары ууру болгондуктан, балдары мектепке барышпайт, жана алар күн сайын бул бизнести жүргүзүүгѳ милдеттүү»

«Алардын балдары мектепке барышпайт, ѳздѳрү болсо иштебей, кѳчѳдѳ тилемчилик кылышат, жана күн сайын муну кылууга милдеттүү»

 

«Биз алардын пайгамбардын хадистери боюнча иш-аракет кылганын кѳрүп жатпайбызбы. Кумсалар менен бачабаздарды жогорку кабаттардан ыргытып жатышат»

«Биз алардын пайгамбардын хадистери боюнча иш-аракет кылганын кѳрүп жатпайбызбы. Кумсалар менен бачабаздарды жогорку кабаттардан ыргытып жатышат»

 

«Айылдардан үйүр-тобу менен кѳчүп келген мырктар  борбор калаабызды түкүрүк шаарга айлантышты. Баарын кетирип, жер каздырыш керек!»

«Айылдардан келген ички мигранттар борбор калаабызды түкүрүк шаарга айлантышты»

 

Кастык тили журналисттик тексттерде жашырын формаларда да колдонулат. Айрым учурларда, коопсуздук маселелерин чагылдырып жатканда, кабарчылар кесепеттерин ойлонбостон эле, терминдерди бурмалоо жана түшүнүктѳрдү алмаштыруу менен жек  кѳрүү риторикасын колдонушат. Мисалы, газетага жарыяланган макалада мындай абзац орун алган:

«Маалымат булагынын айтымында, Д. жоош киши болчу. Ал ошол учурда теракттардын уюштуруучусу мечитке барбаганын белгиледи».

Бул сүйлѳмдѳн аудитория мындай жыйынтык чыгарышы мүмкүн: жоош киши мечитке бара баштаганда, теракттарды жасай баштаган экен. Бул жерде жашырын риторика түшүнүктѳрдү алмаштырууда да, исламды терроризм менен негизсиз аралаштырууда да жатат.

«Маалымат булагынын айтымында, Д. жоош киши болчу. Ал ошол учурда теракттардын уюштуруучусу мечитке барбаганын белгиледи».

  • түшүнүктѳрдү алмаштыруу
  • негизсиз
  • исламды террор менен аралаштыруу

Тѳмѳнкүдѳй конструкция дагы кемсинтүүчү клишелерди камтыбай, «Жеке этностук тобунун артыкчылыгы тууралуу пикир» катары классификацияланышына карабастан,  жек кѳрүү риторикасынын бир формасы болуп эсептелет.

«Биз улуу улутпуз! Биз дүйнѳ жүзү үчүн залкар сүрѳтчүлѳрдү, жазуучуларды, акындарды жараттык! Ѳзүбүздүн улуулугубузду эсибизден чыгарбайлы!».

Бул жерде этностук таандыктык принциби боюнча топту улуктап, мактоо – автоматтык түрдѳ башка этностордун макамын тѳмѳндѳтѳ турганын баары деле түшүнѳ бербейт.  Мындай сѳздѳрдү трансляциялоо менен ММКлар ошол ѳлкѳдѳгү жашаган башка топторду маргиналдаштырган болот.  «Улут» сѳзүнүн ордуна ѳлкѳнүн атын атап, «биз баланча ѳлкѳнүн улуу элибиз» деп жазса туура болмок. Бул позитивдүү конструкция болуу менен бирге, коомду консолидациялоочу мааниге ээ.

«Биз баланча ѳлкѳнүн улуу элибиз»

Кастык тилинин дагы бир кеӊири жайылган тиби жалпылоочу стереотиптер менен ой жоруулар аркылуу диний, этностук же башка ар кандай социалдык топтун негативдүү образын жаратуу катары классификацияланат.

«Жумушчу орундардын баарын кытайлар ээлеп алгандыктан, кичинекей кыргыз эли Россияга барып иштѳѳгѳ, же Сирияга барып жихадда согушууга аргасыз».

Макаладан алынган бул мисалда ар кандай типтеги кастык тили түрүндѳгү бир нече ката бар:

Биринчиси – фактылар менен тастыкталбаган жалпылоочу стереотип  – кытай этностук тобу жѳнүндѳ негативдүү контекстте айтуу.

Бир эле учурда сол жагында же оӊ жагында тѳмѳнкүдѳй жазуулар бар:

«жумушчу орундардын баарын кытайлар ээлеп алды» –

бул эч кандай фактылар менен тастыкталбаган жалпылоочу стереотип – кытай этностук тобу жѳнүндѳ негативдүү контекстте айтуу.

Андан кийин жогорудагы сүйлѳм чийилип, башка жазуу пайда болот:

МЫНТИП ЖАЗЫШ КЕРЕК: «Кыргызстанда жумушсуздук …% түзѳт. Ошол эле учурда, жумушчу орундардын %ын чет ѳлкѳлүк жарандар ээлейт (кайсы ѳлкѳлѳр экенин белгилеп, КЭР жарандары канча орун ээлегенин кѳрсѳтүп койсо болот».

Экинчиси – бул минимизациялоо аркылуу этностук топтун негативдүү образын жаратуу. Этносту белгилеп кетүү жана ага карата «кичинекей» деген сын атоочту колдонуу ал  этноско таандык аудиторияда басынуу сезимин пайда кылышы ыктымал.

 


 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Download
Print