Жүктөө
Басып чыгаруу

Журналистикада балансты кантип сактоого болот?

Spoiler/Спойлер (click to read/кликните, чтобы прочитать)
Бул видеодо баланс жана калыстык тууралуу кеп кылууну чечтим.
Бул эмне үчүн маанилүү? Ишеним – силердин валютаӊар деп элестеткиле. Силер кылган иш-аракеттин баалуулугу элдин силерге же иштеген уюмуӊарга карата ишеним артуусуна негизделген. Жѳн гана ѳзүӊѳргѳ «Кѳрүүчүлѳр эмне үчүн бизге кайрылышат?» деген суроону берип кѳргүлѳ. Жок, аларда маалыматтын жетишсиздиги деген кѳйгѳй жок. Эгер кимдир-бирѳѳ интернеттен бир нерсе издесе  же социалдык тармактарга кирсе, ал жактагы маалыматтын кѳлѳмүн кѳрүп, айран таӊ кала турганы бышык. Силерди же силердин жаӊылыктар түрмѳгүӊѳрдү башкалардан айырмалап турган эмне?
Мунун жообу мындай: аудитория силер берген маалыматтын сапатына ишенет. Бул кадыр-барктуу жаӊылык уюмунун маалыматы аудиториянын ишенимине ээ боло элек жак тарабынан берилген маалыматка караганда кыйла жогору дегенди билдирет.
Силердин кѳрүүчүлѳрүӊѳр, окурмандарыӊар же угуучуларыӊар аларга так, туура маалымат жана жыйынтыктарды берип жатканыӊарга ишенишет. Мындай ишенимге ээ болуу үчүн узак убакыт талап кылынат, ал эми баланс жана калыстыкты эстен чыгара турган болсоӊор, бир нече секунддун ичинде гана ишенимден кол жууп калышыӊар ыктымал.
Эл силерди калыс десе, эмнени түшүнѳсүӊѳр? Бул – кандайдыр бир  жашыруун мотивиӊер жок дегенди билдирет.
Баян жазып жатканда, тек гана эмне болгонун аныктоого аракет кылууга тийишсиӊер.
Башкача айтканда, темаӊар боюнча бардык кѳз караштарды эсепке алышыӊар керек. Максат ушунда. Баяныӊарда жеке сезимдериӊер чагылдырылбоого тийиш. Ар түрдүү аргументтер менен кѳз караштарды топтоп, аудиторияга жеткиресиӊер.
Мисалы, курулуш объектисинде жумушчулар эмгек шарттарынын начардыгынан улам иш таштоо менен коркутуп жатышат дейли. Болжолдуу ким күнѳѳлүү жана эмне себептен экендигин билип туруп, бул ишти ала албайсыӊар. Курулуш ишканалары менен кандайдыр бир кѳйгѳйлүү маселеге туш болгон күндѳ дагы, оюӊарды бузуп кетүүсүнѳ жол бербешиӊер керек.
1970-жылдары АКШда Уотергейт жаӊжалын баштаган журналисттердин бири Карл Бернстайндын репортаж боюнча жеке аныктамасы болгон. Ал элге чындыктын жеткиликтүү эӊ мыкты версиясын берүүгѳ аракет кылгандыгын айткан.
Биз дайыма эле бардык фактыларды ала албайбыз, ошентсе да болгон аргументтер менен ракурстарды колдонуп, элге чындыкты жеткирүү үчүн колубуздан келген күч-аракетти жумшайбыз. Бул болсо, биз бир эле тарапка колдоо кѳрсѳтүп же болбосо жеке же саясий себептерден улам баяндын мазмунун ѳзгѳртүүгѳ акыбыз жок дегенди билдирет.
Калыстыктын экинчи бир фактору – алдын ала белгилүү мамиленин жоктугу. Аудитория силерди окуяга карата алдын ала ойлонуштурулган же объективдүү эмес мамиле кылып жатат, же болбосо окуяга тиешеси бар кимдир-бирѳѳ менен жакындыгыӊар же башка байланышыӊар бар деп эсептейби?
Мындай ой жаратпаш үчүн ѳтѳ этият болушуӊар керек.
Калыстык – таптакыр эле нейтралдуу болуп, эч кандай корутунду чыгарбай койгула дегенди билдирбейт. Мисалы, бирѳѳ «сыртта жаан жаап жатат», ал эми экинчиси «күн чайыттай ачык» деп жатса, экѳѳнүн теӊ пикирин билдирбестен, терезеге жакындап барып, аба ырайынын абалын ѳз кѳзүӊѳр менен кѳрүшүӊѳр керек.
Ооба, жеке жыйынтыктарыӊарды чыгара аласыӊар, бирок муну кандайдыр бир жаӊылыш пикир же жаман ой менен жасабайсыӊар. Жыйынтыктарыӊар болгон далилдерди таразалап чыгууга негизделиши керек. Ошентип, баланска жетебиз.
Калыстык теманы ар кандай кѳз караштар менен ракурстарда карап чыгууга, ошондой эле жаман ойдун болбошуна байланышкан. Баланс – бул баянды тараптардын ар биринин жеке кѳз карашын билдирүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгѳндѳй кылып айтып берүү менен байланыштуу.
Мисалы, жаӊы соода борборун ачуу жѳнүндѳ материал даярдап жатасыӊар. Ошол жердеги майда дүкѳндѳрдүн ээлери жаӊы соода борбору жергиликтүү экономиканы зыянга учуратып, аймакты бузат деп нааразы болууда. Ал эми долбоорду иштеп чыккандар тескерисинче, жергиликтүү экономиканын ѳнүгүшүнѳ салым кошот деп ынандырууда.
Бул жерде силердин милдетиӊер – эки жактын аргументин теӊ угуп, салыштырууга аракет кыласыӊар. Кайсы бир тарапты ырастаган фактылар болсо, алар тууралуу билдиришиӊер керек. Эки жакка теӊ салмактуу карап, кызыгуудасыӊар, алдын ала тескери оюӊар жок. Ошол эле учурда эки тарапка теӊ пикирин билдирүүгѳ мүмкүнчүлүк бересиӊер.
Ошентсе да, эске сактап кала турган маанилүү бир концепция бар. Эгер ой-пикирлер менен далилдердин кѳп бѳлүгү бир тарапты колдоп жатса, бул тууралуу да айтып берүүгѳ тийишсиӊер. Антпесе, жалган ырастоо берип жаткан болосуӊар.
Эгер бирѳѳ эртеӊ кыямат күнү келет десе, элдин кѳбү ага каршы чыкса, балансты камсыздоо максатында гана эки тарапты теӊ бирдей карабайсыӊар.
Дагы бир маанилүү принцип – жооп берүү укугу. Эгер соода борборун куруп жаткан жумушчулар коопсуздук чаралары кѳрүлбѳгѳнүн айтып жатса, курулуш ишканасына мындай айып тагуу боюнча жооп берүү мүмкүнчүлүгүн беришиӊер керек. Алар түшүндүрмѳ берүүдѳн баш тартышы ыктымал, бирок силер баяныӊарда балансты сактоо максатында оюн билдирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгѳ тийишсиӊер.
Ошентип, биз окуяны чагылдыруу жѳнүндѳ айтып жатканбыз. Бирок, бул жерде ар бир тарапка берилген убакыттын балансы жѳнүндѳ эмне айтууга болот?
Биринчиден, силер ар дайым бейтарап болууга тийишсиӊер. Бирок, кеп баланс жѳнүндѳ болгондо, жалпы эле чагылдыруу жѳнүндѳ ойлонуу зарыл. Эгерде эки саясий партия тууралуу материал жазып жатсаӊар, алар карманган саясаты туурасында айтып бере аласыӊар. Бирок, алардын ар биринин баяныӊарда ээлеген орду жана убактысын да эсепке алышыӊар керек. Эгер алардын бирине кѳбүрѳѳк убакыт жана орун бѳлүп, экинчисине андай кылбасаӊар, анда иш-аракетиӊерди баланстуу деп айтууга болбойт.
Дагы бир баланска таасир этүүчү нерсе – кишилердин сѳздѳрү. Тажрыйбалуу конок же маектешиӊер болгон учурда, кайра-кайра эле ошолорду уга бересиӊерби? Мындай болсо, тема боюнча сѳз сүйлѳѳ жана убакытты пайдалануу пропорционалдуу болбой калат. Кѳз караштар менен айтылган сѳздѳрдүн теӊдемин камсыздаганга аракет кылгыла.
Эгер силер видео же фотосүрѳттѳр менен иштесеӊер, визуалдуу таасирлер жѳнүндѳ унутпагыла. Бир эле сүрѳттү кайра-кайра колдоно турган болсоӊор, таасирди ѳзгѳртүп коюшу ыктымал. Бир шаардын эӊ начар деп эсептелген районун улам эле кѳрсѳтѳ берсеӊер, кѳрүүчүлѳрдѳ бүтүндѳй шаар тууралуу ушундай таасир калат. Визуалдык бѳлүк дагы окуяны айтып берет, ошондуктан анын баланстуу болушуна дагы кам кѳргүлѳ.
Андан кийин, силердин форматтарыӊарда баланс барбы? Саясатчылар бир кѳйгѳйдү талкуулап жатканда программаӊарды баарынын айткандары угулгандай кылып ырастап коесуӊарбы? Кимдир-бирѳѳнүн абалы жакшы эмеспи? Эгер ушундай болсо, программанын форматын ѳзгѳрткүлѳ. Мындан тѳмѳкүдѳй суроо жаралат.
Балансты ченейсиӊерби жана муну кантип аткарасыӊар? Биринчиден, силер конкреттүү бир пикирге канча убакыт же мейкиндик бѳлүнгѳнүн баалап чыга аласыӊар. Шайлоо учурунда ар кандай саясий партияларды адилеттүү чагылдырып жатканыбызга ынанууга аракет кылуубуз кадимки эле кѳрүнүш болуп эсептелет. Муну формалдуу же формалдуу эмес түрдѳ аткарса болот.
Дагы бир кѳӊүл бурчу нерсе – интервью бергендерди же катышуучуларды тандоо. Интервью ала турган чѳйрѳӊѳр кененби жана негизги кѳз караштары боюнча баланстуубу?
Ар бир тарапка бирдей чакырык таштайсыӊарбы? Эки саясатчыдан интервью алып жатып, бирѳѳнѳ абдан татаал, экинчисине жѳнѳкѳй суроолорду берсеӊер, анда бул жерде калысмын же теӊ салмактуулукту сактап жатам деп айта аласыӊарбы? Окурмандарды сурамжылоого дагы бир нече суроо кошуп коюш керек. Мунун баары субъективдүү, бирок аудиторияӊар негизги темаларды чагылдырууда баланстуулукту сактап жатканыӊарды сезе алабы?
Бүгүнкү күндѳ ММКларда адилетсиздикке  негизделген программалардын саны ѳтѳ эле арбын. Программалардын алып баруучуларынын жеке кѳз караштары бар жана айрым телевизиондук тармактар мунун кыйла кызыктуу экендигин белгилешет. Бул таптакыр башка талкуу, бирок аудиторияга жардам берген нерсе – жаӊылыктарды калыс берүү эмне экенин, адилетсиздик эмне экенин кѳрсѳтүү.
Газеталарда сѳзсүз автор ѳз пикирин билдирген редакциялык тилке болот. Эгер калыстык менен баланстуулук эмне, ал эми ачык кѳз караштагы шоу эмне экенин түшүнбѳсѳ, аудитория жаӊылыктар чыгарылышына ишенбей калат. Албетте, журналисттердин катарынан же тема боюнча блог алып барып, жеке кѳз карашын билдирип турган атайын кабарчыларыӊар болушу мүмкүн. Бирок алар конкреттүү бир маселени жактабоого тийиш. Окурманыӊар же угуучуӊардын программа же жарыялоонун калыс же калыс эмес экендигин айырмалай албай калгандай абалга түшпѳшү керек.
Кыскасы, баланс жана калыстык абдан жѳнѳкѳй түшүнүктѳр болгону менен, мааниси ѳтѳ жогору. Окуяга карата мамилеӊер түзбү? Ар кандай пикирлерди туура кабыл алып, бардык кѳз караштарды эсепке алуу менен, аларды баланстуу жеткире аласыӊарбы?
Биз идеалдуу дүйнѳдѳ жашабайбыз. Демек, бул жѳнѳкѳй нерсе эмес. Болуп жаткан окуяны объективдүү чагылдырган учурда аудиториянын ишенимине ээ болуп турасыӊар.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу