Жүктөө
Басып чыгаруу

Марат Мамадшоев: журналистикадагы кесиптик этика

Журналистиканын этикалык ченемдери — журналист же ММК редакциясы ыктыярдуу кабыл алган эрежелердин комплекси. Этикалык ченемдер ѳзүн сыйлаган ар бир редакция ээ болууга тийиш маалыматтын сапаттык стандарттарын да толуктап турат.

Бул стандарттардын баары керектѳѳчүнүн маселени түшүнүүсү үчүн ага  социалдык жактан маанилүү маалыматтын зарыл болгон кѳлѳмүн жеткирүү мүмкүндүгүн берип турат. Башкача айтканда, журналисттер жеке ою боюнча социалдык мааниге ээ болбогон маалыматты таратпоого аракет кылышат.

Мисалы, бул окуянын катышуучуларынын этностук, диний, аймактык таандыктыгы жана маселеге түз тиешеси болбогон башка аспектилер  жѳнүндѳ маалымат болушу мүмкүн. Бирок, буга материалдын контекстинде мындай маалымат мааниге ээ болбогон учурлар гана кирет. 

Мисалы, кандайдыр бир кылмыш ишин жасаган кишилер тууралуу ашыкча маалымат билдирбѳѳ боюнча рекомендациялар бар.

Айрым редакциялар шектүүлѳрдүн же кылмышкерлердин толук аты-жѳнүн жазбастан, инициалдарын гана берип коюшат. Биринчиден, толук аты-жѳнү берилген маалымат алардын жакындарына, бойго жете элек балдарына моралдык жактан зыян келтириши ыктымал. Экинчиден, аты-жѳнү менен толук маалымат окурманга пайда деле алып келбейт. Бул абалда этикалык ченемдер адамдардын маалыматты жакшыраак ѳздѳштүрүүсүн камсыздайт.

Эл кѳзүндѳ жүргѳн адамдар – ММКлардын кѳӊүлүнүн борборунда

Бирок, жогорудагы чектѳѳлѳр эл алдында жүргѳн кишилер менен алардын туугандарына карата колдонулбайт. Мындай адамдарга чиновниктер, саясатчылар, коомдук ишмерлер ж.б. кирет.

Кайсы бир эл кѳзүндѳ жүргѳн адамдын тууганы же анын ѳзү кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымат тастыкталган учурда, мындай маалымат коомдун кызыкчылыгы үчүн жарыяланууга тийиш.

Жалпысынан, журналисттер бул эрежелердин баарын теӊ чыгармачыл колдонуу керек экенин түшүнүүгѳ тийиш. Мисалы, журналисттик этика боюнча кодекстердин кѳбүндѳ улут аралык же конфессия аралык араздашууну козутпоо жѳнүндѳ талап бар.

Бирок, аталган талап тилекке каршы, реалдуу болгон «этностук кылмыштуулук» түшүнүгүн жокко чыгарбайт. Мындай учурларда катышуучулардын улуттук же башка белгилери тууралуу айтуу орундуу деп эсептелет.

Ошондой эле, эл кѳзүндѳ жүргѳн кишилердин жеке жашоого болгон укугун бузбаш керек. Кээде жол берилген нерселерге абдан кылдат мамиле талап кылынат жана тандоо ѳзүӊѳргѳ берилет. Аудиторияӊарга иш-аракетиӊердин коом үчүн маанилүү экенин далилдеп бергиле.

Этикалык кодекстердин жалпылыктары жана ѳзгѳчѳлүктѳрү

Журналисттик этиканын кодекстери ар кайсы ѳлкѳдѳ ѳзүнчѳ спецификага ээ. Алар журналисттер ишмердүүлүк жүргүзгѳн чѳйрѳнүн ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша болот. Мисалы, Тажикстандын журналисттик кодексинде жердешчилик менен күрѳшүү зарылдыгы тууралуу айтылса, Балкан мамлекеттеринде журналисттерге конфессия аралык араздашууну ж.б. тутандыруунун  коркунучтары жѳнүндѳ эскертүү берилет.  Башкача айтканда, бир улуттуу ѳлкѳлѳр үчүн бул ченемдердин кереги жок.

Ал тургай бир эле ѳлкѳдѳгү түрдүү ММКлардын журналисттик кодекстеринде да айырмачылыктар бар.

Журналисттик этиканын кодекстери ар түрдүү спецификага ээ болсо да, бир нече жалпы ченемдери бар. Булардын негизгилери ЮНЕСКОнун эгидасы астында ѳткѳрүлгѳн журналисттердин консультациялык жолугушууларында формулировкаланган.

Анда жарандардын туура жана анык маалыматка укугу, бирѳѳнүн жеке жашоосун жана ар-намысын сыйлоо, жалпы баалуулуктар менен маданияттардын кѳп түрдүүлүгүн сыйлоо, согушка жана башка кырсыктарга каршы күрѳшүү зарылчылыгы жѳнүндѳ айтылат.

Ошол эле учурда, Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн этикалык кодекстеринде бул ченемдер ѳркүндѳтүлүп, деталдаштырылган.

Кодекстерде тѳмѳнкү милдеттер белгиленген:

  • Материалдарды туура жана адилеттүү даярдоо;
  • Маалымат булактарын коргоо;
  • Факт менен пикирдин ортосунда чекти белгилѳѳ;
  • Бирѳѳнүн жеке жашоосун сыйлоо;
  • Кайсы бир белгиси боюнча кодулоого жол бербѳѳ;
  • Коммерциялык кызыкчылыктардан кѳз каранды болбоо;
  • Плагиат менен алектенбѳѳ;
  • Кетирген катачылыктарды ачык, эл алдында оӊдоо.

Этика мыйзамдан да жогору!
ММКлар үчүн этикалык ченемдер мыйзамдан да артык экенин түшүнүү зарыл. Мисалы, мыйзам боюнча, журналист сотто ѳзүнүн жашырын булагынын аты-жѳнүн атоого милдеттүү. Бирок, этикалык кодекстердин кѳбү айрым учурларда эркинен ажыроо коркунучу келип чыкканына карабастан, журналисттин буга жол бербѳѳсүн талап кылат.

Ошону менен катар эле, журналист ММК чѳйрѳсүн жѳнгѳ салган мыйзамдарды билүүгѳ тийиш. Мисалы, журналисттер, эӊ эле биринчи кезекте телевидениенин кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кѳз жумуусунан улам, эл аралык мыйзамдарды кошуп, балдар укуктарын коргогон мыйзам ченемдерин кѳп бузушат. Ѳзүн ѳзү коргоого алы келбеген жарандардын укуктарын кемсинтүү – этиканы бузуу болуп эсептелери анык.

ММКлардын кыянаттык кылуусунун алдын алуу каражаты катары, журналисттик этиканын кодекстери

Албетте, ММКларды тѳртүнчү бийлик деп атоо туура эмес. Чыныгы тѳртүнчү бийлик – бул ММКлар бири-бирине ѳз ара таасир этүү менен татаал диалектикалык байланышта болгон коомдук пикир. Бирок, ошол эле мезгилде ММКларда, ал тургай катардагы жѳнѳкѳй журналистте да айрым бийлик бар экенин танууга болбойт. ММК чѳйрѳсү абдан кылдат чѳйрѳ  болгондуктан, биз керт башынын кызыкчылыгын ойлогон чиновниктердин кесиптик ишмердүүлүгүбүзгѳ кийлигишүүсүнѳ себеп жаратпаш үчүн ѳзүбүздү ѳзүбүз жѳнгѳ салуу менен алектенишибиз керек.

Кошумча маалымат: Журналистикадагы кесиптик этиканын эл аралык принциптери (ЮНЕСКО, 1983-жыл) – шилтеме

Казакстан Республикасынын журналистинин этика кодекси  (Казакстан Республикасынын журналистинин этика кодекси)

Кыргызстан журналистинин этика кодекси (шилтеме)

Тажикстанда журналисттик ишмердүүлүктүн этикалык ченемдери (шилтеме)

 

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу