Тимур Токтоналиев: канткенде журналист ийгиликтүү интервью ала алат?

Бир караганда, интервью алуу – оӊой эле иш. Бирок, маек курган адамдан баалуу маалымат алыш үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоо талап кылынат. Айрыкча, анын суроолоруӊарга жооп берүүдѳ эч кандай кызыкчылыгы болбосо, анда бир топ эле кыйынчылык жаралат.

Алгач, «интервьюнун» эки түшүнүктѳ колдонулганын: журналисттик материалыӊар үчүн комментарий зарыл болгондо жана бир киши менен толук кандуу интервью даярдоо керек болгон учурда ишке ашырыла турганын белгилеп кетели. 

Интервьюнун үстүндѳ иштѳѳ  үч этаптан  турат: биринчиси – маекти даярдоо, экинчиси – интервьюну жаздыруу жана үчүнчүсү – материалды жарыялоо үчүн аягына чыгаруу. Бул үч компоненттин ар биринин ѳзүнѳ таандык маанилүү аспектилери бар. 

Интервью негизинен коомдун ичинде кандайдыр бир маанилүү маселе боюнча суроолор кѳбѳйүп кеткенде жана аларга так жооп бере турган компетенттүү адамды табуу зарылчылыгы келип чыкканда алынат.  Айрым учурларда аудиторияӊарда кызыгуу жараткан конкреттүү бир адамга – кѳбүнчѳ саясатчыга, чиновникке, коомдук ишмерге бериле турган суроолор кѳбѳйүп кетет.

1-этап. Даярдоо

Даярдыкты алдыдагы маектин темасын изилдѳѳдѳн баштоо зарыл – тема жѳнүндѳ интернетте кандай маалымат бар экенин, форумдар менен социалдык тармактарда колдонуучулар эмне деп жазып жатышканын байкап чыккыла. Мындай чакан изилдѳѳ теманын кайсы аспектилери каралып чыга элек экенин, интервью аркылуу эмне жаӊылык кошумчалай ала турганыӊарды түшүнүүгѳ жардам берет.

Силерди жаӊылтып, тескери жолго салып койбосун десеӊер, интервьюнун темасы боюнча маектешиӊерден кем эмес маалыматка ээ болушуӊар керек.

Бул баскычта бериле турган суроолор сурап-билүү маалыматын жана  жарыялоолорго шилтемелерди камтуу менен ворд документ форматында түзүлѳт.

Ошондой эле, кесиптештериӊерди, жакындарыӊар менен туугандарыӊарды дагы кызыктырган суроолорду билип алуу ашыктык кылбайт. Кээде алар оригиналдуу жана кызыктуу идеяларды берип калышы ыктымал. 

Суроолордун тизмеси кыска жана бири-бири менен байланыштуу болууга тийиш. Тизмени мыктылап, кээ бир пункттарын тагыраак формулировкалап чыгуусу үчүн сѳзсүз редакторго кѳрсѳтүш керек. Бирок, эӊ башкысы – суроолордун бул тизмесин эсиӊерге тутуп, эмне жѳнүндѳ сурай турганыӊарды жакшы түшүнүү зарыл.

Маектешиӊердин психотибин изилдеп кѳргүлѳ: кѳп сүйлѳйбү же аз сүйлѳйбү, импульсивдүүбү же түнтпү, саясий жана турмуштук кѳз караштары кандай, кандай ММКларга интервью берүүнү каалайт, ал эми кайсыларга тыюу салган. Булардын баары ийгиликтүү интервьюнун планын түзүп чыгууда чоӊ жардам берет. Маектешиӊер жѳнүндѳ толугураак маалыматты интернеттеги жарыялоолордон, видеолордон жана башка журналисттерден ала аласыӊар.  

Техникалык жактан баары текшерилип чыгууга тийиш: аппаратуранын иштѳѳсү, батарейкалардын толуктугу, флешкалардын бош экендиги. Кээде кокусунан аппаратура иштебей калышы мүмкүн, мындай учурлар үчүн дайыма мобилдик телефон даяр турушу керек.

2-этап. Интервью алуу

Бардык нерсе план боюнча ишке ашпай калышы ыктымал. Маселен, интервью үчүн алдын ала макулдашылган бир сааттын ордуна  10 эле мүнѳт берилиши мүмкүн. Мындай абалда «жылытуусуз» эле негизги суроолорду бере башташ керек. 

Эгерде, интервью алууга мүмкүнчүлүк берилбей турган болсо, суроолорду ошол жерден узатууга аракет кылгыла. Толук интервью жаздыра албасаӊар да, маектешиӊердин берген жоопторунун негизинде кызыктуу материал жаратуу колуӊардан сѳзсүз келет.

Ал эми убакыт кенен болсо, интервью берген адамдын жоопторун кунт коюп уккула. Себеби, жооптордон кошумча суроолор пайда болушу ыктымал жана ал суроолорду толук жооп алганга чейин бере бергиле. 

Кѳӊүл бургула

Борбор Азия ѳлкѳлѳрүндѳ интервьюнун мазмунуна байланыштуу жоопкерчилик кѳп учурда журналисттерге жүктѳлѳт. Ал тургай иш-чара маектешиӊердин эмне деп айта турганын алдын ала билбеген түз эфирден берилип жатса, мыйзамсыз чакырыктар, этностук же диний топторду кемсинтүү, кимдир-бирѳѳнү далилсиз айыптоо сѳздѳрү айтылган абалда, силер жеке ремаркаларыӊар жана суроолоруӊардын жардамы менен маӊдайыӊарда отурган адамга мыйзам ченемдерин бузуп жаткандыгы тууралуу эскертүү берүүгѳ тийишсиӊер.  Мындай жагдайда журналисттин унчукпай коюусу аудитория жана сот тарабынан маектешинин мыйзамга каршы аракеттерин колдоо катары интерпретацияланышы ыктымал.

Маанилүү учурлар менен деталдарды ѳткѳрүп жибербеш үчүн кунт коюп угуу зарыл. Кээде айтылган кичинекей эле бир нерсе маектин жүрүшүнүн толугу менен ѳзгѳрүп калышына жол ачат.  

Эгер маектештер бир нерсени кѳшѳрүп айтып туруп алса – фактыларды; бирѳѳнү күнѳѳлѳсѳ – далилдерди талап кылыш керек; мыйзамсыз чакырыктарды билдирсе – мыйзам жѳнүндѳ эскертип туруу зарыл.

Ѳзүӊѳргѳ керектүү жоопту алдыӊарбы, маектешиӊердин сѳзүн акырын, сыпайы бѳлүп, кийинки суроого ѳткүлѳ. 

«Интервью» жанрында журналисттин милдети – үнүн чыгарбай,  баарына макул болуп отурбастан, узатылган суроолорго сылык, бирок кѳшѳрүү менен жооп алуу. Эгер маектеши жооп берүүдѳн качып жатса, суроону ѳзгѳртүп, кайра бериш керек. Андан да майнап чыкпаса, түз эле «эмне себептен бул суроого жооп бергиӊер келген жок?» деп сураса болот.  

Муну менен бирге эле, журналисттин ѳзүн алып жүрүүсү да абдан маанилүү: прокурордук же оппозициялык, же болбосо кошоматтык кылуучу эмес, бейтарап тон менен сүйлѳшүүгѳ; психологиялык аралыкты сактап, жеке инсандык сапаттарга тийишпѳѳгѳ милдеттүү. Буларды сактабаган учурда маектешиӊер мамилеӊерге нааразы болушу мүмкүн же болбосо тескерисинче, ыгы жок теӊтуш болуп алышы ыктымал. Эки учурда теӊ интервью натыйжалуу боло албайт.

Маектин ѳзүнѳн тышкары, маӊдайыӊарда отурган адамдын жүрүм-турумуна, дене кыймылдарына кѳӊүл буруп, кабинетинин же жашаган үйүнүн абалын да карап чыккыла. Кызыктуу байкоолор материалыӊардын сапатын жогорулата алат.

Белгилүү бир убакыт сайын жаздыруучу түзүлүшүӊѳрдү текшерип коюп тургула – маектешиӊерден маанилүү жоопторду алууга аракет кылып жаткан учурда диктофондун же видеокамеранын заряды түгѳнүп калышы мүмкүн, же болбосо ѳзүнѳн-ѳзү токтоп же бузулуп калышы ыктымал. 

Жаздыруу туура жүрүп жатса деле, жалгыз ага ишенүүгѳ болбойт. Жоопторду, айрыкча сандарды, терминдерди жана негизги учурларды блокнотко белгилеп алуу абзел. Бир нерсени түшүнбѳй калсаӊар, тартынбастан маектешиӊердин сѳзүн бѳлүп, тактагыла, түшүнүксүз жерлерди сурагыла. Силер бардыгын аӊдап түшүнүүгѳ милдеттүү эмессиӊер, ошондуктан интервью алып жатасыӊар. 

Эгерде, аудио- же видео жазууну токтоткондон кийин маектешиӊер маанилүү бир нерсени айтса, айткандарын жаздырып алыш үчүн кайталап коюусун ѳтүнгүлѳ. 

Аты-жѳнү менен кызматын так жазып алыш керек. Күмѳн санап жатсаӊар, ѳз колу менен жазып берүүсүн сурангыла. Сѳзсүз түрдѳ анын уюлдук телефонунун номерин, электрондук почтасынын дарегин жазып,  ар дайым текшерип туруучу мессенджерлери кайсылар экенин тактап алгыла. Анткени, кийинчерээк кошумча суроолор пайда болсо, ыкчам байланышуу мүмкүнчүлүгүӊѳр болушу керек.

Аягында маектешиӊерге силерге бѳлгѳн убактысы жана маеги үчүн ыраазычылык билдирүүнү унутпагыла. Сылыктык жана адептүүлүк – кесипкѳй журналисттин айырмалоочу ѳзгѳчѳлүктѳрү.

3-этап. Интервьюну жарыялоо же трансляциялоо үчүн даярдоо

Интервьюнун толук жазылып алынган вариантын суроолор жана сурап-билүү маалыматтары менен бирге ѳзүнчѳ папкага кѳчүрүп койгула. Эгер үн же видео кошулса, түпнускасын эмес, кѳчүрмѳсүн редакциялоо сунуш кылынат. Бул папканы сактап коюш керек. Кийин кандайдыр бир талаш-тартыш чыга турган болсо, ѳз архивиӊерге таяна алгыдай болгула.  

Интервью берген кишинин айткандарынын баары эле аудиторияӊарга кызык боло бербеши мүмкүн. Ошондуктан, материалды чечмелѳѳ жана редакциялоо этабында интервьюнун кѳбүрѳѳк баалуу жана кызыктуу деп эсептелген бѳлүктѳрүн калтырып коюу зарыл. Бирок, кыскартуулар маектешиӊердин оюн бурмалабай тургандыгын камсыздагыла. Текстти кыскартуу менен айтылган кептин мазмунун сактап калуунун ортосунда дилемма келип чыкса, экинчи эрежени тандашыӊар керек. 

Интервью алганыӊардын ѳзү эле – маектешиӊер силердин ММК аркылуу маанилүү бир маселе боюнча аудиторияга түшүндүрмѳ берүү үчүн силерге ишенгендигин билдирет. Журналисттин милдети – маалыматты окурмандарга, угуучуларга же кѳрүүчүлѳргѳ бурмалоосуз, толук жеткирүү. 

Тексттин үстүндѳ иштеп жатканда, журналистте кошумча суроолор менен тактоолор пайда болушу мүмкүн. Бул нормалдуу практика. Телефон чалып же жазып сурап алыш керек.

Эсиӊерде болсун
Кѳп учурда интервью бергендер маектешүүнү жарыялоо же трансляциялоодон мурун материалды макулдашуу үчүн ѳздѳрүнѳ жиберүүнү талап кылышат. Силер алардын талабын орундатууга милдеттүү эмессиӊер – маектешиӊер интервью берип жатканда, айткандарынын баары жазылып жатканынан жана кийин жарыялана турганынан кабардар болгон. Демек, алдын ала макулдашуунун деле зарылчылыгы жок. Таанышып чыгуусу, керектүү тактоолорду же толуктоолорду киргизүүсү үчүн айткан сѳздѳрүнүн айрым бѳлүктѳрүн жиберүүгѳ болот. Бирок, бул ага айткандарынын мазмунун ѳзгѳртүүгѳ укук бербейт.

Эгерде материалда талаш пикирлерди же туура эмес маалыматты айткан болсо, силер автордук эскертүү аркылуу туура маалыматтарды же альтернативдүү пикирди жазып коюуга тийишсиӊер. «Интервьюнун» форматы маектешиӊерге аудиторияӊарды жаӊылтуу укугун бербейт.  

Эгер интервью түз эфирде берилбесе, анда материалдын мазмуну боюнча жоопкерчилик журналист менен редакторго жүктѳлѳт. Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн мыйзамдары менен соттук практикасы ушундай.  

Ушул себептүү, интервью конкреттүү бир адамдын же мекеменин  дарегине далилсиз айыптоолор менен коштолбоого тийиш. Ошондой эле, интервьюнун жүрүшүндѳ ѳз ѳлкѳӊѳрдѳгү этностук, диний же башка топторго карата кемсинтүүчү, басынтуучу сѳздѳрдүн айтылышына жол берилбеши керек. Силер негизсиз айыптоолордун, кордоочу сѳздѳрдүн жана мыйзамсыз чакырыктардын таратуучусу болбошуӊар керек.

Интервьюнун финалдык версиясын жарыялаган соӊ, материалды социалдык тармактарга жайгаштырып, кызыкчылыгы бар кишилердин топторуна электрондук почта аркылуу жѳнѳтүп коюу зарыл. Окурмандарыӊарда же кѳрүүчүлѳрүӊѳрдѳ суроолор пайда болсо, автордук укуктун негизинде аларга жооп берүүнү унутпагыла.   

 

Кошумча адабият:

Ѳзгѳрүүлѳр үчүн репортаждар: Кризистик аймактардагы жергиликтүү журналисттер  үчүн IWPR колдонмосу (Репортажи во имя перемен: Руководство IWPR для местных журналистов в кризисных регионах (на русском)