Жүктөө
Басып чыгаруу

Кантип аналитикалык макаланы онлайн ресурста чыгаруу үчүн жакшыртса болот?

Тексттин чечмелениши/Spoiler (окуу үчүн бул жерди басыныз/click to read)

Маалымат жана санариптештирүү доорунда кандай гана окумуштуу болбосун  ал өз макалаларын айрым басылмаларда гана эмес, ошондой эле интернет ресурстарында да жарыялаганы оң. Эгерде илимий журналдар сыяктуу басылып чыккан басылмалар илимий жана академиялык чөйрөлөрдө сиздин салмагыңызды жана авторитетиңизди жогорулатса, анда онлайн басылмалар андан дагы кеңири мүмкүнчүлүккө ээ болгондуктан, ал кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Жарыяланган эмгектериңиздин бар экендиги сиздин адистик жөндөмдүүлүгүңүз жөнүндө айтып турат. Ошону менен катар, макалалар адамдын көз-карашын жана беделин жогорулатат. Эгер беделдүү ири басылма сиздин эмгегиңизди жарыялоого даяр болсо, анда сиз ага татыктуусуз. Эмгектериңизди басылмаларда же интернетте жарыялоо менен, өзүңүздүн ким экениңизди жана изилдөө кызыкчылыктарыңызды эскертесиз. CABAR.asia сыяктуу онлайн платформалар максаттуу аудиторияңыздын кеңейишине жардам берет, ал сиздин ким экениңизди аныктап, андан кийин сиздин артыңыздан ээрчий баштайт. Бул сиздин жеке брендиңизди түзүүгө жардам берет – сизди канча жолу көрүшсө, ошончолук окурмандардын эсинде жакшы каласыз. Сиз жөнүндө кандай гана жакшы маалымат болбосун, чоң пайда алып келет жана ишенимди арттырат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоонун максаттарынын бири – бул чындыгында өз ишиңиздин мыкты адиси экендигиңизди системалуу жана ишенимдүү көрсөтүү. Керектүү онлайн чыгарылышты тандоо, максаттуу аудиторияңыз артык көргөн ресурстун пайдасына чечилиши зарыл.

Аналитикалык макаланын максаты – окурманга айрым аргументтерди ачып берүү, кайсыл бир саясий маселе боюнча коомдук пикирди өзгөртүү, мүмкүн болгон өнүгүү варианттарын жана конкреттүү көйгөйдү чечүү жолдорун көрсөтүү сыяктуу бир нече аспектилерден турушу мүмкүн

Аналитикалык макалаңызды күчтөнтүү  боюнча бир нече сунуш

Аналитикалык макала жазууда (структуралык пункттарга жана мазмунуна кошумча), аны өркүндөтүү боюнча кошумча сунуштарды бере аласыз.

  1. Келечектеги макалаңыздын аудиториясын сезип аны эске алыңыз.

Басылма белгилүү бир аудиторияга багытталган болсо дагы, бардык эле окурмандардын билим деңгээли бирдей боло бербейт. Бирок, баардыгы түшүнүктүү тилде жазылган, бардыгы так жана даана баяндалган материал баарына пайдалуу. Демек, авторлор материалды жазуу учурунда жана текшерип бүткөндөн кийин, аудиторияны эске алышы керек.

Авторлор өздөрүнө бир нече суроолорду бериши зарыл:

  • Бул макаланы кимдер жана эмне үчүн окушат?
  • Окурманга кандай маалымат керек?
  • Кандай маалыматтар жалпыга белгилүү же окурманга кеңири жеткиликтүү болушу мүмкүн?

Авторлор ар дайым окурман эмнени билгиси келет, автор окурманга эмнени үйрөтөт, эмнени жеткирет жана аудиторияны эмнеге ынандырат деп ойлонушу керек.

  1. Методология ар дайым маанилүү, анализдөө үчүн бир нече ыкмаларды жана куралдарды колдонууга аракет кылыңыз.

Изилдөө методдорунун жыйындысы жана далилдердин топтому – бул сиздин  негизги куралыңыз. Анализдин методдору, адатта, материалдын форматына ылайык актуалдуу болушу керек, анализдин бир нече ыкмаларын колдонуу жакшы аналитикалык макаланын негизи болушу шарт.

Көбүнчө авторлор талдоону бир гана маалымат топтомунун айланасында уюштурушат (мисалы, ИДПнын динамикасы же кылмыштардын санынын динамикасы жөнүндө маалыматтар же эксперттик сурамжылоо) жана алардын талдоосунун жүрүшүн жана натыйжаларын аныктоого мүмкүндүк берет.

Кээ бир материалдарда анализди “Y” топтомунан “X” темасы жөнүндө эмне деп айта алам, ал эми “YYYYнен кайсы инструменттер” … Х көйгөйүн чечүүгө ылайык келет”, деген суроонун негизинде талдоону структуризациялоо тенденциясы байкалат… Натыйжада, болжолдоолору начар контекстти эске албай, макалада бир өлчөмдүү жана бир тараптуу натыйжага жетише алабыз. Макалада бир катар талдоо ыкмаларын жана маалыматтарды колдонуу, аларды туура түшүнүү жана чечмелөө экендигин унутпаш керек.

 

  • Аналитикалык макалаларда тең салмактуулук жөнүндө унутпаңыз.

 

Албетте, сиздин өз пикириңиз бар жана ал үчүн бекем тургуңуз келет. Кайсы гана макалада болбосун автордун так пикири камтылат. Бирок, тең салмактуулук принцибин кармангандыгын көсөтүү зарыл, ал үчүн алар адатта тезистерин күчтүү аргументтер менен далилдешет. Ошол эле учурда, өзүңүздүн позицияңызды далилдөө менен, сиз жөн гана карама-каршы тарапты көз жаздымда калтыра албайсыз. Темаңыздын үстүнөн иштөөдө маселенин бардык тарабы изилденгендигин жана автор карама-каршы аргументтерди түшүнгөндүгүн далилдөө маанилүү.

Эгер сиз, мисалы, белгилүү бир келишимдерди түзүүнүн артыкчылыктары жөнүндө макала жазып жатсаңыз жана алардын калк үчүн баалуулугун далилдегиңиз келсе, анда алардын мүмкүн болгон кесепеттерине жана чыгымдарына да көңүл бурушуңуз керек. Эскертүү натыйжаларын көрсөткөн изилдөө иштерин унутпаңыз; сиздин аргументтериңиз экинчи тараптын айткандарынан эмнеси менен артыкчылыкка ээ экендигин түшүндүрүп коюңуз.

Ал эми контент жөнүндө айта турган болсок, объективдүүлүктү жана бейтараптуулукту сактоо үчүн, фантастикалык, кооз, абсурд, укмуш ж.б. сыяктуу баалуулуктарды аныктоочу сын атоочторду колдонулушуна этият аракет кылыңыз:

Ошондой эле “курч тема …”; “медалдын экинчи тарабы …” деген сыяктуу фразаларды колдонуудан алыс болуу сунушталат: Аша чапкан нерселерден алыс болуңуз, мисалы, төмөнкү конструкцияларга этият болуңуз: өтө, абдан, ар дайым, эч качан, көп, дагы, эң аз.

Эгерде сиз, мисалы, эл аралык мамилелер темасында жазсаңыз, анда адабияттарды жана айрым окуялардын чечмеленишин, жок дегенде, эки мамлекеттин позициясынан окуп чыгуу керек. Ошентип, сиздин анализиңиз кыйла кененирээк болот.

Канчалык көп маалымат булактарын колдонсоңуз, көйгөйдү ошончолук кеңирээк жана тереңирээк негиздей аласыз. Ошондуктан, чет элдик адабияттарды колдонуу жана маалымат булактарын ар тараптуу пайдалануу, кесиптештериңиздин ушул темадагы басылмаларына байкоо жүргүзүү, көйгөйлөрүңүзгө байланыштуу башка илимдердин көз карашы менен окуу сунушталат.

Мисалы, саясат таануу темасы тандалып алынган болсо, кээде ошол эле көйгөй социологияда, экономикада, ал тургай антропологияда кандайча талданганын көрүү пайдалуу болот. Авторлор өз жыйынтыктарын башка өлкөлөрдүн жыйынтыктары менен, башка изилдөөлөр менен салыштырышы мүмкүн жана салыштырып көрүшү керек.

Тең салмактуулук, диаграммаларды, графиктерди жана таблицаларды колдонуу маселесин да камтыйт. Текст түшүндүрмөсү жок схемалар, диаграммалар менен ашыкча толтурулбашы керек.

Тең салмактуулук жөнүндө сөз кылганда, “сезимтал” темаларды, ошондой эле тигил же бул маселенин гендердик аспектилерин берүүнү да эске алышыбыз зарыл.

 

  • Макаланын практикалык багыты маанилүү.

 

Корутундудагы жыйынтыкка жана сунуш кылынган сунуштарга өзгөчө көңүл буруңуз, алар учурдагы шартта жана азыркы учурда жүзөгө ашырыл турган практикалык мүнөздө болушу шарт. Натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн, изилдөө иш-аракеттеринен тышкары, өзүңүздүн илимий кызыкчылыктарыңыз боюнча бардык иш-чараларга – онлайн жана оффлайн конференцияларга, тегерек столдорго, дискуссияларга жана башкаларга катышуу пайдалуу болмок. Иш-чараларга катышуудагы активдүүлүгүңүз тармактык мамилелерди калыптандырууга жана байланыштарды кеңейтүүгө жардам берет.

Сунуштарды жазууда, мүмкүн болушунча аларды максаттуу кылуу зарыл, божомолдорду жазууда аларды мезгилдештирүү, мисалы, аларды кыска, орто жана узак мөөнөттүү деп бөлүү сунушталат.

Мындан тышкары, жакшы аналитикалык макала дагы бир катар суроолорду жаратышы мүмкүн, алар келечектеги изилдөөлөрдүн маанисин белгилеши мүмкүн. Изилдөөнүн келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтсөңүз болот же белгилүү бир көйгөйдүн жаңы аспектилерин изилдөөнү улантуунун келечегин ачып бериңиз.

 

  • Интернеттеги басылмага макала жөнөтүүдөн мурун убакытты сарамжалдуу пайдаланыңыз – башка тараптан сындын болгону жакшы.

 

Бул багытта, эгер мүмкүн болсо, макалаңызды кесиптешиңизге жана адиске көйгөйүңүз боюнча комментарий жана үчүнчү жактын көз карашы үчүн жөнөтсөңүз болот. Сынга макалаңызды өркүндөтүүнүн баа жеткис жолу жана мындан ары кесиптик өсүшүңүздүн жолу катары караңыз. Сиздин кесиптешиңиз / досуңуз / адис сиздин макалаңызды изилдеп жаткан убакыттын ичинде, сизде кошумча идеялар же аргументтер пайда болушу мумкүн.

  1. Акыркы текшерүүдөн өткөрүп, текшерүү суроолоруна жооп бериңиз.

Макала жөнөтүүдөн мурун, редактор тексттеги грамматикалык жана орфографиялык каталарды, презентация стилин текшерип гана койбостон, фактылык жана статистикалык маалыматтарды кайрадан текшерип чыгышы керек. маалыматтар, ошондой эле бир нече суроолорго жооп берүү үчүн:

  • Макаланын темасы актуалдуубу
  • Аргументтер барбы
  • Автордун так пикири барбы
  • Макала ырааттуу жазылганбы, логикалык ырааттуулук сакталганбы
  • Аргумент каталары жокпу
  • Макаланын тону бир калыптабы
  • Сүйлөмдүн түзүлүшү туурабы
  • Макала күчтүү жыйынтыктоочу фраза менен аяктаганбы
  • Бардык маалымат булактары келтирилгенби
  • Тыныш белгилери туура коюлганбы.

Аналитикалык материалды баалоо критерийлери жөнүндө бир нече акыркы сөздөр.

  • Кырдаалга баа берүү керек (көйгөйдүн сүрөттөлүшү эмес);
  • кыскача – негизги нерсени көрө билүү жана маалыматты берүү жөндөмү;
  • Жөнөкөй, түшүнүктүү тил бааланат. Клерикализмдин, ашыкча татаалдашуунун жоктугу (ким так ой жүгүртөт – ал так айтып берет);
  • ар бир идеянын терең, ар тараптуу, фактылар менен камсыздалышы;
  • колдонмо мүнөзү, белгилүү бир көйгөйдү чечүү сунуштарынын берилиши;
  • реализм;
  • толуктук, бүткөндүк.

Сунушталган адабият:

  1. Ашимбаев М.С. Аналитические методы в системе государственного управления, 2002
  2. Билл Фрэнкс. Революция в аналитике: как в эпоху Big Data улучшить ваш бизнес с помощью операционной аналитики. Альпина Паблишер, 2017.
  3. Guidelines on writing analytical articles // http://www.unece.org/fileadmin/DAM/stats/documents/media/style_manuals/4.e.pdf

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу