Жүктөө
Басып чыгаруу

Социалдык медиалардын психологиясы

Бул видеодо сиз адамдын жүрүш-турушу боюнча билим аудиторияны өзүнө тартууга жардам бергендиги тууралуу жана лайк басууга, комментарий жазууга жана бөлүшүүгө эмне түрткү боло тургандыгы жөнүндө кеп кылабыз. Ошондой эле, бул видеону кишилердин жүрүш-турушун башкаруу, алардын контентиӊер менен өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо үчүн пайдалана аласыӊар.

Spoiler/Спойлер
Саламатсыӊарбы,  социалдык тармактардын психологиясы тууралуу видеосабакка кош келиӊиздер
Психологияны түшүнүп-билүү  мынчалык эле маанилүүбү деп таӊ калышыӊар мүмкүн. Мен аны университетте окуп-үйрөнгөм, менин бүткүл карьерам Интернеттеги жүрүм-турум жана пикир алышуу менен байланыштуу болгон.  BBC нин ар түрдүү окуялар тууралуу  айтып берген жаӊылыктар бөлүмүндө иштеп жүргөндө жана  акыркы 12 жылда адамдарга жардам берүү максатында социалдык тармактарды колдонгондо  натыйжалуу коммуникация үчүн  психологияга кайрылууга туура келди.
Бул видеодо мен силерге адамдын жүрүш-турушу боюнча билим аудиторияны өзүнө тартууга жардам бергендиги тууралуу айтып берем.
Лайк басууга, комментарий жазууга жана бөлүшүүгө эмне түрткү боло тургандыгы жөнүндө кеп кылабыз. Ошондой эле, мен айтып бере турган нерселерди кишилердин жүрүш-турушун башкаруу, алардын контентиӊер менен өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо үчүн пайдалана аласыӊар.
Менин оюмча, технологиялар күн сайын өзгөрүп турса, адамдарга бул тийиштүү эмес экендигин башынан эле жакшы түшүнүү абзел.
Дүйнө жүзүндөгү адамдар бири-бирине окшош. Баарыбыздын муктаждыктарыбыз да окшош. Аудиториянын муктаждыктарын канааттандыруу аркылуу социалдык медиалар көбүрөөк ийгиликке жетише алат.
Силер социалдык тармактар үчүн контент түзүп жатканда, аудиторияӊардын силерден эмнени уккусу келгендиги тууралуу ойлонуп көргүлө.
Маслоунун муктаждыктар боюнча графикалык  иерархиясы

Психологиядан биз Маслоунун муктаждыктардын иерархиясын окуганбыз. Иерархия боюнча кишилердин негизги муктаждыктары болуп, суу, калкалоо жана физиологиялык муктаждыктар эсептелет. Андан кийин биз өзүбүздүн коопсуздугубузду сезишибиз керек. Социалдык медиалар муктаждыктардын кыйла жогору деӊгээлинде турат. Эгер биз кимдир-бирөөгө анын бир нерсеге таандыктыгын, аны башкалар угуп жатканын, биз угуп, эмне муктаждыгы бар экенин  түшүнүп турганыбызды сездире алсак,анда жакшы натыйжага жете алабыз.

Ошондуктан, контент жаратып жатканда, көз алдыӊарга аудиторияӊарды элестеткиле. Алардын муктаждыктарын биринчи орунга койгула – ийгилик ушундан башталат.
 Жооп берүүнү талап кылган маанилүү суроолордун бири – силердин кимге багытталганыӊар. Аудиторияӊарды так жана жакшы билгенге аракет кылгыла. Бул чындап эле жардам берет.
Айрым кишилер демографиядан – курагы, жери, үй-бүлөлүк абалы, кесиби жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды аныктап чыгуудан башташат.
Ооба, бул пайдалуу. Ошентсе да, психографика жөнүндө ой жүгүртүү андан да пайдалуу деп эсептейм.
Психографика – бул психологиялык критерийлер жана алар адамдын кандай адам экенин аныктайт. Ал адамдын көз карашын, ой-пикирин жана кызыкчылыктарын камтыйт. Ошентип, бул кишинин жашоого болгон мамилесин же бир нерсе тууралуу ой-пикирин, кызыкчылыктарын – кандай топко таандык жана кайсы коомдор менен байланышта экенин көрсөтүп турат.
Бул нерселердин баары социалдык тармактар, ошондой эле  аудиториянын аӊ-сезимин билүү үчүн алар кимдер экенин, силерден эмнени уккусу келгенин,  эмнеге кызыкканын аӊдап-түшүнүү  абдан эле пайдалуу.
Эгер силер портрет түзө алсаӊар – реалдуу адам менен сүйлөшүп жатканыӊарды элестетип көргүлө – мунун дагы жардамы чоӊ. Себеби, дайыма эле элге жагынуу аракетинде боло албайсыӊар да.
Ал эми бир киши үчүн резонанс жараткан контентти пайда кыла алсаӊар, анда ага кызыккан кишилердин санын дагы көбөйтүүгө болот. Ошондуктан, аудиториянын кызыкчылыгы, көз караштары менен ой-пикирлери жөнүндө ойлонуу абдан пайдалуу болот.
Кимге багытталганыӊарды жана алар силерден эмнени уккусу келгенин аныктап алган соӊ, алардын назарын өзүӊөргө бурууга аракет кылгыла. Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда  маалымат ызы-чуусу өтө эле көп болгондуктан, муну алар аркылуу ишке ашыруу абдан  кыйын.

Ошентип, окурман телефонундагы лентасын барактап жатканда анын назарын кантип буруш керек экендигин ойлонгула.

Биринчи кезекте алардын көӊүлүн фотосүрөт же кандайдыр бир кызыктуу визуал менен бурууга болот. Мындай нерсе катары, видеонун биринчи кадрын да колдонуу мүмкүн. Кыскасы, силердин контент менен аракеттешүүгө өтүүдөн мурун көзүнө көрүнө турган жана бир эле миллисекундга убакыт бөлүшүнө себеп болгон   бир нерсе керек.
Ошондуктан, чындап кызыктуу визуалдуу же түстүү  бөлүк, көркөмдөлгөн текст же эмодзи (смайликтер) же ушул сыяктуу башка нерселер   – мыкты башталыш боло алат. Дагы бир маанилүү нерсе – постуӊардын баштемасы жана анда колдонулган сөздөр.
Баштемасын окуп эле, бүтүндөй макала кызыксыз деген жыйынтык менен макалаларды окубай койгон учурлар менде көп эле болгон. Демек, социалдык тармактардагы постторуӊардын биринчи сөздөрү окурмандын назарын бурууга тийиш. Алар кызыгууну пайда кыла тургандай болушу керек. Кандайдыр бир окуяны, маселен, кишиге байланыштуу окуяны баяндап жатсаӊар, окурмандарды тартуу үчүн эмоционалдык ыкманын болушу абдан маанилүү.

Ошондуктан, колдонгон сөздөргө же башка каражаттарга көӊүл бургула. Бул инфографика же ушуга окшош нерсе болушу мүмкүн. Жакшы таасир калтыруу үчүн бир нече секундуӊар гана бар. Ошондой эле, биоӊор менен сүрөтүӊөр окурмандарда ишеним жаратып, кимдир бирөөлөрдө силер менен пикир алышууга каалоону пайда кылышы керек.

Кандай адамдарга багыт алганыӊарды билесиӊер. Алардын көӊүлүн буруунун жана өзүӊөргө тартуунун ыкмаларын таптыӊар.  Эми социалдык тармактарда эмне таасирдүү экенин ойлонушуӊар керек.
Силер контент түздүӊөр, эгер ал адамдарда резонанс жаратпаса,  аларды силер менен сүйлөшүүгө же лайктарды коюп, достору менен бөлүшүүгө  түрткү бербесе,  адамдарды аны менен өз ара аракеттешүүгө  кантип мажбурлайсыӊар. Анда бир нерсе айтып берүүнүн эч кандай мааниси болбойт.
Ошондуктан, баарыдан мурда,  силер контентти алардын керектөөлөрүнө  ылайыктоону,  адамдар силерден эмнени уга алат жана кантип аларга пайда келтире аларыӊарды ойлонушуӊар керек. Адамдарда «бул контент чын эле мени менен сүйлөшүп жатат, мени өз ара аракеттешүүгө түрткү берүүдө» деген  сезимди пайда кылгыдай аӊ-сезимине таасир этүү керек.
Мен аббревиатураны кыйла көп колдоном. Ошондуктан контент туура болууга тийиш деп айтам, бул англис тилиндеги R I G H T, ал эми аббревиатура – R I T E жана аны эстеп калуу оӊой.
Ошентип, R – бул relevant – релеванттуу. Бул силердин аудитория үчүн релеванттуубу? Алар менен резонанс береби? Алар муну көрүп жатканда, бир нерсе сезишеби?

Муну окушабы? Аны чоӊ макала сыяктуу бердиӊерби – аны бөлүштүрүүгө болгудай темачалар же визуалдык элементтер барбы.  Бул –  оӊой өздөштүрүүгө жана түшүнүүгө боло турган нерсеби.

Ошондой эле R – бул respectful – сыйчыл, дайыма сыйчыл болгула. Дайым ак көӊүл болгула.

I – бул interesting, informative жана insightful – кызыктуу, маалыматтуу же баамдагыч. Эгер силердин контентиӊер  адамдарга кызыксыз болсо,  алар эмнеге аны менен өз ара аракеттешмек эле? Ошондуктан анын кызыктуу жана маалыматтуу экенине ынангыла.

T -бул timely  – өз убактысында болуучу. Өз  убактысында болуучулук деген бул учурда кимдир бирөө онлайн дегенди билдирет.  Эгер адамдар офлайн учурунда бир нерсе жарыяласаӊар, алар аны кантип көрүшөт?

Ошондой эле  бул  T – topical  – актуалдуу. Эгер силер контентиӊерди ошол учурда жаӊылыктарда болуп жаткан нерсеге байлай алсаӊар,  ал адамдарга кыйла пайдалуураак болот.  Же ал мезгилге байланбаган, каалаган учурда жарыялай бергенге боло турган нерсе болушу керек.  Түбөлүк жашыл контент дегендей.

Кийинкиси –  E – educational or emotionally engaging  – билим берүүчү же эмоционалдык кызыктыруучу дегенди билдирет.

Менимче, булар чынында эле маанилүү, эмоцияларды пайда кылуу – социалдык тармактарды силердин пайдаӊарга иштетүүнүн  мыкты ыкмасы.

Демек, силер «мен кишилерди кызыктырып, таӊ калтыргым келет» деген ой менен аракеттенишиӊер керек. Аларды зордоп тартууга аракет кылбагыла. Бирок, кызыктуу жана шыктандыруучу нерселер менен жакшы бөлүшүшөт.

Өз контентиӊерди түзгөн соӊ, окурмандар аны менен кандай аракеттеше тургандыгы жөнүндө ой жүгүртүп көргүлө. Айрым учурда өзүӊөр эмнелерге лайк басып, комментарий жазганыӊарды жана эмнелер менен бөлүшкөнүӊөрдү элестетип көрүү ашыктык кылбайт.
Демек, көп учурда «Лайк» – силер макул болгон нерсе, же кооз  сүрөт, же болбосо сезимдерди пайда кылган нерсе.

«Комментарий”,  эгер силер  адамдардан ой-пикир бөлүшүүнү өтүнбөсөӊөр же суроо бербесеӊер алар комментарий жазышпайт.  Алар айтып жаткан нерсеге чындап кызыкдар болсоӊор адамдарды талкууга катышууга мажбур кылуу оӊой болот.

Анда, бул боюнча кандай оюӊар бар, тажрыйбаӊар кандай деген сыяктуу суроолорду берсеӊер, аудиториянын көӊүлүн бура аласыӊар.

Андан соӊ гана алар эмне үчүн бөлүшүп жатканын ойлонуп көргүлө. Кишилер контентти ар кандай себептер менен бөлүшөт. Мен кишилер кимдир-бирөөнү жакшы көрсөтө турган посттор менен бөлүшө турганын аныктадым.

Демек, силер твит жайгаштырып, кимдир-бирөөдөн цитата келтирсеӊер, анда ал кишини башкаларга жакшы көрсөтөсүӊөр, натыйжада сөзсүз ретвит аласыӊар.

Адамдарга жаккан дагы бир нерсе – алар пайдалуу болууну көздөшөт. Ошондуктан мүмкүн болсо, башкалар үчүн пайдалуу болгон контентти жараткыла. Мындай жарыялоолорду көӊүлдөнүп бөлүшүшөт.

Адамдардын ортосунда талкуу жарата турган башка көптөгөн нерселер бар. Ошондуктан биз ностальгияны жакшы көрөбүз – мурда болуп өткөн окуяларды эске түшүрүүнү жактырабыз. Башкаларга пайдалуу болгубуз келет, андыктан пайдалуу контентиӊер бар болсо, аны абдан жакшы бөлүшүшөт.

Балким бул кишилер макул болгон, аларды аныктаган нерседир. Аны  жакшы көргөн кишилерди белгилеп койсоӊор, анда жараткан контентиӊерди сөзсүз бөлүшөт. Ошондуктан контентти бөлүшө турган кызыгуусу бар кишилер жана топтор жөнүндө ойлонуп көргүлө.

Ошону менен бирге эле контент абдан кызыктуу жана шыктандыруучу болушу ыктымал. Мындай учурда аракетиӊерди эӊ мыкты деп бааласа болот.

Жыйынтыктап айта турган болсок, аудиторияӊарды ар дайым биринчи орунга, ошондой эле өзүӊөрдү алардын ордуна койгула. Контентиӊер кызыктуу бир нерсе болуп саналабы? Бул силерди кызыктырабы жана аны бөлүшөт белеӊер? Алгач мына ушул суроолорго жооп берип көргүлө.

Жана дагы бул социалдык медиалар, ал эми биз – социалдык жандыктар  экенибизди эсиӊерден чыгарбагыла. Демек, контентиӊерди социалдык контент кылбагыла. Жөн гана маалымат берип отура бербестен, аудиторияӊар менен активдүү баарлашкыла жана өз ара аракеттешкиле.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу