Жүктөө
Басып чыгаруу

Подкасттын негиздери

Spoiler/Спойлер (click to read/кликните, чтобы прочитать)
Подкастинг – чындап эле абдан кызыктуу.
Смартфондордун ѳнүгүүсү менен подкаст жаратуу жана керектѳѳ ѳтѳ эле оӊой болуп калды. Мындай абал – чѳйрѳдѳ атаандаштык жогорулаганын билдирет, ошондуктан ийгиликтүү подкасттын түзүүчү элементтерин жакшы түшүнүшүӊѳр керек.
Келгиле анда, негиздерден баштайлы. Подкаст деген эмне? Жѳнѳкѳй сѳз менен айтканда, бул – аудиофайл.
Албетте, видео подкасттар деле бар. Бирок, негизинен подкаст түшүнүгү аудиого тиешелүү. Радиодон айырмаланып, подкасттарды сурам боюнча угушат. Бул угуучулардын кѳӊүлүнѳ жаккан нерсе. Алар качан жана эмнени угушту ѳздѳрү чечет.
Подкаст бир жерге жайгаштырылышы керек. Эгер силер подкастты жүктѳсѳӊѳр, ал аудиофайл кайсы-бир серверге жайгашып калат. Бул учурда «бул файл мен булутта сактаган файлдан эмнеси менен айырмаланат?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Эреже катары, подкасттардын тизмелери болот. Ошондуктан, подкасттар үчүн тиркемеӊерди ачканда аны тизмеден аталышы же тематикасы боюнча таап аласыӊар. Башкалар силердин подкастты таап, угушу үчүн бул абдан маанилүү.
Подкастка катталуу мүмкүнчүлүгү дагы муну менен байланыштуу. Эгер силер конкреттүү бир шоуну жактырсаӊар, анда ага катталып алсаӊар болот. Жаӊы эпизод пайда болгондо, бул тууралуу билдирүү аласыӊар, ал тургай анын автоматтык түрдѳ түзүлүшүӊѳргѳ жүктѳлүүсүн алдын ала ырастап койсоӊор болот.
Ошентип, подкасттар – мааниси жагынан издѳѳ жана жүктѳѳ үчүн жеткиликтүү болгон аудиофайлдар. 
Эми, силерге кандай түзүлүш керек болот? Бул кандай техникалык деӊгээлге жетүүнү каалаганыӊарга жараша. Смартфондоруӊар аудиону жакшы сапатта жаздырууга жѳндѳмдүү.  Voice Record Pro же Ferrite сыяктуу тиркемелердин жардамы менен үндѳрдү жаздырып, ал тургай редакциялай аласыӊар.
Бирок, кандай түзүлүш колдонсоӊор да, жакшы микрофон менен камсыз болгон жакшы. Микрофон үчүн кѳп акча коротуунун деле кереги жок. Орто жыштыктагы USB-микрофон жарайт. Бул жердеги дагы бир чоӊ мааниге ээ нерсе – ызы-чуу жок, тынч жана жаӊырык чыкпаган жердин болушу. Эгер үйдѳ отуруп жаздыра турган болсоӊор, жаӊырык чыкпаш үчүн тѳшѳк, жаздыктарды пайдалангыла.
Ошондой эле жеке подкастыӊарды жаздыруу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушуӊар керек. Балким атайын жаздыруучу түзүлүшүӊѳр бардыр. Эгер жок болсо, Adobe Audition сыяктуу үн жаздыруучу программалык камсыздоо талап кылынат. Мунун акысыз альтернативасы катары Audacity эсептелет.
Мага окшош болсоӊор, анда кѳп ката кетирип коюшуӊар ыктымал. Аларды оӊдоо үчүн каталарды алып салуу, музыка кошуу же аралаштыруу максатында аудиомонтаждоо боюнча программалык камсыздоону колдонгула.
Алгач эӊ жѳнѳкѳй топтомдон баштагыла жана подкастыӊар популярдуулукка жетсе, андан жогорку деӊгээлге чыккыла.
Аудиофайлды тийиштүү түрдѳ редакциялап чыккан соӊ, аны жүктѳѳгѳ жеткиликтүү кылган процесс бар.  Аудиофайлды түзүү үчүн алгач монтаждалган долбооруӊарды экспорттогула.
Андан кийин хостинг керек. Подкасттарды хостингдѳѳ үчүн ар түрдүү кызматтар бар. Бул этапта подкасттардын эпизоддору тууралуу маалымат жана угуучулар үчун ар кандай белгилерди камтылган талааны толтурасыӊар. Процесс YouTube платформасына видео жүктѳгѳн сыяктуу эле.
Ушуну менен аяктайт деп ойлосоӊор керек. Бирок, андай эмес.
Хостинг подкасттарыӊар сакталган жерге шилтеме берет. Apple Podcasts сыяктуу подкасттардын каталогуна кирип, ѳз подкастыӊарды тизмеге кошосуӊар. Ошентип, ал подкастыӊар эмне жѳнүндѳ, кайсы тематикага тийиштүү экенин аныктайт. Каталог подкастыӊарды индекстеп чыккан соӊ, автоматтык түрдѳ кийинки эпизоддорду жаӊылайт. Бул болсо, улам кезектеги эпизодду кошкон сайын силердин жаӊылап турууӊар талап кылынбайт дегенди билдирет. Жѳн гана хостуӊарга жүктѳп, маалыматты толтуруп койгула, калган бардык нерсе автоматтык түрдѳ аткарылат. (слайд)
Ошондуктан, подкастингдин техникалык жагы эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Бирок, ийгиликтүү подкасттын түзүүчүлѳрүнѳ эмнелер кирет?
Биринчиден, ѳз аудиторияӊарды аныктап алгыла. Эреже катары, подкаст бир темага арналат. Анын ар түрдүү аудиториялардын кызыкчылыгын орундата турган радиопрограммалардан айырмасы мына ушунда. Кимге кайрылып жатканыӊарды так билүүгѳ тийишсиӊер.
Аудиториянын портретинин болушу абдан пайдалуу. Угуучулардын бирин элестетип кѳргүлѳ. Канча жашта? Кайсы жерде жүрѳт? Үмүттѳрү менен чочулоосу эмне? Эмнеге кызыгат? Кѳз алдыӊарга ачык-айкын, так бир картинаны жаратууга аракет кылгыла. Силер подкаст жаратып жатканда, угуучуӊар түздѳн-түз аны менен сүйлѳшүп жатканыӊарды сезиши керек.
Кийинки пункт логикалык түрдѳ акыркы пунктка алып келет. Тема конкреттүү белгилениши керек. Мисалы, немец футболу жѳнүндѳ подкаст жалпы эле спорт тууралуу подкастка караганда кѳбүрѳѳк ийгиликтүү болушу керек. Эмне үчүн? Себеби, алар аудиторияга кызык болгон контентти гана беришет. Аудитория үчүн теннис кызыгуу жаратпашы мүмкүн. Радиопрограмма спорттун эки түрүн теӊ камтышы керек болчу. Подкасттын артыкчылыгы – максатка багытталуусу. Угуучулар силердин подкастты каталогдон эле таап алышат. Эгер темасы, сыпаттамасы жана категория так, конкреттүү кѳрсѳтүлсѳ, темага кызыккандар аны оӊой эле таап алышат.
Андан ары туура форматты тандап алгыла. Айрым подкастерлер жума сайын түрдүү кишилер менен интервью ѳткѳрүшѳт, башкаларында бир нече коногу болушу мүмкүн, ал эми үчүнчүлѳрү – кылмыштар жѳнүндѳ баяндама жасап, муну радиопостановка стилинде ишке ашырышат.
Бул форматтардын кайсынысы темаӊарга кѳбүрѳѳк туура келет? Узундугу кандай болушу керек? Аудиторияӊар кандай? Спорт менен машыгып жатабы же жумушка бара жатабы? Бул максаттуу угуучуларыӊар үчүн идеалдуу узундукту тандап алууга жардам берет. Формат подкастыӊарга белгилүү бир структураны камсыздайт. Бирок, кийинки пункт дагы маанилүү.
Жекелештиргиле. Эл подкастыӊарды темасына кызыккан үчүн уга баштайт, ал эми алып баруучунун инсандык сапатынан улам угууну уланта беришет. Подкастинг – ѳтѳ эле жеке чѳйрѳ. Онлайн-видеодон айырмаланып, угуучулар аудиону кѳпкѳ угушат. Бул жерде кеп аудитория менен мамиле түзүү тууралуу болууда. Ошондуктан, инсандык сапаттарыӊарды канчалык кѳп кошсоӊор, ошончолук кѳп ийгиликке жете аласыӊар.
Токтобостон, алдыга жылдырууну уланта бергиле. Бул абдан чоӊ рынок, ошондуктан ѳз подкастыӊарды илгерилетишиӊер керек. Аны дагы бир жолу угуп чыгып, эӊ мыкты бир нече секундун тандап алгыла. Бул үзүндүнү подкасттын башына жайгаштырып, угуучуларды ѳзүӊѳргѳ тарткыла. Аны видео түрүндѳ жасап, социалдык тармактарга жайылткыла. Подкаст жѳнүндѳ Твитке жазгыла. Кыскасы, подкастты жайгаштырып эле, дароо аудиторияга ээ болом деп ойлобогула. Башка контенттер сыяктуу эле, аны илгерилетүү талап кылынат.
Буга мисал катары, биздин немец футболу боюнча подкастыбызды айта алабыз. Максаттуу аудиториябыз – немец футболуна кызыккан, 35-50 жаштагы эркектер. Ошондуктан подкаст каталогдун спорт категориясында орун алган. Алар эксперттер жана мурунку оюнчулар менен интервьюларды угууну жактырышат. Ошондуктан, формат – ѳзфѳзүнчѳ болгон он мүнѳттүк үч интервью. Алар кѳбүнчѳ жумушка баратканда же жумуштан келатканда угушат. Ошондуктан, подкаст 30 мүнѳткѳ созулат. Подкасттан айрым мыкты цитаталарды алып, кеӊири жайылтуу максатында аларды социалдык тармактардан бѳлүшүп коёбуз. Интервью компьютер жана Skype программасындагы USB-микрофонду колдонуп ѳткѳрүлѳт жана  Audacity программасы менен жазылып, редакцияланат.
Ошентип, темага кызыккан, аны берген форматты жактырган аудитория бар экенин билсеӊер, ошондой эле материалды алар үчүн илгерилетип жатсаӊар, анда катталуучулардын санын кѳбѳйтүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ боло аласыӊар.
Кыскасы,  темаӊар, аудиторияӊар жана форматыӊар тууралуу ой жүгүртүп кѳргүлѳ. Мен аэропорттун күтүү залында отурган кезде кишилер менен маектешип, телефонду колдонуп эле подкасттарды жаздыргам. Ошондуктан, колуӊарда бар нерсе менен баштап, подкастыӊарды мүмкүн болушунча эртерээк жүктѳгѳнгѳ аракет кылгыла деп кеӊеш бермекчимин.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу