Жүктөө
Басып чыгаруу

Лола Олимова. Журналистиканын эл аралык стандарттарын иште кантип колдонсо болот?

Тактык, обьективдүүлүк жана чынчылдык  мыкты журналистиканын негизги принциптери болуп эсептелет, IWPR де кесиптик даярдоонун негизинде турган принциптер болуп саналат дегенге көпчүлүк макул экени талашсыз.


Оогандык журналисттер жергиликтүү лидерлерден интервью алып жатышат.  Сүрөт: IWPR

Журналистика да өзү чагылдырган дүйнө сыяктуу эле өтө ар түрдүү. Жаңылыктарды чагылдырган журналисттердин иши сенсациялык материалдарды даярдаган, атактуулар тууралуу жазган же күндөлүк жаңылыктарга сереп берген журналисттердикинен айырмаланып турат. Америкалык репортердун иши көп учурда британиялык журналисттин практикасынан айырмалуу болот, ошол эле учурда алардын жазгандары  европалык ММКларда иштеген кесиптештериникине таптакыр окшошпойт. Ар башка континенттердин же аймактардын стилдери андан да көп айырмаланышы мүмкүн.

Ошентсе да бүт дүйнөдөгү журналисттик  уюмдар мындай көп түрдүүлүктү эске алуу менен, кесиптик этиканын принциптерин иретке келтирүү аракеттерин жасашты.

Тактык, обьективдүүлүк жана чынчылдык  жакшы журналистиканын негизги принциптери болуп эсептелет, IWPR де кесиптик даярдоонун негизинде турган принциптер болуп саналат дегенге көпчүлүк макул болууда.

Бул бапта аталган эл аралык стандарттарга обзор берилип, мыкты журналистиканын маңызын түзүүчү негизги элементтер каралат.

Айырмачылыктар орун алары шексиз, бирок алар көбүнесе туюндуруу манерасы жана акценттерди коюу менен байланыштуу.  Биз төмөндө сунуш кылгандарга назар салыңыздар.

■ Азгыруучулуктан жана дискриминациядан абайлатуу  – босниялык прессанын Журналисттер кодексинин айырмалоочу белгиси.

■ Объективдүүлүк жана тактык BBC  репортерлорунун ишиндеги негизги принциптер болуп эсептелет.

■ Бастырып чыгаруучулар жана гезит редакторлорунун япон ассоциациясынын журналистика канондору  гезиттерди « гүлдөп өнүгүү менен тынч келечекти камсыз кылуу үчүн такай күч жумшоого» милдеттендирет.

■ Кыргызстандын Журналисттер ассоциациясы  өзүнүн этикалык кодексинде негизги катары төмөнкүнү аныктаган: «Журналисттер чындыкка кызмат кылууга тийиш. Массалык маалымат каражаттарынын ролун чындыкты издөө түзөт».

Көрсөтүлгөн абийир кодекстеринин бардыгы журналисттер эмнелерге жол бербөөгө тийиш экендиги боюнча бирдей пикирди карманышат:

■ ушак-жалаага жана кордоого (диффамацияларга)

■ плагиатка (башкалардын материалын өзүнүкү катары берүүгө)

■ пара алууга

■ окуяларды ойдон чыгарууга (фабрикацияга жана таза ойдон чыгарууга)

Журналистикада кесиптик ык-амалдарды колдонуу боюнча көптөгөн ар түрдүү методикалар бар  – согуштук кылмыштарды кандай чагылдыруу керек, курмандыктар жана жаракаттар тууралуу кантип айтып берүү зарыл, «коомдук журналистика» менен кантип алектенүү керек же кантип  «жоопкерчиликтүү репортаж» жасоого болот; булардын акыркысы татаал жана карама-каршылыктуу тема болуп эсептелип, көңүл борбору чыр-чатакты кантип чагылдыруу керек жана чыр-чатактын кесепеттери келечекке кандай таасир тийгизет дегенге барып такалат.  Бул темалардын айрымдары  ушул куралда каралып өткөн.

Бирок мунун бардыгынын негизинде жана коомдун өнүгүшү менен демократиянын калыптанышына масс-медианын  кошкон салымынын негизинде окуяларды фактыларга таянып чагылдыруу турат.

Жоопкерчиликтү коомдук дискуссияны жүргүзүү, чиновниктердин коом алдында жооптуулугунун деңгээлин жогорулатуу жана электоратты маалымдар кылуу максатында ишенимдүү маалыматтар менен камсыз кылуу – демократиялык коомдогу массалык маалымат каражаттарынын эң башкы милдеттери.

Көпчүлүк кесиптик кодекстер маалыматтын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда жетектөөчү роль ойнорун баса көрсөткөнү шексиз.

Негизги  элементтер

Журналисттердин абийир кодекстеринин дээрлик ар биринде журналистика практикасында негизги болуп эсептелген кеминде үч фактор орун алат: калыстык, тактык жана чынчылдык. Алар жалпы стандарттар катары каралышы мүмкүн.

Ошону менен бирге эле этикалык  критерийлер жаңылыктарды топтоодо чынчылдык менен ак ниеттүүлүктүн зарылдыгын баса көрсөтүшөт. Көптөгөн  кодекстер ошондой эле маалымат топтоодогу негизги түзүүчү катары булактарды коргоого алууну өз ичине камтышат.

  1. Калыстык

Журналисттик абийир жана жүрүм-турум эрежелери кодекстеринин көпчүлүгү окуяларды сыпаттоодо биринчи планга  «калыстыкты» же «көз карандысыздыкты» чыгарышат. Бирок бул  концепция  аныктама үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымал.

Калыстык дегенибиз  репортаж башкасына зыян келтирүү менен бир саясий партияны, динди, элди же этностук топту колдоону камсыз кылбашы керек дегенди билдирет. Ал тараптардын саясаты жана  билдирүүлөрү тууралуу адилет маалыматты берүүгө, бир партия же топтун башка партия же топ  тууралуу билдирүүлөрүнөн турган комментарийлерди камтууга мүмкүнчүлүк берет.   Ошентсе да журналист өз пикирин тикелей билдирүүгө, өз комментарийлерин берүүгө же жекече саясий артыкчылык берүүлөрүн айтууга тийиш эмес деген принцип негизги болуп саналат.

Тең салмакталган  журналистика  факт деген эмне жана ой-пикир деген эмне экенин так айырмалоону камсыз кылат.

Журналисттер окуянын бардык тараптарынын пикирин чагылдырышы керек. Сүрөт: IWPR-Грузия

Көптөгөн өлкөлөрдө басылмалардын редакциялары  кандайдыр бир каржылык колдоосуз жашап кетүү мүмкүн эмес деп эсептешет, ал эми саясатка тааасир тийгизген саясий партиялар, топтор, саясий кызыкчылыгы бар таасирдүү бизнесмендер басылмаларга каржылык колдоо көрсөтө алуучу табигый талапкерлер катары каралат. Мындай учурларда  окурмандар гезиттердин  калыстыгы тууралуу өздүк пикирине ээ болуш үчүн, гезиттер, жок дегенде, өздөрүнүн каржы булактарын көрсөтүшү керек.

Жоопкерчиликтүү басылмалар жарыяланып жаткан жаңылыктарды жана  редакциянын пикирин так айырмалап беришет. Жаңылыктар биринчи бетте берилет, ал эми баш макалалар менен ой-пикирлер ички беттерде орун алып, так белгиленет. Айрым гезиттер  «аналитикалык» макалаларды жарыялашат, аны менен журналисттин белгилүү бир көз карашын беришет, аларды түздөн-түз жаңылыктардан айырмалоо үчүн «жаңылыктарды талдоо» деп так көрсөтүшөт. Көптөгөн гезиттерде жаңылыктарды даярдоо менен алектенген редакциялык топтор жана редакциялык макалалар менен комментарийлерди даярдоочулар бири биринен өтө обочолонгон түрдө иштешет, аларга, атүгүл, өз ара байланыш түзүүгө да уруксат берилбейт.

Батышта көптөгөн масс-медиа жана басылмалар  жеке компанияларга таандык болуп, коммерциялык темалардагы объективдүү материалдарды жарыялоо абдан кылдат мамилени талап кылат. Редакциялык жана  коммерциялык же жарнама бөлүмдөрү бири-биринен толугу менен бөлүнгөн.

ММК ээси же бастырып чыгаруучу макаланын мазмунуна таасир тийгизүүгө аракет кылган  үчүн редактор жумушунан бошонууга аргасыз болгон учурлар кездешет. Ал эми мындай кийлигишүүдөн кийин  редактор  ордунда калса, бул айрым басылмалардын дискредитацияланышына алып келген.

Көп учурда гезит же телерадиоберүү компаниясы ММК ээлерин же гезит бетиндеги же эфирдик убакыттагы жарнаманын олуттуу көлөмүнүн буйрутмачысы болгон компания ээлерин ыңгайыз абалга алып келе турган материалга ээ болуп калат. Эгер мындай сын материал жарыкка чыкса, ММК кирешесинен айрылышы ыктымал. Ал эми маалымат жарыкка чыкпай жашырылып коюлса, бул ММК объективдүүлүктөн тайып, өз кадыр-баркын жоготот.

Көптөгөн себептердин натыйжасында саясий объективдүүлүктү кармануу кыйын. Айрым өлкөлөрдө массалык маалымат каражаттары көз карандысыз багытты карманууга гана умтулуп, өтмөттү сынга алса, тикелей басымга дуушар болушат жана «чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн малайлары» же жактоочулары катары эсептелишет. Коом өтө карама-каршылыктуу абалга тушуккан учурларда өз позициясында туруу  өзгөчө кыйын болот.

Кыйла жөнөкөй себептер деле объективдүү болууга кедерги тийгизет. Мамлекеттин президенти (башчысы) тарабынан айтылган сөздөр, шексиз түрдө, айылдык тургундун пикирине караганда кыйла маанилүү жаңылык болуп эсептелет. Мында мамлекет башчысы ачык эле үгүт жүргүзгөнү, ал эми дыйкан мамлекеттик саясаттын негиздерине тиешеси бар чаташ көйгөйлөр тууралуу айтып жатканы маанилүү эмес.

  1. Тактык

Ирактагы журналист жазылган маалыматты угуп, блокноттогу маалымат менен салыштырып жатат.  Сүрөт: IWPR-Ирак

Ар бир журналисттик кодекс тактыктын зарыл экенин баса белгилейт. «Туура жасоого» умтулуу дайым ылдамдыктан жогору турат. Ишти шашып тез, бирок туура эмес жасагандар сыйлыкка үмүт артпай эле койсо болот.

Журналисттин жаза билүүсү – маалыматты так, кыска жана натыйжалуу бере билүүсү дегендик. Ал бекем фактыларга негизделиши керек; демек, репортер ишенимдүү маалыматты кантип жана кайдан табууну билүүгө тийиш. Бул болсо байкамчылдыктын, уга билүүнүн, базалык жакшы эрудициянын болушун жана, баарынан мурда, ишенимдүү маалыматты издегенде керектүү адамдар менен сүйлөшө билүүнү билдирет.

Репортердун жеке байланыштары канчалык жакшы болсо,  репортер өзү да ошончолук мыкты болору журналисттер үчүн аксиома болуп саналат. Ошондуктан сиздер байланыштарды кантип түзүүнү жана сунушталган маалыматка баа берүүнү үйрөнүшүңөр  керек. Бул ишенимдүү адамдарды да  (сиздерге болгон ишенимине жетүү менен), андай эмес адамдарды да аныктай  билүү керек дегенди билдирет.  Бир эле окуя тууралуу карама-каршы пикирлердин ортосунда тең салмактуулукту сактай билүү өтө татаал маселе болуп саналат.

Көптөгөн журналисттик уюмдар «эки булактын эрежесин» сактоону талап кылышат, бул эреже боюнча, ар бир факт так, туура деп  кабыл алынганга чейин көз карандысыз эки булак тарабынан ырасталып, бекемделиши керек.

Журналисттер кабардын болушунча так, туура экенинен шек санабаш үчүн кол жазма түрүндө  кеңири   жазып алышы же мүмкүнчүлүк болсо интервьюну диктафонго жаздырып алуусу зарыл.  Бул жалпы кабыл алынган журналисттик принципти кармануу, а түгүл, ысымдарды туура жазуу менен байланышкан учурлар болсо да,  журналисттик чынчылдыкты жана ишенимди өбөлгөлөйт.  Тактык майда-барат деталдарга да милдеттүү түрдө көңүл бурууну талап кылат, анткени бир эле кичинекей ката бүткүл материалдын ишенимдүүлүгүнө шек келтирип коюшу мүмкүн.  Бул фактыларды жана атүгүл, жалпыга белгилүү маалыматтарды текшерүү, керек болсо эки сыйра текшерүү зарыл экенин билдирет.

Помните
Материалды туура даярдоодо, айрыкча, ага башка булак  тарабынан каршы пикир билдирилсе, айтылгандар туура жазылганын ырастоо үчүн булактарга чалып тактоо керек. Бул фактыларды текшерүү деп аталат, айрым кадыр-барктуу басылмаларда фактылардын тактыгына ынануу үчүн, айрыкча, татаал жана бөтөнчө карама-каршылыктуу, сенсациялуу макала тууралуу кеп болсо,  атайын изилдөөчү же жаңы баштап жаткан журналист макала боюнча материалды дагы бир жолу чогултат. Кээде кандайдыр бир күмөн саноолор орун алса, катага жол бербөө үчүн материал башка убакка жылдырылышы мүмкүн. Маалыматты туура эмес берүү келечектеги репутацияга таасир тийгизип, олуттуу зыян келтириши ыктымал, ага соттук доо арыз да кириши мүмкүн.

Тактык фактыларга гана тиешелүү эмес; ал контекстке да тиешеси бар.  Шайлоо алдында талапкерге же компаниянын ишмердүүлүгүнө зыян алып келген маалымат олуттуу кесепеттерди жаратат. Окурман бул маалыматтын кайдан чыкканын жана ал булактын күн мурунтан ойлонулган жүйөлөрү бар-жогун билүүгө тийиш.

Маалыматты өткөрүүгө, чамдатууга аракеттенип, журналистти этияттанууга аргасыз кылган, аудитория адилет ой-пикирге келишине түрткү бергидей болуп берилген  кандайдыр бир көмүскө кызыкчылыктар жокпу?  Кайсы бир өнүм тууралуу керектөөчү айткан сын  менен  ошондой эле өнүмдү өндүргөн атаандаш компаниянын өкүлү айткан сындын ортосунда чоң айырмачылык бар.

Көпчүлүк адамдар мындай макалалар кээде «объективдүү эместигин» айтып даттанышат. Бул таасирдүү сын болушу мүмкүн, өзгөчө, журналист өз максаттарын көздөгөнү айкын болгон учурда.  Же болбосо, макала алардын көз карашы менен дал келбестигин билдирүүнүн жымсалданган ыкмасы болушу ыктымал.

Бир кыйла тажрыйбалуу журналисттер жаңылыктарды берүүдө чыныгы объективдүүлүккө жетүү абдан кыйын экендигин, а түгүл, мүмкүн эместигин моюнга алышат.  Журналисттин жеке тажрыйбасы менен өздүк көз караштары иштин чыныгы абалын бурмалап коюшу мүмкүн.  Журналист муну дайыма эске алууга тийиш жана окуяларды сыпаттап берүүдө обьективдүү болууга умтулууга милдеттүү.

Ар бир журналист, баарыдан мурда, фактыларга таянат жана алардын ишенимдүү экенин текшерет. Кээде журналисттин жакшы макаланы  жазышына анын нааразычылыгын жараткан же бушайман  кылган окуялар түрткү бериши ыктымал.

Бирок ал макаласын негиздөө үчүн жана макала кооптонууну пайда кылган күтүүсүз жыйынтыктар менен айып ачууларга алып келиши мүмкүндүгүн аңдап-түшүнүү үчүн маалыматты издөөгө ак ниеттүүлүк менен мамиле кылууга тийиш. Фактыларды алуу жана аларды сыпаттоо ыкмасы  объективдүү бойдон калууга же жок дегенде, журналист объективдүү болууга аракеттенгенин көрсөтүүгө тийиш.

  1. Чынчылдык

Сиздер интервью алып жаткан адамдарга болгон калыстык болуп маалыматты жыйноодогу жана аны берүүдөгү ак ниеттүүлүк эсептелет.

Сиздердин маектештер макала же программа эмне тууралуу болорун; алардын катышуусунун канчалык салымы бар экенин; радио- же телеинтервью түз эфирде болобу же алдын-ала жазылган түрдө берилерин; ал кандай оңдолуп-түзөлүп редакцияланарын билүүгө укугу бар. Ошондой эле алар өздөрүн видеога тартып жатышканын билүүгө, эгер андай болсо, айрым бир өзгөртүүлөрдү талап кылууга укуктуу. Бирок тараптардын ортосундагы мамилелердеги жана окуяны баяндоодогу чынчылдык менен ак ниеттүүлүк эң башкы багыт болуп калышы керек.

Журналисттердин эл аралык Федерациясы билдиргендей:
“Журналист жаңылыктарды, фотосүрөттөрдү жана документтерди алуу үчүн ак ниеттүү, туура методдорду гана колдонушу керек”. Бул сиздер нормалдуу шарттарда өзүңөрдүн журналист экениңерди тааныштырып, маалыматты алууда коркутуулардан жана күч колдонуудан оолак болушуңуздар  керектигин  билдирет.

Сиздердин бир кандайдыр нерсени билгениңиздер – аны макалаңыздарда колдоно аласыз дегендик эмес. Маалыматтын ишенимдүүлүгү жаатында кепилдигиңиз болмоюнча, Сизде жарыялоо үчүн  маалымат «жок» жана көпчүлүк учурларда ак ниеттүү жана ачык-айкын жол менен алынган «жазуу үчүн» тастыкталган булагыңыз болбойт. Коомдук жогорку кызыкчылыктар менен  акталган өтө сейрек учурларда гана  маалымат алуу үчүн мыйзамдын бузулушуна жол берилиши мүмкүн.

Баяндоодогу чынчылдык болуп Сиз сынга алып жаткан ар бир адамга шанс берүү, ошол эле материалда кеп болуп жаткан комментарийлерге жооп берүү эсептелет.  Кимдир-бирөөлөр өзү тууралуу макалаңызга капа болушу мүмкүн, бирок анын жарыкка чыгышы ал үчүн күтүүсүздүк болбоого тийиш, себеби журналист дайыма макаласын чыгарардын алдында кызыкдар адамдар менен алардын дарегине айтылган сынды талкуулоосу зарыл (Эскертүү: бул –  ошол адам бүт макаланы окуп чыгышы керек дегендик эмес, анын дарегине айтылган сындын маңызын түшүндүрүп бериш керек дегенди билдирет.)

Эгер Сиз өз макалаңыздын субъектиси менен анын дарегине айтылган сыныңызды талкуулоо  ыңгайсыз болот деп эсептесеңиз, бул материалдарды жарыялоодо баары бир өзүңүздү оңтойсуз сезесиз.  Кимдир-бирөөнүн дарегине сын айтуу Сиздин билдирүүңүздү бир топ күчтүү кылат, бирок аны менен катар эле, бул адамдын жакшы жактарын жана бардык контраргументтерди камтысаңыз, макалаңыз кыйла тең салмакталган жана сыныңыз мааниге ээ болору шексиз.

  1. Тууралык жана тактык

Журналисттердин өз ишин кандай аткарып жатканы жана анын жыйынтыктарын көрсөткөнү – ал эми буга негиз болуп этикалык ченемдер жана практика эсептелет – коомдук ишенимди кармап туруу үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Журналисттердин жазылган да, жазылбаган да кодекстери жаңылыктарды топтоодо, текшерүүдө жана жайылтууда эрежелер боюнча «ойноо» керектигин белгилешет.  Журналисттик практикада кээде пайда боло калуучу кыйынчылыктар менен дилеммалардын шартында жол берилгендин чектерин аңдап-түшүнүү жана жеке этиканын  багыттарына ээ болуу өтө зарыл.

Тактык жана чынчылдыктан сырткары, көпчүлүк кодекстер жаңылыктык билдирүүлөрдү жазуудагы тууралыкты, ачык-айкындыкты жана сергек ой жүгүртүүнү баса көрсөтүшөт. Каалагандай жол менен маалымат издөө зарылдыгы ак ниеттүүлүк тууралуу унутуп коюш керек дегенди туюндурбайт.

Мисалы,  репортерлер өз ишинде өжөр экени  белгилүү, бирок алар кордоо-басынтууларга жана коркутууларга жол бербөөгө тийиш.  Журналисттер маалыматты ачык-айкын топтошу керек жана эң катаал шарттарды эсепке албаганда (жана редактордун уруксаты менен), башка учурларда жашыруун жазуу методдорун колдонбоого тийиш.  Пресса сынга алып жаткан ар бир адам жооп берүүгө укугу бар болушу зарыл.

Журналисттер жаракаттардан же шоктон жапа чеккен  адамдардын жашоосуна санкцияланбаган кийлигишүүлөрдөн качууга тийиш жана инсандын жеке жашоого болгон укугун сыйлоосу керек.  Балдарга жана сексуалдык  кылмыштардын курмандыктарына абдан кылдат мамиле жасалышы зарыл  жана көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзамдары аларды сүрөткө тартууга, ысымдарын атоого тыюу салат. Бизнес үчүн эмгектенген журналисттер  өздөрүнүн каржылык кызыкчылыгы бар компаниялар тууралуу маалыматтык билдирүүлөрдү жасоодон качышы зарыл, эгер бул ишке барып калышса, мындай кызыкчылыгы тууралуу, мисалы, ошол компанияларда акциялары бар экени тууралуу  билдириши керек. Көптөгөн  медиа-уюмдардын  баалуу кагаздарга болгон менчик укугун жана журналисттер жүргүзгөн соода операцияларын жөнгө салуучу так эрежелери болот.

Азырынча, этикалык маселелердин татаалдыгына байланыштуу, журналисттердин абийиринин жана эрежелеринин көптөгөн кодекстери абсолюттуу эрежелердин өтө көп санын декларациялай берүүдөн качышат. Айрым жөнөкөй учурларда практикалык жаңылыктык журналистиканын бекем кабыл алынган эрежелери коомдук жогору кызыкчылыкка байланыштуу кайра каралышы мүмкүн.  Кесиптик кодекстер, адатта, журналисттерди өздөрүн башка бирөө катары көрсөтүүгө тыюу салат. Эгер журналист өзү жалган айтса, башка бирөөнүн калпын, айыбын кантип ачат? Ошондой  болсо да кээде коррупциялашкан чиновниктердин бетин чындап ачуу үчүн, андай адамдарды тузакка түшүрүү максатында, мисалы, анткорлук же айла-амалдар талап кылынышы мүмкүн. Мындай учурларда редактор жана кесиптештер менен кеңешүү зарыл,  ошондой эле өздүк этикалык принциптерден тайбоо керек.

Этикалык дагы бир эрежеде айтылгандай,  эч качан плагиат менен алектенбеңиздер. Ар бир жаңы макала ага чейин жарыяланган макалаларга негизделери –  табигый көрүнүш.  Мында, сөзсүз түрдө,  репортаждарынын материалдарын колдонгон  кесиптештерге же ал тургай, атаандаштарга шилтеме берүү зарыл, эч качан башка авторлордун эмгектерин уурдап алууга жана башкалардын эмгектерин өзүнүкү катары бербөөгө жол берилбеш керек. Болбосо сиздин карьераңызга чекит коюлат.

Этикалык мүнөздөгү дилеммага дуушар болгон учурларда,  өзүңүзгө өзүңүз суроо бериңиз:

■ Ушул эле маалыматты алуунун башка ыкмасы барбы?

■ Сиз зыян келтирген адамдарга өз иш-аракеттериңизди таза абийир менен түшүндүрүп бере аласызбы?

■ Эгер мындай жагдай дагы кайталанса, ушундай эле кылат белеңиз?

■ Сиз репортердун эмес, материалыңыздын каарманынын ордунда болсоңуз, эмне кылмаксыз?

■ Так жана адилет болуш үчүн Сиз колдон келгендин бардыгын жасадыңызбы?

■ Бул макаланын бардык олуттуу аспектилерин табууга аракеттендиңизби?

■ Сиздин чечимдериңиз  сырткы жана, өзгөчө, өзүңүздүн жеке таасирлерге көз каранды эмеспи?

  1. Булактарды коргоо

Журналисттердин абийир кодекси, кээде мыйзамга каршы келгенине карабастан, адатта маалымат булактарын коргоого чоң маани берет.  Айрымдары булактарды ачыктабоонун «моралдык милдеттенмелерине» шилтеме кылышат.

Ак ниеттүү журналист өзүнүн маалымат булактарын коргошу керек. Сүрөт: IWPR-Ооганстан

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунда  (IWPR) биз маалымат булактарын коргоо журналисттин негизги укугу деп эсептейбиз.  Бирок мындай конфиденциалдуулук бүткүл дүйнөдө эл аралык стандарт катары кабыл алынган деп айтуу абдан кыйын. Кээде  конфиденциалдуулук бузулат, болгондо да көп учурда журналист же анын маалымат булагы үчүн олуттуу кесепеттер менен бузулат.  Журналисттердин уюмдары – Журналисттердин эл аралык федерациясы, АКШда жайгашкан Журналисттерди коргоо боюнча комитет жана Парижде орун алган Чеги жок репортерлор – журналисттерге булактарынын ысымдарын ачыкташы максатында көрсөтүлгөн  күчтүү басымдан (кээде репрессиялык өкмөттөр тарабынан көрсөтүлгөн басымдан)  коргоо издеген соттук териштирүүлөргө катышкан.

Иш жүзүндө, булакты жашыруун сактоого сөз берип, бирок анын ысымын ачыктап койгон журналисттерге  андан кийин маалымат булактарынын ишенимине ээ болуу абдан татаал болот.  Маалыматтын  чыгып кетишинин булагы же саясий оппонент прессада чечкиндүү же айыпты ачуучу анонимдик билдирүү жасаганда, чиновниктер анын ысымын тактап билүүгө кызыкдар болушат, анткени ал адамды жазалап, башкаларды келечекте мындай билдирүүлөрдү жасоодон кооптонуп калууга мажбур кылгылары келет.

Көп учурда маселе юридикалык шарттар менен чектелет. Эгер журналист конфиденциалдуу маалыматты  анонимдүү булактан алса, өкмөт маалыматтын чыгып кетиши конфиденциалдуулук жөнүндөгү мыйзамды бузду деп, маалымат булагына каршы соттук доо арыз бериши мүмкүн.

Аталган маселе маалыматтын эркиндиги жөнүндөгү талаштын маңызына тиешелүү. Анын үстүнө, көптөгөн өлкөлөр журналисттин маалымат булагын коргоо укугуна кепилдик беришпейт, кээде (мисалы, Америка Кошма Штаттарында же Австралияда) мындай учурларда журналисттер экриндигинен ажырашы мүмкүн. Кээ бир соттор салыштырмалуу жакшы ойдо болуп, мындай коргоодо коомдук бийик кызыкчылыктар сакталабы дегенге  таянышат.   Мисалы,  Европа Соту  журналисттерге көмөк көрсөтө алуучу чечимдерди кабыл алган.

  1. Ар дайым төмөнкүлөргө көңүл бөлүңүздөр:

■ Процесстин бардык катышуучуларынын пикирин чагылдыруу. Талаш болгон учурда  Сиз «эки тарап» менен тең сүйлшүүгө аракеттенишиңиз керек, бирок бул жетишсиз болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо зарыл. Конфликтте «элдешкис топтор» болот. Бирок анда эл аралык  расмий  байкоочулар же дмпломаттар, көз карандысыз бейөкмөт тараптар жана өз алдынча жарандык адамдар да болот. Чындыкка, акыйкатка эч кимдин монополиясы жок, бирок кызыкчылыгы эң аз адамдын маалыматы, эреже катары, эң ишенимдүү болот.

■ Кимдир-бирөөлөргө каршы айыптар коюлганда, алар адилет контекстте коюлганына ынаныңыз. Бул тең салмакталган маалыматты же башка маанилүү факторлорду камтуу дегенди, атап айтканда, ар кандай айыптоолорго жооп берүүгө адилеттүү укукту   билдирет.

■ Журналисттик ишмердикте ачык-айкын болуу. Сиз коомго кызмат кылган журналист болуп саналасыз, ошондуктан алектенип жаткан нерсеңиздин авангардында болууга милдеттүүсүз. Өзүңүз жасап жаткан иш тууралуу көз караштарыңыз канчалык айкын-так болсо, булактарыңыздан өтө так маалыматтарды алууда ошончолук ийгиликтерге ээ болсуз.

■ Кызыкчылыктардын кагылышуусунан же мындай чыр-чатактарды  жаратуучу кырдаалдардан качуу. Объективдүү журналисттер өз кесиби менен алектенип, мамлекеттик кызматта иштебеши, саясий партияларда маанилүү орундарды ээлебеши, коомдо анын ишмердүүлүгү ошол окуялардын таасиринде экен деген ойду жаратпоо максатында репортаж даярдоо же дагы бир нерсе үчүн коомдук жүрүштөргө катышпашы керек.

■ Финансылык чыр-чатактардан качуу жана гонорардан башка кандайдыр бир сыйлык макаланын жарык көрүшүнө алып келишине жол бербөө. Сиздин окуяны сыпаттап берүүңүзгө таасир тийгизгиси келген булактан акы алуу абсолюттуу түрдө этикага жатайт.  Журналисттин жеке кызыкчылыгы болгон компания тууралуу маалымат даярдоо да ылайыксыз. Ошентсе да кээде түшкү тамакка же фуршетке катышууга болот – бирок бул  Сиздин маалыматты оң маанайда чагылдырууга болгон убадаңыз катары каралбашы керек жана жагымсыз маалымат жарыкка чыкпайт дегенди билдирбеши керек.  Дал ушул сыяктуу эле, редакторуңуз менен так аныкталган айрым өзгөчө шарттарды эске албаганда, эч качан маалымат үчүн акы төлөбөңүз.

■ Журналисттер татаал суроолорду берүүгө мажбур болушат. Журналист коомдун маалымат алууга болгон укугун сактоо үчүн кызмат кылат, ошондуктан ал изилдөөсүнүн жыйынтыктары үчүн жоопкер болуп саналат. Бирок бул журналист орой жана тарбиясыз болушу керек дегендик эмес. ВВСнин редакциялык көрсөтмөлөрүнөн белгилүү болгондой, журналист «изденгич, бардык нерсеге шектенүү менен караган, оор басырыктуу жана таамай» болуш керек, бирок «кимдир-бирөөнүн пайдасы үчүн аргументтин бир тарабын орой же эмоциялуу түрдө карманууга» жол берилбейт.

■ Адамдар өздөрүнүн сөздөрү менен образдары кандай колдонуларын билүүгө тийиш (бирок кээде жашыруун тапшырмаларды аткарганда же журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөндө, бул эрежеден четтөө болушу мүмкүн).   Интервьюнун негизги эрежелерине келгенде, чынчыл болуңуздар жана сүрөткө-видеого тартууга уруксат  сураңыздар. Куралдуу чыр-чатакты чагылдырууда бул өзгөчө маанилүү болушу ыктымал, мындай учурларда, тилекке каршы, аскер адамдары өз эрежелерин орнотушат. Өз пикириңиз кандай болбосун, маалымат булактарыңыздын пикирлерин жогору коюп сыйлаңыз.

■ Аталбаган булактарды өтө этияттык менен пайдаланыңыз. Кээде  журналисттер аты-жөнүн атабоону өтүнгөн «алдыңкы дипломаттардын» жана «жогорку кызматтагы чиновниктердин» цитаталарын  пайдаланышы мүмкүн.  Бирок бул такталбаган айыптоолорду алып чыгууга болот же маалымат булагын ойдон чыгарууга болот (карьераны бузуп алуунун дагы бир ыкмасы) дегенди билдирбейт. Эгер аты-жөнү көрсөтүлбөсө, булак ишенимге татыктуу экенин дилилдөө үчүн кыйла толук сыпаттоону камсыз кылыңыз.  Бардык учурларда, өзгөчө, редакторуңуз менен, ачык-айкын болууга аракеттениңиз,  ал бөтөнчө кылдат маалыматты жарыялоого укук берүүдөн мурда  булагыңызды маалыматты анонимдүү түрдө бербөөгө ынандырууга аракеттениши ыктымал.

Эгер сиздин маалыматыңыз чындык болуш үчүн өтө эле жакшы болсо, чынында эле ошондой болушу мүмкүн.  Сергек ой жүгүртүүнү колдонуп, ар дайым өзүңүзгө суроо бериңиз:

■ Маалыматыңызды ишенимдүү жана адеп-ахлактуу жол менен алдыңызбы?

■ Так болуш үчүн колдон келгендин бардыгын жасадыңызбы жана фактыларыңызды ырастап бере аласызбы?

■ Чечимдериңиз арамза таасирге жана жаман ойго көз каранды эмеспи?

■ Тең салмактуулукту жана контекстти, атап айтканда, макалаңызда сынга алынып жаткан ар бир адамдын жооп берүү укугун жана объективдүү комментарийлерди камсыз кыла алдыңызбы?

■ Маалыматты алуунун башка ыкмасы жокпу, айрыкча, аталбаган булак болгон учурда?

■ Сиздин булактарыңыз ишенимдүүбү жана макалаңызда орун алган бардык тараптардын өкүлдөрү менен маектештиңизби?

■ Материал канчалык деңгээлде ынандырарлык жана маани-маңызга ээби?

■ Жана  эң негизгиси: өз материалыңыз үчүн жооп берип, коргой аласызбы?

Кесипкөй журналист жана редактор Лола Олимованын (Тажикстан) журналистикадагы эл аралык стандарттар боюнча видеолекциясы:

КӨНҮГҮҮЛӨР

Бул бөлүмдө сиздер төмөнкүлөрдү карадыңыздар:

■ Калыстыктын, тактыктын жана объективдүүлүктүн жалпы кабыл алынган  концепциялары.

■ Журналисттин маалымат булактарын коргоо милдети.

■ Абийир жана кесиптик ишмердүүлүк кодекстеринин жалпы  принциптери.

■ Окуяларды чагылдырууда жана макалаларды жазууда көңүл бура турган айрым  моменттер.

Көнүгүү 1

Полиция Сизге «жазбай эле коюңуз» деп, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн  кадыр-баркка ээ болгон жергиликтүү бизнесменди камакка алганы жатканын билдирди.  Полициялар алдамчылык жана паракорлук боюнча айыптоолорду текшерип жатышканын айтышты. Кечки убакыт болуп калган жана эч кандай расмий документтер жок.

Сиз бизнесменге чаласыз, ал мындай суу кечпеген пикирлер тууралуу билерин жана кийинки күнү камакка алынарын күтүп жатканын ырастайт. Ал өзүнө тагылган айыптоолор боюнча түз жооптон качат. Ал жагдай тууралуу үй-бүлөсүнө айтып берүү үчүн, макаланы бир күнгө  жылдыра турууңузду суранат. Бизнесмен макаланын жарыяланышын кечеңдете алсаңыз, «сизге кам көрөрүн» билдирет.

■ Этикалык дилемма эмнеде?

■ Бул учурда башка да практикалык көйгөйлөр барбы?

■ Муну кимдир-бирөө менен талкуулоого болобу?

■ Сизге дагы көбүрөөк маалымат керекпи?

■ Маалыматты басмага даярдашыңыз керекпи?

■ Жогоруда көрсөтүлгөн аз гана фактылардын негизинде кабарды кантип жазат элеңиз жана кабарды кеңейтүү үчүн сизге эмне керек?

Көнүгүү  2

Сиз согуштук кылмыш тууралуу материал даярдап, кылмышка карата коомдук пикирди жараткан маанилүү маалыматты жарыяладыңыз.  Аны ишке ашырып жатып, журналистиканын классикалык этикалык бардык эрежелерин кармандыңыз: булактарыңызга сый-урмат көрсөттүңүз, жазгандарыңызды кылдат сактадыңыз, ырастап далилдей алгандарыңызды гана жарыкка чыгардыңыз.

Бир нече жылдан кийин эл аралык трибунал сизди күбө катары көрсөтмөлөрдү берүүгө чакырды. Сиздин жазуу китепчелериңиз да сотко көрсөтүлүшү керек. Сизди журналисттик убада-шертти бузууга жана булактардын аты-жөнү менен сиз өз учурунда жарыялабаган маалыматтарды  билдирүүгө чакырышты.

Болжолдуу согуштук кылмыштарга коюлуп жаткан айыптарды колдоо үчүн трибуналдын ишине катышасызбы? Же өз башыңызды тобокелге салсаңыз да, Журналисттердин абийир кодексин коргоп, трибуналга катышуудан баш тартасызбы?

http://www.uta.fi/ethicnet

http://www.presswise.org.uk/

http://www.ifj.org/

Ошондой эле  Журналистиканын мыкты сапаты боюнча  долбоорго кайрылсаңыздар болот:

http://www.journalism.org/

Тизме жана журналистиканын бир нече кодекси үчүн:

http://www.asne.org/index.cfm?id

http://www.poynter.org/column.asp?id-32&aid=16997

http://www.nytco.com/pdf/NYT_Ethical_Journalism_042904.pdf

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу