Жүктөө
Басып чыгаруу

Кыргызстанда шайлоолордун сезону: журналисттер менен ММКлар бул мезгилде кантип иштеши керек

2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда ѳлкѳнүн президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо ѳтѳт. Ошол эле күнү республикадагы башкаруу формасы боюнча референдум болот. Референдумду ѳткѳрүү жѳнүндѳ мыйзамга жакында эле Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду. 

Мындан тышкары, келе жаткан жылдын 1-июнунан кеч эмес мѳѳнѳттүн ичинде VII чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаттарын кайра шайлоону ѳткѳрүү пландалууда.

CABAR.asia медиаюрист Акмат Алагушев менен бирге улуттук мыйзамдар боюнча журналисттер шайлоо процесстерин кантип чагылдыра тургандыгына байланыштуу суроолорго  жоопторду даярдап чыгышты.

Эгер ММК үгүт кампанияларына катыша турган болсо, анда ал эмне кылууга тийиш?

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу ниетин билдирген телерадиоберүү уюмдары, мезгил-мезгили менен чыгуучу басма сѳз редакциялары, интернет-басылмаларынын ээлери шайлоону белгилѳѳ жѳнүндѳ чечим расмий түрдѳ жарыяланган күндѳн тартып 20 календардык күндѳн кеч эмес мѳѳнѳттүн ичинде эфирдик убакыттын, басма сѳз аянтачынын берилиши үчүн тѳлѳмдүн ѳлчѳмү жана башка шарттары тууралуу маалымат жарыялап, ал маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырууга милдеттүү. 

Быйыл жагдай башка – шайлоого жарым жылдан аз эле убакыт бар, ошондо кандай болот?

Шайлоого 2020-жылдын октябрь айында ѳткѳн парламенттик шайлоо үчүн аккредитацияланган бардык ММКлар катыша алса керек.

Шайлоону чагылдырган ММКлар үчүн тыюу салынган иш-аракеттер кайсылар?

Шайлоонун расмий башталышына чейин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгѳ болбойт.

Шайлоого даярдыкты, бул багыттагы БШКнын ишмердүүлүгүн чагылдырууга, ошондой эле талапкерлер тууралуу жалпы маалымат берүүгѳ болот. Бирок үгүт жүргүзүүгѳ, башкача айтканда белгилүү бир талапкер, партия үчүн добуш берүүгѳ чакырууга, алардын шайланышынын натыйжаларын баалоого тыюу салынат. 

Үгүт иштеринин мѳѳнѳтү кандай?

Мѳѳнѳтү акыркы талапкер катталган мезгилге жараша белгиленет. Эреже катары, шайлоо алдындагы үгүт иштери акыркы талапкерди каттоо аяктагандан кийин башталат. 

Үгүт иштери добуш берүү күнүнѳ чейин бир сутка мурун бүтѳт.

Кыргыз Республикасында президенттик шайлоого карата үгүт иштери 15-декабрда  башталат.

Эгер ММК кайсы бир талапкер менен келишим түзсѳ, анда алар шайлоо алдындагы штаб жѳнѳткѳн нерселердин баарын жарыялоого милдеттүүбү?

Бул ММК менен штабдардын ортосундагы жеке макулдашуунун предмети.

Шайлоо процессин чагылдыруу үчүн журналисттерден ѳзүнчѳ аккредитация талап кылынабы?

Бул жаатта журналисттерге карата ѳзгѳчѳ талаптар жок.

Шайлоону чагылдырууну каалаган чет ѳлкѳлүк ММКлар үчүн милдеттүү болгон кандайдыр бир документтердин тизмеси барбы?

Чет ѳлкѳлүк массалык маалымат каражаттарынын кабарчылары шайлоого даярдыктарды жана  анын ѳтүшүн чагылдыруу үчүн ѳтүнмѳнүн негизинде жана Республиканын аймагында чет мамлекеттердин ММКларынын кабарчыларын аккредитациялоо жѳнүндѳ Жобого ылайык КР ТИМ тарабынан берилген аккредитациялоо жѳнүндѳгү күбѳлүктү кѳрсѳтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан ѳтүшѳт.

Материалды даярдоодо журналист кандай маалыматка ээ болууга укуктуу?

ММК жѳнүндѳ мыйзамда жазылган бардык маалыматтарга ээ боло алат.

Шайлоо күнү бир участокто бир эле басылмадан канча журналист иштей алат?

КР мыйзамдарында мындай чектѳѳлѳр каралган эмес. Ар бир ММК шайлоо участогуна ѳзү каалаган сандагы журналистти жибере алат.

Сүрѳткѳ жана видеого тартууда чектѳѳлѳр барбы?

Шайлоо участокторунда фото- жана видеоматериалдарды добуш берүү сырын сактоону эске алуу менен даярдоого болот. Тактап айтканда, добуш берүү үкѳктѳрүн, бюллетендерди ж.б. тартууга болбойт.

Мындан тышкары, коронавирус пандемиясына байланышкан чектѳѳлѳр бар.

Талапкерлер, партиялар жѳнүндѳ социологиялык изилдѳѳлѳрдү кантип туура жарыялаш керек?

Бардык эле социологиялык сурамжылоолор шайлоочуларга кадимки маалымат берүүнүн бир бѳлүгү болуп эсептелет. Бирок аны жарыялоодо ММК сѳзсүз түрдѳ изилдѳѳнү жүргүзгѳн уюмду, кайсы мезгилде жана кайсы аймакта ишке ашырылгандыгын, колдонулган ыкманы жана кандай мүчүлүштүктѳрү бар экенин кѳрсѳтүүгѳ тийиш.  Мындан тышкары, сурамжылоону даярдоого буйрутма берген жактын атын дагы ачыкка чыгарууга тийиш.  

Социологиялык сурамжылоолорду шайлоонун алдындагы 5 календардык күн ичинде жарыялоого болбойт.

Талапкерлерди жаманатты кылган маалыматты жайылтуу үчүн кандай жоопкерчилик каралган?

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳгү кодексинин 46-беренесинде массалык маалымат каражаттарынын шайлоо белгиленген күндѳн  шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күнгѳ чейинки мезгил аралыгында талапкердин, саясий партиянын ар-намысына, абийирине жана беделине шек келтирген маалыматтарды таратуусу үчүн жоопкерчилик каралган.  

Аталган берене боюнча иштер шайлоо комиссиялары тарабынан каралып чыгат. Бирок БШКнын чечимдерин сотто талашууга болот. 

ММКларды аккредитациясынан ажырата алышабы?

Ооба, БШК Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын арызынын негизинде мындай чечим чыгара алат. 

Доонун предмети болуп калбаш үчүн талапкерлер жѳнүндѳ материал кандай болууга тийиш?

Шайлоо учурунда ММКлар берген маалымат негативдүү, позитивдүү жана нейтралдуу болуп үч түргѳ бѳлүнѳт.  

Нейтралдуу маалымат эреже катары эч ким тарабынан талашылбайт. 

Позитивдүү маалымат кимдир-бирѳѳ тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында бузуулар аныкталып чыккан учурда талашылышы мүмкүн.  

Жана, албетте негативдүү маалымат кѳп учурда соттук териштирүүгѳ жол ачат.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу