Жүктөө
Басып чыгаруу

Эльдияр Арыкбаев: онлайн-басылмалар үчүн жеткиликтүү кылып кантип жаза алабыз?

Кѳп учурда онлайн-журналистика чѳйрѳсүндѳ жаӊыдан ишке киришкендер эмнеден баштоо керек, макала эмнелерден түзүлѳт, сүйлѳмдѳрдү кантип түзүү керек, кандай принциптерди сактоо зарыл экендигин жакшы биле беришпейт.  Мага жаш, жаӊыдан иштей баштаган журналисттер адегенде ашып-ташыган чыгармачылык жигер менен келишет да, элдин баары алардын «шедеврлерин» окуп, лайктар менен комментарийлерди үйүп салчудай, ал эми улуу кесиптештери чуркап келип, урматтоо менен кол беришет деп ойлошот. Чынында, бул жомок. 

Жазууга киришүүдѳн мурун кээ бир жѳнѳкѳй нерселерди билишиӊер керек. 

Биринчи. Окурмандардын текстти толук окуп чыкканга убактылары жок. Эгер текстиӊерди орточо алганда бир мүнѳткѳ жакын убакыт окуп чыгышса – бул жакшы кѳрсѳткүч. Кѳп учурда окурман баштеманы окуу жана сүрѳттѳрдү кѳрүү менен гана чектелет. Муну интернеттен макала менен таанышып жаткан колдонуучулардын кѳздѳрүнѳ байкоо жүргүзгѳн атайын жабдуунун жардамы менен аткарылган изилдѳѳлѳр ырастап турат.

Экинчи. Окурмандын назарына ээ болуу үчүн башка контент менен жарышасыӊар. Тактап айтканда, текстиӊер колдонуучунун социалдык тармагында мышыктардын сүрѳттѳрү жана досторунун куттуктоолору менен бир түрмѳккѳ түшүп калат. Бул болсо, силердин абалыӊар башкаларга салыштырмалуу ѳтѳ деле жакшы эмес экенин билдирет.

Үчүнчү. Жакшы жазуу деле ийгилик үчүн жетишсиз. Окурмандарга ээ болуу маанилүү. Алар келип, текстиӊерди ѳздѳрү эле окуйт деп күтпѳгүлѳ. Журналист аудиторияны ар кандай каналдардын: социалдык тармактар же почта аркылуу жѳнѳтүүлѳрдүн жардамы менен тартууга аракет кылышы керек.  

Силер ойлогондой жеӊил эмес бекен? Интернетте контент түзүүнүн реалийлери ушундай. Келгиле эми эмне кылуу керек экендигин ойлонуп кѳрѳлү.

«Оодарылган пирамида» принциби

Эн биринчи кезекте аткарыла турган нерсе — окурмандын назарын буруу. Бул жерден бизге текст жазуу ыкмасын алмаштыруу талап кылынат: эӊ маанилүүсүн эӊ башына жайгаштыруу зарыл.

Мындай принцип «оодарылган пирамида» деп аталат. Кадимки пирамида — бул кѳркѳм баяндоонун бардык элементтерин камтуу менен хронологиялык баяндоо. Ал эми биз — жаӊылык журналисттери — кѳркѳм чыгармалар менен детективдердин авторлору эмеспиз. Эгер киши ѳлтүргүч – багбан болсо, бул тууралуу эӊ башында айтабыз.

Оодарылган пирамида. Иллюстрация: IWPR

Баштема – окурман эӊ эле биринчи окуган бѳлүк. Классикалык жаӊылык баштемасы макаланын мазмуну менен тааныштырып, «эмне болду?» деген суроого жооп берет жана активдүү этиштерди камтып, 10 сѳздѳн ашпоого тийиш.

Келгиле, машыгып кѳрѳлү.


Пресс-релиздин тексти: Москва шаарында Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин жолугушуусу болуп ѳттү. Эки тарап биргелешкен кызматташтыктын маанилүү экенин белгилеп, бул жаатта пикир алышышты. Аталган жолугушууда мамлекет башчылары Кыргызстандын  түштүгүндѳ Россиянын дагы бир авиациялык базасын куруу жѳнүндѳ эки тараптуу келишимге кол коюшту. Кыргызстандын президенти Россияны башкы стратегиялык ѳнѳктѳш деп атоо менен, ѳлкѳнүн ЕАЭБге мүчѳлүгүнүн маанисин белгилеп ѳттү. Россиянын президенти кыргыз кесиптешинин пикирин толугу менен колдогонун жана жаӊы президентти шайлаган Кыргызстандын элинин тандоосун сыйлаганын айтты.


Силерге Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин ортосунда жолугушуу болуп ѳткѳндүгү тууралуу пресс-релиз келди деп эсептейли. 

Текстте «мамлекет башчылары ѳз ѳлкѳлѳрүн стратегиялык ѳнѳктѳш деп эсептеп, кызматташтыкты жогорку деӊгээлде ишке ашырууну максат кылгандары» айтылып жатат. 

Ошондой эле, алар «Кыргызстандын түштүгүндѳ Россиянын авиациялык базасын куруу жѳнүндѳ макулдашканы, Россиянын президенти кесиптешин мамлекет башчысы болуп шайлангандыгы менен куттуктаганы» баяндалат. 

Келгиле, булардын ичинен эмнени баштема кылып чыгарууга боло турганын жана билдирүүнүн мазмуну эмнеде экенин ойлонуп кѳрѳлү.

Кѳп учурда журналисттер баштема катары жолугушуу фактысынын ѳзүн чыгарышат, чындыгында бул дайыма эле кызыктуу боло бербейт. Президенттер ар кандай кишилер менен жолугушат. Мамлекет башчысынын ар бир жолугушуусу, айрыкча анын натыйжасында эч кандай маселе чечилбесе, бул тууралуу жаза бериш – биздин милдетибизге кирбейт. 

Окурман үчүн жолугушуунун натыйжасы кызык. Эмне менен аяктады? Бул суроого жоопту биз материалыбыздын баштемасы катары колдонобуз. 

Эгер иш-чара эч кандай натыйжага жетпей эле, президенттер жѳн гана ѳз ара мамилелерди кошумча колдоо максатында жолугушса, бул жѳнүндѳ жазып деле кереги жок. 

Албетте, жолугушуунун ѳзү эле жаӊылык болгон учурлар да бар. Маселен, узак мезгил бою чатакташып жүргѳн эки саясатчы бири-бири менен жолугушса — бул жаӊылык. 

Натыйжада, баштема катары, президенттердин Кыргызстандын түштүгүндѳ авиабаза куруу боюнча макулдашуусун калтырабыз.

Баштеманы ойлоп табуу — бул ѳзүнчѳ бир искусство. Себеби, мүмкүн болушунча кѳбүрѳѳк маалымат берүүнүн жана окурмандын шилтеме аркылуу текстиӊерди окуп чыгуусу үчүн аны кызыктыруунун ортосунда теӊдемди жаратыш керек.

Текст жазуу

Мында силерге 5W – тагыраагы, Ким? Эмне? Кайсы жерде? Качан? Эмнеге? деген суроолор жардамчы болот. Текстте Ким катышкан? Эмне болгон? Кайсы жерде болгон? Качан болгон? Эмне себептен болгон? деген негизги суроолорго жооп берилиши керек.

Оодарылган пирамиданы эсиӊерден чыгарбагыла. Биринчи абзацтарда эӊ маанилүү нерсени, жакында эмне болуп ѳткѳнүн баяндайсыӊар, аягына чыр-чатактын чыгышына эмне себеп болгонун жазып, окуянын мааниси менен контекстине түшүндүрмѳ бересиӊер. 

Текстти жѳнѳкѳй сүйлѳмдѳр менен жазгыла. Татаал сүйлѳмдѳрдѳ бирден ашык атоочтук же чакчыл түрмѳк колдонбогонго аракет кылгыла. Текстти 9-класста окуган иниӊер үчүн жазып жаткандай элететкиле. Окуп чыккан соӊ, иниӊер мазмунду оӊой жана жакшы түшүнгѳндѳй болушу керек.

Абзацтар бир-эки гана сүйлѳмдѳн түзүлгѳнү жакшы. Бир абзац – бир ойду берет. Текстиӊер тизилген шлакоблоктой болуп турса, окурмандын  аны окуп чыгуусу да, түшүнүүсү да кыйын болот.

Канцеляризмдер менен модалдуулукка орун бербей, пассивдүү этиштердин ордуна активдүү этиштерди колдонобуз. Эгер текстте ири сандар бар болсо, аларды кабылдоо үчүн жѳнѳкѳйлѳштүрүүгѳ аракет кылабыз.  

Бир нерсенин масштабын кѳрсѳтүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, окурмандарыӊарга жакыныраак бир нерсе менен салыштыруу ыкмасын колдонгон туура. Мисалы, ѳрттѳнгѳн аянтты футбол талааларынын саны менен салыштырууга болот. Футбол талааларын гектарлаган аянттарга караганда элестетип кѳрүү кыйла оӊойго турат. 

Текстке визуалдык элементтерди кошууну да унутпагыла. Булардын жардамы менен кѳздѳрдүн бир аз эс алуусун камсыздай аласыӊар. Тексттин ичине бир нече иллюстрация кошууга мүмкүнчүлүк болсо – кошо бергиле, бирок аша чаап кетпегиле. Бир монитор экранына бир сүрѳт ылайыктуу.

Эгер сүрѳт жок болсо, цитаталарды бѳлүп коюу же тизмелерди жайгаштыруу мүмкүн. Булар да текстти визуалдуу түрдѳ жеӊилдетет. 

Эми силер интернет үчүн кантип жазуу керек экенин биле алдыӊар. Ошентсе да, бул маалыматтар дале жетишсиз. Эгер кесипкѳй журналист болууну кааласаӊар, макалаларыӊар  кесиптик стандарттарга шайкеш даярдалуусу зарыл. 

Бул болсо, ар кайсы нерселерди эле жаза берүүгѳ болбойт дегенди түшүндүрѳт. Демек, окурманды кызыктырып гана тим болбостон, аны сыйлоого жана жалган маалымат бербѳѳгѳ тийишпиз.  Башкача айтканда, так жана туура жазабыз, фактыларды текшеребиз, чыр-чатактын бардык тараптарына сѳз беребиз, жеке пикирлерибизди билдирбейбиз.

Маалыматыӊардын тездиги эмес, чындыкка дал келүүсү маанилүү экенин эсиӊерден чыгарбагыла.

 

Кошумча адабият:

Ѳзгѳрүүлѳр үчүн репортаждар: Кризистик аймактардагы жергиликтүү журналисттер  үчүн IWPR колдонмосу (Репортажи во имя перемен: Руководство IWPR для местных журналистов в кризисных регионах (на русском)

 

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу