Жүктөө
Басып чыгаруу

Михаил Коростиков: экперттик аналитика кантип даярдалат?

Биринчиден, тандаган темага чын жүрѳктѳн кызыгуу болушу керек.  Себеби, кызыгуу болбосо, бир дагы иште жакшы натыйжага жетүү мүмкүн эмес. Экинчиден, илимге негизделүү критерийлерин сактоо талап кылынат. Кѳтѳрүп чыккан идеяӊарды, гипотезаӊарды верификациялоого жана фальсификациялоого мүмкүн болуп, туура же туура эмес деп айта турган ырастоо болууга тийиш. Башкача айтканда, макалада илимий стандарттар сакталышы керек.

Мындан тышкары, макала жакшы деӊгээлде, аудиториянын кеӊири катмарына түшүнүктүү, жеткиликтүү тилде жазылууга тийиш. Текстти ашыкча татаалдаштырбагыла жана беш сапты бир ээлеген сүйлѳмдѳрдү колдонбогула. Силер Лев Толстой эмессиӊер, силер аналитиксиӊер, ошондуктан, мүмкүн болушунча так, кыска жана түшүнүктүү кылып жазгыла. 

Тексттин композициясынын негизги принциптери бар. Аналитикалык текст үч бѳлүктѳн турат: киришүү, негизги бѳлүк жана корутунду. Булардын баары пирамида принциби боюнча түзүлѳт. Киришүүдѳ негизги бѳлүктѳ баяндай турган башкы идея, ойлорду айтабыз, ушуну эле корутунду бѳлүктѳ да аткарабыз. Корутундуда ар бир абзац бир катар стандартташтырылган блоктордон түзүлѳт. 

Биринчи сүйлѳм – абзацта карап чыга турган тезис, андан кийинки бир нече сүйлѳм – бул тезисти далилдѳѳ жана андан ары же байламталар, майда кошумча далилдер, же болбосо кийинки абзацка ѳтүү. Мына ушундай форма текстти эӊ жакшы түшүнѳ алууну камсыздайт. 

Убактысы аз окурман жѳн гана киришүү же корутунду бѳлүгүнѳ кѳз жүгүртүп чыгат. Ал эми кѳбүрѳѳк, бирок макаланы толугу менен окуп чыгууга жетишсиз убактысы бар болсо, анда үстүӊкү сол бурчтарын гана, башкача айтканда негизги бѳлүктүн абзацтарынын биринчи саптарын эле окуп кетет. Муну менен окурманга силер берейин деген негизги ой түшүнүктүү болушу керек. Макаланын киришүү жана корутунду бѳлүктѳрү автордун башкы оюн чагылдырууга тийиш.  

Стиль

Канткенде текстти окурманга түшүнүктүү кылып жазууга боло тургандыгы жѳнүндѳ айтсак,  анда биринчи кезекте стилге кѳӊүл буруу зарыл. Аны кантип кѳбүрѳѳк түшүнүктүү, азыраак илимий кылууга, оюӊар, идеяӊар окурманга жакшыраак жетүүсү үчүн текстти кантип мыктылоого боло  турганын ойлонуштургула. Бул үчүн сүйлѳмдѳрдү максималдуу түрдѳ кыскартканга аракет кылгыла. Сүйлѳм эки саптан узун болбоого тийиш. Багыныӊкы сүйлѳмдѳрдү кыскартып, мүмкүн болгон жерлерге үтүрдүн ордуна чекит койгула. Ээ менен баяндоочту башына алып, толуктоочту алардан кийин жайгаштыргыла. Туюк мамиледеги этиштер менен ашкере узун киринди конструкцияларды колдонбогонго аракет кылгыла. Башында мындай ыкма текстиӊерди супсак, жарды кѳрсѳтүшү ыктымал. Бирок, силердин аналитикалык текстиӊердин башкы байлыгы – андагы чагылдырылган ой. Бул оюӊарды окурман канча тез түшүнсѳ, ал үчүн ошончолук жакшы. Татаал сүйлѳмдѳрдү колдонбоо – кесипкѳйлүктүн негизги элементтеринин бири.

Эксперттик аналитиканы кантип жеткиликтүү кылып жазса болот?

Негизги кеӊештер:

  • Сүйлѳмдѳр эки саптан узун болбошу керек
  • Татаал конструкцияларды колдонбоо зарыл
  • Ой так жана жеткиликтүү берилүүгѳ тийиш
  • «Оодарылган пирамида» принцибин сактоо
  • Киришүү жана корутунду – макаланын эӊ негизги бѳлүктѳрү
  • Эсиӊерде болсун: кѳпчүлүк окурмандар макаланы толугу менен окуп чыгышпайт

Сапаттуу аналитикалык макала кѳбүнчѳ башкы бир ойду далилдѳѳгѳ багытталат. Башкача айтканда, анда негизги ойду толуктап, кеӊейтип турган бир нече кошумча ой болушу мүмкүн. Бирок, жалпысынан, эгер силер чындап эле олуттуу жана тереӊ изилдѳѳ жазууну чечсеӊер, анда бирден ашык ойду бере албайсыӊар. Анткени, силердин милдет –  бирдиктүү микрокосмду түзүү, маселени жок дегенде белгилүү бир мезгилге жаап коё турган чыгарманы жаратуу.   Башкача айтканда, аткарган ишиӊерди карап чыккан окурман маселе болушунча тереӊ изилденип чыкканы, автордун эмне деп айткысы келгенин  түшүнгѳнү, ага ишенгени жана автор жеке позициясын жактоо үчүн жетиштүү далил келтиргени жѳнүндѳ жыйынтык чыгарышы керек. Бул тереӊдикке убактыбызды  ар кайсы майда ойлорду ачып берүүгѳ эмес, ыкмалардын максималдуу саны менен белгилүү бир ойду түшүндүрүп берүүгѳ жумшоо аркылуу жете алабыз.

Контакттар

Жакшы аналитик башка аналитиктер, мамлекеттик органдардын ѳкүлдѳрү, чечим кабыл ала турган жактар, башка чѳйрѳдѳгү тааныштары жана достору менен  байланыш тармагын түзүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳӊүл бурат.  Себеби, ар кандай тармактагы кишилердин жардамына муктаждык келип чыгышы ыктымал. Тагыраагы, коммуникабелдүү болуп, тааныштардын чѳйрѳсүн кеӊейтип туруу зарыл.

Жакшы аналитик ѳз жумушунда социалдык тармактарга ѳзгѳчѳ мамиле кылат, аларды активдүү колдонот. Социалдык тармактар аркылуу брендин илгерилетүү менен, аудиторияны баарлашууга, байланышка тартуу аркылуу элге таанылат, ал сын пикирлерден коркпойт. Аткарган иштерин ачык жарыялап, башкалардын кеп-кеӊештерине кѳӊүл бурат. Ѳзү маанилүү деп эсептеген эмгектерин таанышып чыксын деп, контакттардын тизмесине жиберет. Ошентип, социалдык тармактардын жардамы менен ѳзүн таанытуу ар дайым жакшы натыйжаларды берет.  

Негизи эле, ѳз ишин жакшы билген кесипкѳй аналитик үзгүлтүксүз жаӊы нерселерди үйрѳнүүгѳ умтулат, конференцияларга, семинарларга катышат, ѳз алдынча билим алып турат жана жаӊы билимге ээ болуу, аналитикасынын, божомолдорунун сапатын жакшыртуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктѳрдү пайдаланууга аракет жумшайт. 

Канткенде суроо-талапка ээ аналитик боло алабыз?

  • Ѳз темасына чын дилинен кызыгуу
  • Ар бир проблеманы майда-чүйдѳсүнѳ чейин ачып берүү
  • Илимий стандарттарды сактоо
  • Жеткиликтүү кылып жазуу
  • Пайдасы тие турган тааныштардын чѳйрѳсүн кеӊейтүү (эксперттер, чиновниктер, журналисттер)
  • Социалдык тармактар аркылуу ѳзүн таанытуу жана аудиторияны дискуссияга тартуу
  • Үзгүлтүксүз билимин тереӊдетип туруу
  • Англис тилин билүү

Макалаларды жѳн гана кишилер үчүн эмес, силер тараткан маалыматка кызыга турган конкреттүү топ үчүн жазыш керек. Ѳз окурмандарын жакшы билүү менен макала боюнча кеӊешмелерди табууга, социалдык тармактарда кайсы топту «бекитүүгѳ» боло турганын кѳрсѳткѳн форумдарды аныктап алуу мүмкүн. 

Макаланын иллюстрациясы дагы маанилүү толуктоо болуп эсептелет. Бул автордун тема боюнча эксперт экенин жана оюн туура берүү менен бирге, аларды визуалдаштыра алганын ырастайт. Мындагы жардамчылар – даяр текстти тариздѳѳ жана материалды жакшы кабылдоого жардам берген аспаптар. Буларга таблицалар, сүрѳттѳр, видеолор кирет.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу